Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

УКМК Сегизбаев пневмония болуп ооруканага жаткырылганын ырастады


Абдил Сегизбаев. Архивдик сүрөт.
Абдил Сегизбаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы абактагы Абдил Сегизбаев ооруканага мекеменин демилгеси боюнча жаткырылганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы 29-майда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Сегизбаев эки өпкөсүнөн пневмония болуп 24-майда ооруканага жаткырылган жана өзүн начар сезип, эти ысыганда аны медициналык жайга которуу тууралуу чечим кабыл алынган. Сегизбаевдин азыркы абалы тууралуу маалымат айтылган жок.

Анын коронавирус болуп Бишкек шаарынын №6 ооруканасында жатканын “Азаттыкка” жубайы 28-майда билдирген. Абалы оор экенин айткан.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын, алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу экенин Башкы прокуратура 11-февралда кабарлаган.

Сегизбаев мекемени 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG