Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Абактагы Абдил Сегизбаев коронавируска чалдыкканы кабарланды 


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев коронавируска чалдыгып, ооруканага түштү. Бул тууралуу анын жубайы Айнура Сегизбаева «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, Сегизбаев 24-майда Бишкек шаарындагы 6-ооруканага жаткырылган. Жубайынын билдиришинче, анын эки өпкөсү тең кагынган (пневмония). Азыр абалы оор. Атайын кызмат бул маалымат тууралуу азырынча комментарий бере элек.

УКМКнын мурдагы төрагасына карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын, алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу экенин Башкы прокуратура 11-февралда кабарлаган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган.

Мекемени 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.

Камакка алынар алдында ал өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG