Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Лукашенко учак чыры ырбаганда Сочиге барды


Путин менен Лукашенконун буга чейинки жолугушуусу.
Путин менен Лукашенконун буга чейинки жолугушуусу.

Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко менен орус президенти Владимир Путин Сочиде жолугушту. Бул сапар беларус бийлиги "Ryanair" компаниясынын учагын күч менен кондуруп, оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алган учурга туш келди.

Александр Лукашенко Орусияга жыл башынан бери ушуну менен үчүнчү жолу келди. 28-майда Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки өлкөнүн алакасы жана соңку кырдаал боюнча пикир алмашты.

Анын алдында Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Лукашенко Путинге "Ryanair" компаниясынын учагына байланышкан окуя тууралуу айтып берип, Протасевич менен чогуу кармалган орус жараны тууралуу сөз козгошу мүмкүн экенин билдирген. Чынында эле Александр Лукашенко өткөн апта соңундагы окуяга токтолуп, Батыш Беларустагы "кырдаалды козутууга" аракет кылып жатат деп айыптады.

“Мен сизге айрым документтерди көрсөтөм. Эмне болгонун өзүңүз түшүнөсүз. Былтыркы августтагы окуяларга жеткирүү үчүн абалды козутуу аракети болуп жатат. Бизден Батыштагы досторубуз эмнени каалап атканы белгилүү. Талкуулоочу деле эч нерсе жок. Большевиктер багынтпаган чоку калган эмес, биз дагы күчүбүз жетет”.

Лукашенко Батыштагы бир катар өлкөлөр Беларустагы мамлекеттик “Белавиа” компаниясынын учактарына тыюу салганына нааразы болуп, Путинге даттанып да алды.

Ал эми орус президенти болсо эки өлкө ортосундагы экономикалык алака өнүгүп жатканын белгилеп, аны талкууларын билдирди. Ал келген конокко Кара деңизге бир түшүп, аз да болсо эс алууну, анан соңку окуяларды шашпай талкуулоону сунуштады. Лукашенконун Орусияга кезектеги сапары Беларуста күч менен кондурулган учак чыры ырбап турган учурга туш келди.

Өткөн жекшембиде беларус бийлиги ирландиялык "Ryanair" компаниясына таандык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минскиге күчтөп кондуруп, борттогу оппозициячыл журналист Роман Протасевичти сүйлөшкөн кызы, орус жараны София Сапега менен бирге камакка алган.

Роман Протасевич
Роман Протасевич

Минск "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыкты. 26 жаштагы Протасевичке Беларуста жапырт башаламандык уюштурган деген айып тагылууда. Бул кылмыш үчүн ал 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Журналисттин адвокаты Инесса Аленская блогер кармалгандан беш күн өткөн соң гана абактагы Протасевич менен жолугуп чыкты.

Адвокат “Азаттыктын” беларус кызматына “Романдын абалы жакшы, маанайы көтөрүңкү” деп билдирди. Ал камактагы журналист жөнүндө кенен маалымат берген жок.

Соңку окуяга байланыштуу Евробиримдик беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу, өлкөнүн аба мейкиндигинен учууларды чектөө чечимин кабыл алды. 28-майда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Лиссабондогу жыйында Беларуска карата жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүнү талкуулап жатышат. Бул санкциялар беларус бийлигине пайда алып келген мунай, калийдин бирикмелерин өндүрүү тармагына багытталышы мүмкүн.

Еврокомиссиянын тышкы саясат комиссары Жозеп Боррел жыйын алдында беларус бийлигине каршы санкцияларды эртерээк кабыл алуу керектигин журналисттерге айтты:

“Санкциялар боюнча биз эртерээк аракет кылышыбыз керек. Иш башталды, кеңеш чечимди өз убагында кабыл алат. Биз Тышкы иштер министрлеринин июндагы жыйынына Тихановская айымды чакырууну макулдаштык. Ал буга чейин да катышкан, эми да келиши керек”.

Лукашенко баштаган беларус аткаминерлери былтыркы президенттик шайлоодон кийин нааразылык акцияларын күч менен басканы үчүн Батыштын санкцияларына туш болгон.

Мындан сырткары Европа Биримдиги Беларуска 3 миллиард долларлык жардамды өлкө демократиялык нукка түшкөн соң гана берүү жөнүндө документ даярдап жатканы белгилүү болду.

Лукашенко болсо учакты Минскиге кондуруу террордук коркунуч тууралуу түшкөн маалыматка байланыштуу болгонун, операция мыйзамдуу экенин айтууда. Ошондой эле өз дарегине айтылган айыптоолорду "карасанатай күчтөрдүн чабуулу" катары сыпаттап жатат.

Беларустун премьер-министри Роман Головченко Батыштын санкциялары күчөгөн учурда Орусиянын жардамына үмүт артарын белгиледи:

“Акыркыдай достукка жатпаган чаралардын биздин өлкө үчүн экономикалык кесепети болот. Мындай учурда биздин жакынкы өнөктөшүбүз Орусиянын жардамына үмүт кылабыз”.

Беларустун премьер-министри Роман Головченко жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.
Беларустун премьер-министри Роман Головченко жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Чынында эле Кремлдин маалымат катчысы Путин менен Лукашенконун Сочидеги жолугушуусунда экономикалык алакаларга басым жасаларын билдирди. Путин көптөн бери эки өлкөнү бириктирген союздук мамлекеттин келишимин ишке киргизүүнү көздөп келет. Буга чейинки жылдарда Лукашенко ага каршы болуп келсе, соңку саясий кризистен соң Москванын талабына көнбөйбү деп беларус оппозициясы чочулап турат.

Беларуста былтыр августта өткөн президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларда 30 миңден көп адам кармалып, катышуучулар, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукталып жатат.

Роман Протасевичтин окуясынан кийин беларус оппозициясы нааразылык акциясын жандантарын билдирди.

Ал ортодо ушул күндөрү Минскиде КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Ага Кыргызстандан Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов катышып, башка өкмөт башчылар менен бирге Александр Лукашенкого жолукту. Эксперттер кыргыз-беларус мамилесиндеги негизги суроолордун бири Минскиде жашап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевди алып келип, жазага тартуу маселеси козголобу деп кызыгышууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG