Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Беларустун асманы "жабылууда"


Эл аралык авиакомпаниялар Беларустун аба мейкиндигинен учуудан баш тартышууда.
Эл аралык авиакомпаниялар Беларустун аба мейкиндигинен учуудан баш тартышууда.

Европалык авиациялык коопсуздук агенттиги аймактагы авиакомпанияларга Беларустун үстүнөн учпоону сунуштады.

Ага ылайык, бир катар аба каттамдары үзгүлтүккө учурап, Беларустун аба асманында учуулар токтотулду. Буга Минскинин Литвага бараткан учакты аскердик истребитель менен мажбурлап кондуруп, борттогу журналистти күчтөп кармаган окуя себеп болду.

Александар Лукашенко айыптоолорду четке кагып, Беларустун аба мейкиндигинен учуудан, анын учактарын кабыл алуудан баш тартуу чечимдерин карасанатай күчтөрдүн “муунтуусу” деп атады.

Беларустан баш тарткан учактар

Бир катар Air France, Lufthansa, Singapore Airlines, Air Baltic, Finnair, Wizz Air сыяктуу компаниялар учактарына Беларусту айланып өтүү тууралуу көрсөтмө беришти.

Европалык авиациялык коопсуздук агенттиги Беларусту эл аралык жарандык авиациянын эрежелерин бузган деп айыптап, анын аба мейкиндиги аркылуу учууну кооптуу деп тапты.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Минскинин эл аралык укукту "тепселеген" олдоксон аракетине чечкиндүү чаралар көрүлөрүн айтты:

"Бул эл аралык укукту бузган акты чечкиндүү айыптоолорду жаратты. Ошондуктан биз жеке жана экономикалык маанидеги санкцияларды күчөтүп, беларус учактарынын Европанын аэропортторуна конуусуна жана европалык авиакомпанияларга анын үстүнөн учуусуна тыйуу салууну чечтик. Ошондой эле окуяны эл аралык иликтөөнү талап кылабыз".

Чехия "Белавианын" ишмердигин токтотуп, Беларустун үстүнөн өткөн аба каттамдарынын багытын өзгөрттү. Финляндия Минскинин учактарын кабыл алуудан баш тартып, аба мейкиндиги аркылуу учуп өтүүгө да тыйуу салды.

Канада, Жапония жана Улуу Британия сыяктуу бир топ өлкөлөрдүн учактары дагы Беларус аркылуу учпай турган болду.

"Истребитель учакты мажбурлап кондурганы кооптуу"

23-майда ирландиялык Ryanair авиакомпаниясынын Грекиядан Литвага бараткан учагы “бомба бар” деген шылтоо менен Минскиге мажбурлап кондурулган. Буга борттон беларус журналисти Роман Протасевичти кармоо себеп болгон. Лукашенконун буйругу менен "МиГ-29" аскердик учагы абага көтөрүлүп, Беларустан Литвага өтүп калган жүргүнчүлөр учагын артка кайтарып, конууга мажбурлаган..

"Жарандык учакты аскердик истребитель менен мажбурлап кондуруу кооптуу жана эч бир кабыл алынгыс нерсе. Бул мамлекеттик баскынчылык жана Минскинин демократиялык укуктарга кол салуусун көргөзөт. Мен Евробиримдик менен макулдашылган кошумча чараларды көрүүнү колдойм",-деди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Лукашенко айыптоолорду четке какты

Александр Лукашенко 26-майда парламенттеги кайрылуусунда учакты Минскиге кондуруу террордук коркунуч тууралуу түшкөн маалыматка байланыштуу болгонун, мыйзамдуу экенин белгиледи.

Лукашенко буга байланыштуу Минскиге атылган айыптоолорду карасанатай күчтөрдүн чабуулу катары мүнөздөдү:

"Алар башаламандык уюштуруудан эми муунтуу ыкмасына өтүштү. Улам биздин чабал жерлерди издеген алардын аракеттери бир эле бизге багытталган эмес. Биз алар үчүн полигонбуз. Чыгышка багыт алуунун алдында полигон аянтчасында эксперимент жүргүзүп, анан алар андан ары ал жакка барышат".

Ирландиялык Ryanair компаниясынын башкы аткаруучу директору Майкл О'Лири Newstalk радиосундагы маегинде окуяны "мамлекеттин көрсөтмөсү менен учактын багытын күчкө салып буруп кетүү" деп атады.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын эл аралык мамилелер боюнча кеңешчиси Франак Вячорка Минск саясий каршылаштарын жазалоо үчүн күч көргөзүп, эл аралык укукту бузуудан да кайра тартпай калганын айтты:

Биз Лукашенко акылынан азганын билет элек. Бирок ал 26 жаштагы жигитти кармоо үчүн ушунчалыкка чейин жетип, асманга аскердик истребителди көтөрүп, жарандык учакты күч менен кондуруп, эл аралык укуктук ченемдерди бузуп, эл аралык чатакка алып келгенге чейин барат деп эч ким ойлогон эмес. Эми биз анын такыр эле акылдан айнып, террордук ыкмага өтүп калганын түшүндүк. Ошондуктан биз колдон келген аракеттерди жасайбыз”

Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Протасевичтин окуясын жабык талкуулаганы жатканы белгилүү болду.

Бирок дипломаттар орток пикир табылып, чечим кабыл алынбай калынышы мүмкүн экенин, себеби Минскини Москва колдоп жатканын айтышты. Беларус бийлиги менен Орусия учакты кондуруу мыйзам чегинде болгонун айтып, айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG