Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Батыш беларус бийлигин "каракчылыкка" айыптады


Ryanair авиакомпаниясына караштуу учак Вильнюс аэропортуна конду. 23-май, 2021-жыл. 2
Ryanair авиакомпаниясына караштуу учак Вильнюс аэропортуна конду. 23-май, 2021-жыл. 2

Евробиримдиктин лидерлери ирландиялык Ryanair авиакомпаниясынын учагын беларус бийлиги күч менен кондурганына байланыштуу Минскиге каршы чара көрүүгө чакырышты.

Ryanair авиакомпаниясынын учагы Минск аэропортуна 23-майда түштө күчтөп кондурулган. Пилоттордун айтуусуна караганда, учактын ичинде "бомба бардыгы" тууралуу аларга беларус диспетчерлери кабарлап, Минскинин аба майданына чукул конуу тууралуу көрсөтмө берген.

Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары Александр Лукашенко МиГ-29 истребителин жөнөтүп, чет элдик учакты кондурууга буйрук бергенин жазышты.

Лайнер конгондо аны текшергенде эч кандай жардыруучу зат табылган эмес. Жүргүнчүлөрдүн арасында 26 жаштагы оппозициячыл активист, "Nexta" телеграм каналынын негиздөөчүсү Роман Протасевич да болгон.

Аэропорттон беларус бийлиги Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы, Орусиянын жараны София Сапеганы чогуу кармап кетишкен.

Беларуста Nexta телеграм-каналы экстремисттик деп табылып, Протасевичке каршы үч берене менен кылмыш иши козголгон. Эгер журналист күнөөлүү деп табылса 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал өзү учак Минскиге конорун билгенде "аны өлүм жазасы күтүп турганын" айткан.

FR 4978 авиакаттамынын жүргүчүлөрүнүн бири билдиргендей, ал конордун алдында компьютерин, айфонун жанындагы сүйлөшкөн кызына берген.

Оппозициячыл активист, Nexta телеграм-каналынын негиздөөчүсү Роман Протасевич.
Оппозициячыл активист, Nexta телеграм-каналынын негиздөөчүсү Роман Протасевич.

Nexta телеграм-каналы Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган демонстрацияларды былтыр жайдан бери байма-бай чагылдырып келет.

Мындан улам ноябрь айында бийлик Протасевич жана анын кесиптеши Сцяпан Пуцилге каршы "жапырт башаламандык уюштуруу, коомдук тартипти бузуу жана социалдык жек көрүүчүлүктү козутуу" деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Пратасевич өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Журналисттин атасы Дмитрий Протасевич "Азаттыктын" беларус кызматына уулу үчүн тынчсызданып жактанын билдирген.

Протасевич бир катар башка активисттер менен былтыр октябрь айында Сахаров атындагы сыйлыкка дагы ээ болгон.

Эл аралык реакция

Евробиримдиктин бир катар лидерлери окуяны уюштурган беларус бийлигин кескин сынга алышты. Айрымдар авторитардык лидер Александр Лукашенкого каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырышты .

Литванын президенти Гитанас Науседа Беларус бийлигинин журналист Протасевичти камакка алганын "мурда болуп көрбөгөн окуя", "мамлекет колдогон террордук акт" деп мүнөздөдү.

Науседа эгер расмий Минск журналистти бошотпосо "Беларустун аба мейкиндигин жарандык авиация үчүн кооптуу деп таануу жана "Белавианын" учактарына Евробиримдикке жана НАТОго мүчө мамлекеттерге конуу укугунан ажыратуу сыяктуу чаралар" кабыл алынышы мүмкүн экенин эскертти.

Британ парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Том Тугендхат окуяны "учакты күчтөп буруп кетүү жана адамдарды уурдоого байланыштуу аба каракчылыгы" деп сынга алып, Лукашенконун режимине катаал санкциялардын киргизилишин колдоду.

Ирландиялык Ryanair компаниясынын башкы аткаруучу директору Майкл О'Лири Newstalk радиосуна курган маегинде окуяны "мамлекеттин көрсөтмөсү менен учактын багытын күчкө салып буруп кетүү" деп атады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон инцидентти кескин сынга аларын билдирип, Протасевичтин бошотулушун талап кылды.

НАТО окуяны "олуттуу жана кооптуу" деп мүнөздөп, эл аралык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылды.

Латвияга караштуу АirBaltic авиакомпаниясы "кырдаалдын чоо-жайы ачыкталмайынча" Беларустун аба майданына кирбей туруу чечимин кабыл алганын билдирди.

Беларустун жообу

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Анатолий Глаз батыш мамлекеттердин айыптоосун четке кагып, "биздин компетенттүү органдардын аракеттери баардык эл аралык нормаларга шайкеш келеринен күмөн жок", -деп билдирди.

Глаз батышты кырдаалды "негизсиз айыптар аркылуу саясатташтырып" жатат деп айыптады.

Орусия болсо Батышты эки жүздүүлүккө күнөөлөп, 2013-жылы Боливиянын президенти Эво Моралес отурган учак, борттун ичинде АКШнын жараны Эдвард Сноуден бар болушу мүмкүн деген кабардан улам Австрияга бурдурулганын эске салды.

Евробиримдик буга чейин беларус бийлигине каршы санкциялардын үч айлампасын киргизген. Аларга ылайык, бир катар бийлик өкүлдөрүнүн чет жактагы эсептери камакка алынып, виза берүүгө тыюу салынган.

1994-жылдан бери бийликте отурган Александр Лукашенко былтыр августта өткөн шайлоодо утканы жарыяланган. Оппозиция жана бир катар батыш мамлекеттери анын жеңишин тааныган эмес жана кайра шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келишет.

2020-жылдын жайында түмөндөгөн адамдар режимге каршы демонстрацияларга чыгып, алардын отуз миңден көбү кармалып, уруп-токмоктолгон. Журналисттер, оппозициячыл активисттер куугунтукка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG