Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Путин менен Лукашенконун "союзу"


Владимир Путин менен Александр Лукашенко.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко.

Москвада Лукашенко менен Путин жолугуп, эки өлкөнүн союздук мамлекетке биригүү жолунда жылыштар бар экенин баалашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин "Беларуста аскердик төңкөрүш аракети болгонун жана Александр Лукашенконун өмүрүнө кол салуу даярдалганын" жылдык кайрылуусунда да белгилеген.

Андан көп өтпөй эле Владимир Путин беларус президентин Москвада кабыл алды. Андагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби эмнеге байланыштуу экени жана мазмуну ачык жарыяланган эмес.

Бирок Москвада жолуккан Путин менен Лукашенко Орусия менен Беларустун "бир союзга" биригүү жолунда жетишилген жылыштар бар экенин айтышкан.

“Бардык жагынан иш жакшы кетип атат. Биздин өкмөттүк, президенттик линиядагы командалар натыйжалуу иштешүүдө. Көрүнүп тургандай, биздин атайын кызматтардын арасында дагы. Коопсуздукту бекемдөө үчүн аскердик кызматташтык абдан тереңдеди”, – деди Орусиянын президенти Владимир Путин.

Буга чейин бирдиктүү акча бирдигин, жалпы экономикалык кызыкчылыкты жана коопсуздук тутумун түзүү боюнча Орусиянын Беларус менен биргелешкен интеграциялык союзга кошулуу мүдөөсү ишке ашпай келген.

Лукашенко Москвада Путин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин коопсуздукту күчөтүү зарылдыгын билдирди.

"Бул албууттанган дүйнөдө ынтымактуу жана тынч жашоо үчүн бирдиктүү коопсуздук менен коргонууну күчөтүү зарыл".

Александр Лукашенко Беларустун ичинде бир жылдан бери каршылык акциялары токтобой, анын бийлигинин легитимдүүлүгү суроо жаратып турган чакта Москванын колдоосуна муктаж экени белгиленди.

АКШнын Беларустагы элчиси Жули Фишер мындай шартта Минскинин Москвадан көз карандылыгы күчөп, эгемендигинен ажырап калуу коркунучу бар экенин эскертти.

Беларустун Жогорку Кеңешинин 13-чакырылышынын депутаттары 23-апрелде өлкөнүн көз карандысыздыгын жана суверендүүлүгүн сактап калууга үндөп, кайрылуу жасашты.

Кайрылууда эгемен өлкөнүн суверендүүлүгүн жоготууга өбөлгө түзүү мамлекеттик оор кылмыш экени эскертилип, жарандарды буга кылдат көңүл бурууга чакырык болгон.

Орусия Украина менен чектеш аймактагы аскерлерин артка кайтарат

Москва ал арада экинчи коңшусу Украинага жакын аймакта үч жумага созулган аскердик машыгуусун жыйынтыктады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 22-апрелде Крымга учуп барып, машыгууга катышкан аскер аба күчтөрүнө, аскер деңиз флотуна жана жердеги аскерлерге 23-апрелден 1-майга чейин туруктуу жайгашкан бөлүктөрүнө кайтып барууга буйрук берди.

Аннексияланган Крым жарым аралындагы машыгуулардагы орусиялык аскерлердин жүрүштөрү. 20-апрель, 2021-жыл.
Аннексияланган Крым жарым аралындагы машыгуулардагы орусиялык аскерлердин жүрүштөрү. 20-апрель, 2021-жыл.

“Ыкчам күжүрмөн даярдыкты текшерүү тапшырмасы толук аткарылды. Аскер күчтөрү өлкөнү ишенимдүү коргоо жөндөмүн көргөздү. Ошондуктан Түштүк жана Батыш аскер округдарындагы машыгуулар аяктады. Башкы штаб, аскер аба күчтөрүнүн жана аскердик округдардын жетекчилери 23-апрелден баштап аскерлерди туруктуу жайгашкан орундарына кайтарышы керек”, – деди министр Сергей Шойгу.

Москва Орусиянын Батыш жана Түштүк аскер округдарында жүргөн аскердик машыгууларга 10 миңден ашуун аскер, 200 аскер учагы, 60 аскердик кеме жана 1200ден ашуун чопкутталган аскер техникасы тартылганын билдирди.

Ошол эле кезде буга чейин Брюссель украин чек арасына жакын тилкелерде 150 миңден ашуун орус аскери топтолгонун белгилелеген. Анда Европа Биримдиги "чек ара тилкелериндеги аталган аскер күчтөрүнүн санын кескин көбөйтүү менен Орусия Украинага кол салууга даярданып жаткан жокпу?"деген кооптонуусун жарыялаган.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун 22-апрелдеги билдирүүсүнөн кийин ортодогу чыңалуу бир аз жумшарып, НАТО Москванын аскерлерди Украина менен чектеш аймактан артка кайтарышын “маанилүү чечим" деп атады.

Бирок ошол эле кезде Түндүк атлантикалык альянс Украина чыгышындагы мындан аркы кырдаалга байкоо саларын билдирди.

Соңку үч жумадан бери Украинага чектеш Орусиянын Түштүк жана Түштүк-Батыш аймактарында, аннексияланган Крымда орус аскерлеринин машыгуу өткөргөнү эл аралык мамиледе чыңалуу жараткан.

Франция менен Германиянын лидерлери өткөн жумада Орусиядан бул чыңалууну аскердик чатакка жеткирбөө үчүн күч көрсөтүүнү токтотуп, чек ара тилкелерине жакын жайгаштырылган көп сандагы аскерлер менен аскер техникасын чыгарып кетүүгө чакырган.

Кремль буга Орусиянын аскерлерин өзүнүн кайсы гана аймагында болбосун жылдырууга акысы бар экенин, ал кайсы бир тарапка каршы багытталбаганын айтып, ишендиргенге аракет кылган.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын жаңы агрессиясынан чочулап, АКШ менен Европадан ыкчам аскердик жардам күткөн. Бул боюнча өнөктөштөрүнө кайрылууларды да жасады.

Зеленский Украинанын чыгышында жаңы согушту болтурбоо үчүн Владимир Путин менен Донбасстын кайсы чекитинде болбосун жолугууну да сунуштаган.

Зеленский Москванын соңку чечимин кубаттап, орусиялык аскерлерди кыскартууга өбөлгө түзгөн эл аралык коомчулуктун колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Бирок ошол эле кезде айрым аналитиктер Украинанын чек арасында орусиялык аскерлер жакын арада артка кайтпасын жана алардын ыкчам жайгашуу кооптуулугу дагы деле сакталып турганын жазып чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG