Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

АКШ Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт


АКШ. Капитолий.
АКШ. Капитолий.

АКШ Сенатынын Эл аралык иштер боюнча комитети 21-апрелде Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүү планын жактырды. Анын максаты "Киевге Орусиянын баскынчылык саясатына каршы турууга жардам берүү экени" документте көрсөтүлгөн.

Бул планга ылайык, 2026-жылга чейин Украинага жыл сайын 300 млн. доллар өлчөмүндө аскердик жардам көрсөтүлүп турат. Анын жарымы жагдайга жараша бекитилет.

Бул мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн АКШнын Өкүлдөр палатасынан колдоо таап, ага президент Жо Байден кол коюшу керек.

Ошентип, Киев эми Чыгыш Украинадагы жана аннексияланган Крымга жакын чек ара тилкелеринде орусиялык аскер күчтөрүнүн көбөйүшүнө каршы туруу үчүн Батыштан кошумча жардам ала алат.

“Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен чектешкен жерлерде кырдаалды курчутууну улантып жаткандыктан, биз украин элинин кызыкчылыгын жана улуттук коопсуздугун коргоону бир дем менен колдоорубузду тастыктайбыз”,-деди бул мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда сенатор Боб.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG