Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Навальныйды колдоп чыккан миңден ашуун адам кармалды


Санкт-Петербургда Алексей Навальныйды колдоп акцияга чыккан кызды полициячылар кармап баратышат. 21-апрель, 2021-жыл.
Санкт-Петербургда Алексей Навальныйды колдоп акцияга чыккан кызды полициячылар кармап баратышат. 21-апрель, 2021-жыл.

21-апрелде Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында, ошондой эле чет өлкөлөрдө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өттү. Полиция жүздөгөн адамды кармап кетти.

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун соңку статистикасына ылайык, акция Орусиянын 60тан ашуун шаарында өттү, анда 1200дөй адам кармалды.

Акциялар башталганга чейин эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, «Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун» юристи Любовь Соболду полиция кармап кеткен. Алардын кармалган себеби ачык айтылган эмес. Кечке маал Ярмыш элди мыйзамсыз митингге үндөгөнү үчүн он суткага камалганы, ал эми Соболь бошотулганы маалым болду.

Москвада жүздөгөн демонстранттар Трубная аянтына чогулушту. Алардын арасында рэп ырчылары Влади, Face жана Oxxxymiron да жүрүштү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Москвада уруксат берилбеген акцияга 6 миңдей ал эми Санкт-Петербургда 4,5 миң адам чыкты. Көз карандысыз байкоочулардын эсебинде демонстранттардын саны андан көп болду.

Андан тышкары акциялар Париж, Тель-Авив, Лондон жана башка чет жактагы шаарларда да өттү. Лондондогу демонстранттарга Орусиянын мурдагы коопсуздук агенти, уулантып өлтүрүлгөн Александр Литвиненконун жесири да кошулду.

«Бүгүн абдан маанилүү күн. Анткени бир гана Лондондо эмес, Орусиянын бардык шаарларында көптөгөн жарандар Алексей Навальныйдын бошотулушун жана ага медициналык жардам көрсөтүлүшүн талап кылып чыгышты. Орусиядагы бардык саясий туткундар бошотулушу зарыл»​.

Лондондо Навальныйды колдоо акциясына чыккандар.
Лондондо Навальныйды колдоо акциясына чыккандар.

44 жаштагы оппозициячыл саясатчыны 2-февралда Москва соту «Ив Роше» ишине байланыштуу шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кескен. Навальный өзү ишенген дарыгерлерди абакка киргизүүнү талап кылып, үч аптадан бери ачкачылык кармап жатат. Жабык жайдын жетекчилиги 19-апрелде аны ооруканасы бар абакка которгон.

Путиндин кайрылуусу

Кремлдин келишкис сынчысын бошотуу талабы менен демонстрациялар башталган маалда Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйын менен Мамлекеттик Думанын кошмо жыйынында 17чи жылдык кайрылуусун жасады.

Анын бул кайрылуусу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы саясатка байланыштуу кризистик кырдаал курчуган учурга туш келди. Путин бул жолу негизинен ички маселелерге басым жасады. Ал социалдык төлөмдөр, айлыктын жогорулашы тууралуу кеп козгоду.

Тышкы саясатка токтолгон Путин "Батыш мамлекеттери Орусияны болор-болбос темага да кошо беришерин" айтып, муну «чоң спортко» салыштырды. Ал кандай санкциялар кабыл алынса да, Москва куду ошондой жооп кайтара турганын кошумчалады.

«Биздин коопсуздугубузга коркунуч келтирүүнү максат кылган чагымчылар буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу өкүнүп каларын эскерте кетмекчимин», - деди Путин.

Бир күн мурда АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан Вашингтонго кеңешүү үчүн барарын билдирген. Андан бир нече күн мурда Кошмо Штатары Орусияга 2016-жылкы жана 2020-жылкы шайлоолоруна ыктымал кийлигишүүсү жана киберчабуулдарынан улам жаңы санкциялардын айлампасын киргизген.

Орусия ошондой эле соңку айда Украина менен чек арасына жакын жерде жана 2014-жылы аннексиялап алган Крымда аскерлеринин санын көбөйттү.

Дээрлик жети жылдан бери Москва Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскердик, экономикалык жана саясий колдоо көрсөтүп келет. Ал эми айрым аймактарда украин өкмөтүнүн аскерлери менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда ушул күнгө чейин кагылышуулар токтой элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG