Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Европа кеңеши Навальныйды бошотуууну талап кылат


Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын президенти Рик демс менен Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин Москвада жолугушту. 15-март, 2021-жыл.
Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын президенти Рик демс менен Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин Москвада жолугушту. 15-март, 2021-жыл.

Европа Кеңешинде Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу талабы айтылган резолюциянын долбоору даярдалды. Бул документ эми Европа парламенттинде 22-апрелде добуш берүүгө коюлат.

Ал күнү Страсбургда Навальныйдын камалышынан улам кезексиз парламенттик дебаттар уюштурулат. Бул тууралуу "Deutsche Welle" кабарлады.

Навальныйды абактан бошотууну талап кылган резолюцияны дебаттардын негизги баяндамачысы, “Либералдар менен демократтар Европа үчүн альянсынынн” өкүлү, француз депутаты Жак Мэр даярдаган. Анда Европа парламенттинин депутаттары Орусияны кандай гана болбосун Навальныйды боштондукка чыгарууга чакырат.

Навальный 19-апрелде абактан ооруканага которулган. Анын алдында абактагы дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы оорлоп, анын жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтып чыгышкан.

Навальный февраль айынын башынан бери Покров шаарында абакта отурган. Сот аны сегиз жыл мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Навальныйды коргоо штабы өткөн жекшембиде 21-апрелден тартып анын боштондугун талап кылган каршылык акциялары башталарын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG