Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Бишкекте Алексей Навальныйды колдогон пикет болду


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Жарандык активист Умай Арыкова орусиялык оппозиционер, камактагы саясатчы Алексей Навальныйды эркиндикке чыгарууну талап кылып, Бишкекте пикетке чыкты.

Ал 21-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында "Навальныйга боштондук!" деп жазылган плакатты көтөрүп турду.

Умай Арыкова
Умай Арыкова

"Бул кадамым, биринчиден, Навальныйга тилектештик билдирүү. Анткени, коомчулуктун көз алдында ага жасалып жаткан ташбоор мамилеге жөн гана карап турганга болбойт. Орус саясатчысынын окуясы бизге тиешеси жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок биздин саясатчылар орус бийлигинин мыйзамдарын, кадамдарын көчүргөнгө маш эмеспи. Алексей Навальный кабылган кыйноого убагы келип биздин өлкөдөгү активисттер да кабылышын каалабайм", - деди Арыкова.

Ал элчиликтен эч ким чыкпаганын, бирок кыргыз милиционерлери келип, анын тек-жайын сурап, маалымат алганга аракет жасашканын кошумчалады.

Орусия президенти Владимир Путиндин сынчысы Алексей Навальный азыр Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында отурат. Ал 31-мартта ачкачылык жарыялаган. Дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы начарлап кеткенин, тез арада чара көрүлбөсө өмүрү коркунучта экенин билдиришкен.

Эл аралык коомчулук жана Орусиядагы 70тен ашуун кайрымдуулук уюму анын жагдайына тынчсыздануу билдиришти. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG