Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

АКШ: Сот полиция кызматкери Шовинди Жорж Флойддун өлүмүнө айыптуу деп тапты


АКШдагы нааразылык акциясы.
АКШдагы нааразылык акциясы.

Миннесота штатындагы Миннеаполис соту 45 жаштагы Дерек Шовинди афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө айыптуу деп тапты. Эми бул чечимдин негизинде сот өкүмү чыкса, анда ал 40 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Былтыр 25-майда көчөдөгү адамдар полициянын аракеттерин тасмага тартып алып, ал видео кадрлар алгач тергөөдө, эми сотто негизги далил катары колдонулду. Сот арачыларынын полиция кызматкерин айыптоо чечими 20-апрелде чыгып, аны жарыялоо бир нече мүнөткө созулду. Дерек Шовин сот залында камакка алынды.

Эми Дерек Шовинге сот арачылары чыгарган чечимдин негизинде эки айдан соң сот өкүмү чыгарылат.

Айыптоочулар менен адвокаттар үч жумадан бери сотто Жорж Флойддун өлүмүнүн себептери боюнча сот арачыларына өздөрүнүн далил-жүйөлөрүн келтиришдө.

Негизги далил катары прокурорлор Шовин Жорж Флойдду тизеси менен ныгыра басып турганда анын деми чыкпай калган абалын көрсөткөн тасманы колдонушту.

Сотко эксперт катары чакыртылган дарыгерлер Флойд муунтуудан улам өлгөн деген медициналык корутундусун тастыкташты.

Шовиндин адвокаты Эрик Нельсон Флойд жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн жана кан анализинен маңзаты табылган деген жүйөлөрдү келтирди. Адвокат полиция кызматкери мыйзамдын чегинде аракеттенгенин, Флойд аны кармоо учурунда катуу каршылык көрсөткөнүн айтты.

Былтыр Жорж Флойддун өлүмү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө расалык теңсиздикке каршы ири нааразылык чараларына себеп болгон. Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Тополоңдон улам АКШнын 40ка жакын шаарында убактылуу коменданттык саат киргизилген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG