Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Орусияда Навальныйды колдоп чыккандарды кармоо жүрүп жатат


Навальныйды колдоо акциялардагы полиция кызматкерлери.
Навальныйды колдоо акциялардагы полиция кызматкерлери.

Орусиянын шаарларында 21-апрелде үч жумадан бери абакта ачкачылык кармап отурган оппозициялык лидер Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган иш-чаралар уюштурулду. Полиция бул митингдердин алдында жарандык активисттер менен журналисттерди кармап, алардын үйлөрүндө жана кеңселерде тинтүүлөрдү жүргүздү.

Нижний Новгород шаарында академик Ефим Хазанов, Москвада саясатчы Владимир Рыжков кармалганын "Свобода" радиосунун кабарчылары билдиришти.

Ыраакы Чыгышта нааразылык акциясы Петропавловск-Камчатскийде өттү. Ага кыркка чукул жаран катышты. Иш-чаранын жүрүшүнө байкоо салып, полиция кызматкерлери келишип, бирок иш-чара тынч өтүп, акциянын катышуучуларынын арасынан эч ким кармалган эмес.

Магаданда Навальныйды колдогон акциянын катышуучуларын жергиликтүү полиция кууп таратты. Сегиз адам кармалганы кабарланды.

Навальныйды бошотууну талап кылган акциялар Хабаровск менен Түштүк Сахалинде да өткөрүлдү. Владивостокто жергиликтүү тургундар жалгыздап пикетке чыгышты.

Бул тууралуу билдирген "Сибир Реалии" медиасы акцияга катышкандардын саны жүздүн айланасында деп баалады.

Навальныйдын тарапташтары абакта 31-марттан бери ачкачылык кармап отурган саясатчыны колдоо боюнча 21-апрелде бүткүл орусиялык каршылык акциясын өткөрүү планын жарыялаган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы жапырт башаламандыктар боюнча кылмыш иштери козголорун эскертип, жарандарды мындай макулдашылбаган саясий акцияларга катышуудан карманууга чакырган.

Дал ушул окуялар маалында Орусиянын президенти Путин Мамлекеттик Думада элге кайрылды. Ал өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы башкы маселелерди белгилеп, багыттарды атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG