Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Путин президенттик мөөнөтүн дагы узартты


Борис Ельцин менен  Владимир Путин, 1999-жыл.
Борис Ельцин менен  Владимир Путин, 1999-жыл.

Орусияда Владимир Путин дагы эки президенттик мөөнөткө жол ачкан мыйзамга кол койду.

5-апрелде күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Орусияда эки мөөнөт президент болгон жаран мындан ары кайрадан ал кызматка шайлана албайт.

Ошол эле кезде былтыр жайында Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Путиндин мурунку президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, бул чектөө ага тиешелүү болбойт.

69 жашка таяп калган Владимир Путин президенттик кызматты мурунку президент Борис Ельцинден 1999-жылы мурастап калган. Алгач 2000-жылдан 2008-жылга чейин катары менен эки ирет Орусиянын президенти болуп шайланган. 2008-жылдан 2012-жылга чейин Орусиянын премьер-министри болуп турган. 2012-жылы президенттик кызматка кайрадан шайланган. Ал жолкусунда Орусияда президенттик мөөнөт алты жылдык болуп узартылган. 2018-жылы Путин кайрадан президент болуп шайланган. Анын мөөнөтү 2024-жылы аяктайт.

Былтыр январда Путин Баш мыйзамын өзгөртүү тууралуу демилге көтөрүп чыккан. Жалпы элдик добуш берүү алгач 22-апрелге белгиленип, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жылып, 25-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 65 пайызы катышып, алардын дээрлик 78 пайызы Путиндин конституциялык түзөтүүлөрүн колдогонун жарыялаган.

Ошентип Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр, эми күчүнө кирген мыйзам ага дагы эки ирет, тагыраагы 12 жыл бою - 2036-жылга чейин бийликте калуусуна шарт түздү.

Ал маалда Путин орусиялыктар колдосо, кийин да президенттикке талапкерлигин коюну ойлонуп көрөрүн кыйыткан.

«Өзүм үчүн эч кандай чечим кабыл ала элекмин. Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөр кирсе, талапкерлигимди коюшум мүмкүн. Убагы келгенде көрөбүз», - деген ал.

Падышалык Орусиянын тарыхын эсепке албаганда Путин азыр өлкөнү 30 жыл башкарган Иосиф Сталинден кийинки эле сапта.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду «бийликти узурпациялоонун башаты» деген оппозиция анда добуштар мурда болуп көрбөгөндөй бурмаланганын айтып, добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбоого үндөп чыккан.

Москвада борбордук көчөлөргө миңдеген адамдар «Путин кет!», «Путинсиз Орусия», «Путин түбөлүк болбосун!» деп кыйкырып, жөө жүрүшкө чыгышкан. Ал эми Санкт-Петербургда Путиндин конституциялык өзгөртүүлөрүнө каршы миңдеген адамдар чогулуп, кол коюп берүүгө кезек күткөндөр эки чакырымга чейин созулган. Жыйынтыгында акциялардын катышуучуларына аёосуз күч колдонулуп, камакка алынышкан.

Саясат таануучу Наталья Шавшукова муну «мамлекеттик төңкөрүш» деп ачык айтып чыккан.

Наталья Шавшукова
Наталья Шавшукова

«Анткени, бийликтин алмашуу принциби өзгөрүп жатат. Бизде президенттин мүмкүнчүлүктөрү эч чектелбегени аз келгенсип, ал эми алмаштыргыс. Бийликти эл көзөмөлдөшү керек деген башкы принцип бузулуп жатат. Орусиянын аймагында элдин эгемендиги жокко чыгарылып жатат. Так айтканда, бул - элдин бетине түкүрүү. Конституциянын башкы милдети – «макоодон» сактоо. Бул укуктук түзүлүштүн башы милдети - бийликте көпкө отурган адам өз билгенин жасай бербешине жол бербөө. Азыр абал кандай? Биринчиден, парламент бул адамды көзөмөлдөй албайт, парламент өзү колдогу оюнчук, экинчиден, аны сот да башкара албайт. Аны эсине келтирүүчү бир гана жол бар болчу. Анын мөөнөтү бүткөндөн кийин башкага алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Азыр бизден бул мүмкүнчүлүктү алып койгону жатышат. Бардык жасалып жаткан иштер республикада эмес, монархияда болуп жаткандай», - деген Шавшукова «Настоящее время» телеканалына.

Жаңы Конституция Путиндин 2024-жылдан кийин да эки жолу президенттикке шайланууга жол ачуудан тышкары президенттик ыйгарым укуктарын да кыйла кеңейткен. Бардык бийлик бутактарына – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине таасирин күчөгөн.

Коомдук пикирди изилдеген «Левада» борборунун сурамжылоолору орусиялыктардын 48 пайызы 2024-жылы Путиндин мөөнөтү бүткөндөн кийин деле анын бийликте калышын колдошоорун, ал эми 41 пайызы ага каршы экенин көрсөтөт.

18 жаштан 40 жашка чейинки курактагы адамдардын басымдуу көпчүлүгү Путиндин бешинчи мөөнөткө президентикке калышына каршылыгын өлкөдө бийлик алмашуу системасын камсыздоо зарылдыгы, 20 жылдан бери бийлик бир адамдын колунда турганы, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөр жана Путиндин 70 жашка таяп калганы менен түшүндүрүшкөн.

"2024-жылдан кийин Путин президенттикке талапкерлигин көрсөтсө эмне кыласыз?" деген суроого каршылардын 53 пайызы «башка талапкерге артыкчылык берем» деп жооп берсе, 30 пайызы шайлоого катышпай коёрун билдирген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG