Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:19

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-март - 2-апрель).

The Washington Post гезитине Орусиядагы саясий кырдаалга байланыштуу аналитикалык макалалар жарыяланды. Алардын бири "Орусиялыктар каршы чыгышууда. Эмнеге?" деп аталат. Monkey Cage деп аталган топтун демилгеси менен АКШда Орусиядагы акыркы саясий кырдаал талкууланган. Орусияны 99 шаарында бир учурда он миңдеген кишилердин көчөгө чыгуусун эксперттер ар кыл жорушууда. Маселен, Түндүк Каролина университетинин саясат таануучусу Грэйм Робертсон: "Чоң шаарларда элдин бийликке тиш кайроосу азыркы Орусия башындагыларга сыноо болот. Путин мындай учурда алсыз", - деп, жемкорлукка каршы чыккан эл азыр Владимир Путинди улут символу катары кабылдабай коюшу ыктымал экенин айткан. Ал эми Висконсин университетинин социологу Теодор Гербер ушундай абал курчуган маалда бийликтин моюн толгоосу дагы миңдеген кишилерди көчөгө чыгарат деген пикирде. Гербер: "Эгер бийлик азыр агрессивдүү куугунтукка өтсө аягы трагедияга айланышы ыктымал. Бирок Дмитрий Медведевди кызматтан алып салуу менен Путин элдин жаалдануусун токтотуп койо алат", - деген. Индиана университетинин окумуштуусу Регина Смат болсо азыркыдай кырдаал Путиндин кийинки шайлоодогу жеңилүүсүн шарттайт деп ойлойт.

Эрдогандын опузасы

Time журналы Режеп Тайып Эрдоган менен Европа Биримдигинин ортосундагы курчуган абалга сереп салган. Акыркы учурда түрк өлкө башчысы референдум алдындагы жыйындарына тоскоол болгону үчүн немистер менен нидерланддарды "нацисттер", "фашисттер" деп атап жиберди. Европада азыр эки миллиондон ашуун түрк жашайт. Алар 16-апрелде болчу референдумда добуш беришет. Австрия менен Швеция да түрк бийлигинин референдумду колдоого чакырган жыйындарын өлкөдө тыйып, Эрдогандын ачуусун кайнатты. Азырынча Европа лидерлери Эрдогандын жаалдануусуна жооп кайтара элек. Бирок өлкөнү ашыкча диктаторлук менен башкарып жаткан Эрдоган 2016-жылдын июлунан бери 40 миңден ашуун кишини камакка алуусу, дүйнө лидерлеринин ичинен журналисттерди эң көп сотко берүүсү Түркияны Европа Биримдигинен улам алыстатып жаткандай. Ондогон жылдардан бери талап кылынган жаңыланууларды аткарбагандыктан Түркия Евробиримдикке кошула албай келет. Акыркы тирешүүлөр биримдикке кошулууга бөгөт болушу ыктымал дейт Time басылмасы.

Дүйнөнүн эң коркунучтуу шаарлары

Түштүк Америка дүйнөдөгү баңгизаттын эң чоң базары гана эмес, адам өлтүрүүнүн саны эң көп катталган кооптуу шаарлардын чордону да ушул аймак экенин Economist басылмасы маалымдады. 2016-жылдагы эң кооптуу шаар деп Эль-Сальвадор калаасы табылды. Анда 100 миң кишинин 137си киши колдуу болуп ажал табат. Андан кийинки орунда Акапулько, Мехико жана Гондурас бар. Дүйнөдөгү кокаинди эң көп колдонгон Бразилиянын Сан Паоло, Мараба сыяктуу шаарлары да тизме башында. АКШдагы эң кооптуу шаар деп Жаңы Орлеандагы Детройт жана Балтимордогу Сент Луис табылган. Бул шаарларда ар бир 100 миң тургундун бешөө киши колдуу болуп жан берет. Ал эми мурда опурталдуу аймак болгон Түштүк Африкада кылмыштуулук акыркы жылдары беш пайызга азайганы аныкталды дейт The Economist. Тизмеге Евразия чөлкөмү кирген эмес.

Селфи өнөрү Рембрандттан калган

Лондондогу Саатчи музейинде заманбап селфилердин көргөзмөсү ачылды. Рембрандт, Ван Гог жана Фрида Кахло сыяктуу дүйнөгө белгилүү кыл калемчилер да автопортреттерин тартышканын, селфи өнөрү 16-кылымдан тарта эле башталганын The Guardian гезити жазды. Галереядагы селфилер телефондун экранынан көрүнгөндөй өлчөмдө майда портрет катары коюлуп, көрүүчүлөр мыкты деп эсептегенине добуш бере алышат. Буга кошумча Колумбия сүрөтчүсү Хуан Пабло Эчеверри тарткан 50 кишинин паспорт сүрөтү да көргөзмөдөн орун алды. Көргөзмөнүн башкы максаты, азыркы тапта смартфонго тартып жаткан селфилердин тарыхы өтө байыркы экенин көрсөтүү. 1920-жылдардагы да айрым өзүн-өзү сүрөткө тарткандардын эмгектери да коюлду. Уюштуруучулар селфи тартууну жөн эле көңүл ачуу катары эмес, искусствого кошуу керек деген идеяны алып чыгып, дүйнө эми селфи өнөрү менен олуттуу эсептешүүгө тийиш дешүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG