Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Бакшы Путинди кетириш үчүн жолго чыкты


Якутиялык бакшы Александр Габышев.
Якутиялык бакшы Александр Габышев.

Якутиялык бакшы Александр Габышев «Путинди бийликтен кетирүү үчүн» Москвага жөө-жалаңдап сапар тартты.

51 жаштагы Александр Якутск шаарынан Москваны көздөй беш ай мурда чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокермин» деп эсептейт. 2021-жылы Москвага жетип, дубанын күчү менен Владимир Путинди тактан түшүрүүнү ниет кылууда.

«Кудайдын буйругу менен баратам. Орусиядагы балээни кубалап чыгышым керек. Мен үчүн эң башкы эл безер - бул Путин», - деди якутиялык бакшы.

«Якутия 14» деген жасалма номуру бар кол арабасына чакан боз үйүн, мешин жана башка оокаттарын жүктөп алып, күнүнө 20 чакырым жол баскан жолоочуну федералдык трассалардын боюнан көрүүгө болот.

Узак сапарда улам бир адам менен таанышып, баарлашкан бакшынын үгүт видеолору Интернетте тез эле тарап кетти.

Якут бакшы менен сүрөт, видеого түшүүгө куштар болуп, анын жолун тосуп чыккандар да пайда болду. Социалдык тармактарда жылдызга айланган Александрды жолдон таанып токтогондор азык-түлүк, акча жагынан каралашып жатат.

«Якутскиден мартта 3 миң рубль менен чыккам. Бизде кыш, 40 градус суук болчу. Кышкы боз үйдө уктачумун. Эл жардам берип жатты. Ошондуктан, ушунча жолду басып өттүм. Башында эл берген акчадан баш тартып жаткам. Албай койсом таарынгандар болду, анан ала баштадым. Кээде ошол акчаны мейманканага төлөйм. Эл жардам берип жаткандан кийин жолду улантыш керек».

Бакшы менен сүрөткө түшкөндөр. Чита.
Бакшы менен сүрөткө түшкөндөр. Чита.

Жолдо кездешкендердин арасында Александрдын саясий көз караштарын колдоп, Москвага аймактардагы көйгөйлөрдү айта барышын өтүнүп, алдыга сүрөгөндөр да бар.

«Теңирден тапшырма алдым» деген бакшынын зыяратына таң бергендер Путиндин жактоочуларынын арасынан да чыгууда. Александр бул сапарынын максатын төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Демократия коркунучсуз болушу керек. Азыр адамдар сүйлөгөндөн коркот. «Иштен алат, айлык бербей коёт» дешет. Бизде мамлекеттик бийликтин чеги жок. Эл депрессияга батып турат. Бакшы кадимки депрессияны жөн эле айыктыра алат, бирок бүтүндөй өлкөнү андай абалдан алып чыгып, коркунуч иллюзиясын бузуш үчүн сыйкырчы керек. Саясатчынын бул жакта кереги жок. Путин Түндүк Кореяда, Сирияда жана башка жактарда диктатордук бийликтин күчүндө болушун жактайт. Европада, АКШда мамлекеттик бийлик элдин бийлиги менен тең салмакта кармалып турат. Трамп Америкада бул тең салмактуулукту бузгусу келет. Эл менен мамлекеттик бийликтин ортосунда теңдик болушу керек».

Якутиялык бакшы.
Якутиялык бакшы.

Якутиялык бакшы Москвага жеткиче улам бир шаардын тургундары менен жолугуп, элдик жыйындарды уюштура берүүнү чечкен.

Ал «Путинсиз Орусияда» борбордук бийлик таркатылып, ар бир аймак өз алдынча өнүгүшү керек деген пикирде.

«Жергиликтүү башкаруу – бул башкы өзөк. Элди жергиликтүү башкаруу менен гана күчтөндүрүүгө болот. Биз 90-жылы ошого бет алганбыз, эгемендик алганбыз», - дейт кесиби боюнча тарыхчы бакшы. – Эмне себептен күч менен кармаш керек? Ким кааласа, бөлүнүп кетсин. Эгерде Орусия эркин, өнүккөн өлкө болсо, тескерисинче, баары биригүүгө кызыгат. Бөлүнүүдөн эмнеге коркушубуз керек? Эшикте XXI кылым. Эч ким империя курган жок. Бир гана биздин аткаминерлер баарын мыкчып турат. Ким кайда бармак эле? Баары бирге болуп, соодалашып, кызматташып, бири-бирибизди сүйө беребиз».

«Путинди руханий зыяраты, жолдогу дуба, үгүттөрү менен бийликтен кетирем» деген бакшы тилеги ишке ашып калса, баары жакшы нукка өзгөрөт деп ишенет.

«Мен үчүн Путиндин бийликтен кеткени чоң жеңиш. Башкысы, жинди жеңүү керек. Адамдар өздөрү чечип алат. Сечин менен Медведевден кыйындар, акылдуулар табылат. Башка партиялар баш көтөрө баштайт. Жириновский, Зюганов, Навальный боло берсин. Бийликке барсын, эл өзү тандап алат», - деди якутиялык бакшы Александр Габышев.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG