Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Путин Грузияга санкция киргизүүнү колдобойт


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орус президенти Грузияга каршы санкция киргизүү боюнча демилгени колдогон жок.

Мунун алдында Мамлекеттик Дума өкмөткө Тбилисиден суу, арак-шарап алып келүүгө, акча которууга тыюу салуу, туристтерди ал жакка жөнөтпөө өңдүү чараларды көрүүнү тапшырган. Буга грузин журналистинин эфирден Путинди сөгүп салганы себеп болгон.

Владимир Путин 9-июлда Санкт-Петербург шаарында жүргөндө Мамлекеттик Думанын Тбилисини «жазалоо» боюнча сунушу тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал өзүн сөккөн журналистти «оозуна алы жетпеген бирөө катары» сыпаттады. Анын айынан эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышка көлөкө түшүрчү чараларды колдонууну колдобой турганын айтты:

«Грузияда орустарга, Орусияга каршы маанайды эч нерсени билбеген же билип туруп билмексен болгон адамдар эле күчөтүп жатат. Алар акыр-аягында Грузияга жана грузин элине орду толгус кесепетин тийгизет. Мунун баары ошондон келип чыгат. Сөгүнүп-сагынуу деле ошонун кесепети. Буга чынында эле олуттуу, терең көңүл буруу керек. Ал эми айрым бир бузукулардын кылык-жоругуна маани бербөө керек».

Мунун алдында Мамлекеттик Думада Путинди сөккөн грузин журналистинин айынан кызуу талаш-тартыш болгон. Орус парламентинин вице-спикери Петр Толстой Грузияны мындан ары «акылына келе тургандай кылып жазалоо керек» деп чыккан:

«Биз ошол адамдарга Орусияга карата мындай «ак сарай оюндарын» колдонууга болбой турганын, мунун оңбогондой кесепети тиерин так кесе билдиришибиз керек. Балким алар ушундай чаралардан кийин гана акылына келишер. Биз маселе журналистте, же телеканалда, ошол эле «галстук жегич» Саакашвилиде эмес экенин түшүнүп турабыз да. Кептин баары ушуга жол берген кырдаалда болуп жатат».

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин болсо Тбилисиге каршы экономикалык санкцияларды киргизүү сунушун негиздеп жатып, грузин президентин да сындап өткөн:

«Өкмөткө Грузиядан бул жакка суу, шарап алып келүүгө тыюу салуу боюнча демилге менен президентке кайрылууну тапшырдык. Биз Орусиянын аймагынан Грузияга акча которууга да тыюу салуу туура болот деп эсептейбиз. Орусияга каршы маанай күчөп турганда биздин жарандарды ал жакка жөнөтпөшүбүз керек. Тбилисиде православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын жыйыны үзгүлтүккө учурагандан кийин грузин президенти «Орусия - агрессор, орусиялыктар - баскынчылар» деп айтып чыкты. Ал бул тууралуу өзүнүн «Твиттеринде» жазды. Анткени башкача кылгандан уялса керек. Мындайга жол бербеш керек».

7-июлда Грузияда оппозициячыл «Рустави-2» телеканалында журналист Георгий Габуния өзүнүн автордук берүүсүндө орус тилинде Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылган жана анда «оозго алгыс жаман сөздөрдү» колдонгон.

Мунун айынан айрым жарандар нааразылык акциясына чыгып, журналисттин жана телеканалдын директорунун кызматтан кетишин талап кылышкан. «Рустави-2нин» жетекчилери Габунияны эки айга иштен четтеткен.

Грузиянын президенти Саломе Зурашвили журналисттин билдирүүсүн кескин айыптаган жана Москваны анын айынан алака-катышты бузбоого чакырган:

Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

«Мен орус бийлигин чагымга алдырбоого чакырам. Кайсы бир радикалдык күчтөргө жана алардын бузуку, арам максатына көңүл буруу акылга сыйбагандай эле жорук болмок».

8-июлдан тартып Орусияда Грузия менен аба каттамын токтотуу тууралуу жардык күчүнө кирди. Тбилисидеги Орусияга каршы нааразылык акцияларына байланыштуу президент Владимир Путин орус учактарына Грузияга учууга тыюу салган. Өлкөнүн Транспорт министрлиги грузин учактары да Орусияга кондурулбай турганын билдирген.

Тбилисиде 20-июндан бери Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан нааразылык акциялары өтүп жатат.

Депутат Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылганы барган. Оппозиция өкүлдөрү Гавриловдун парламентте спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданып, муну Грузияны сыйлабастык катары баалап жатышат. Бул окуядан кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG