Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Путин бийликке каккан мыктай бекиди


Алтымыштан ашкан Владимир Путинди ден соолугу мыкты
Алтымыштан ашкан Владимир Путинди ден соолугу мыкты

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-февраль).

Франциянын "Les Echos" гезити Орусияда жакын арада президент алмашпай турганын баяндайт.

2018-жылдын март айында шайланган Владимир Путин 2024-жылы президенттикке кайрадан талапкерлигин коё албайт. Өлкөнүн экономикасы алсырап, социалдык чыңалуу күчөп, Путиндин аброю улам төмөндөп жатат. Анткен менен анын командасы кийинки мөөнөткө калуу үчүн азыртадан эле кам көрүүдө. 19 жылдан бери бийликти чеңгелдеп, жашы алтымыштан оогон Путинден эч ким "Качан пенсияга кетесиз?" деп батынып сурай албайт. Кремлде Путинден кийинки доор таптакыр оозго алынбайт. Президенттик администрацияда "Путинден кийин Путин гана бийликте турушу керек", - дешет.

Азыр ал Орусияда гана эмес, постсоветтик өлкөлөрдүн да башында тургандай. Орусия-Беларус биримдигин жетектеп, Кремл менен Минскти башкаруу ниетинде. Ошентсе да социалдык чыңалуулар, экономикалык туруксуздук Путиндин бийлигине сокку болушу ыктымал экенин божомолдойт журналист Бенжамин Кенелле.

Батыш исламдашууда

"Economist" журналы Европа менен АКШдагы мусулмандар 30 миллиондон ашканын, бара-бара бул дин Батыштын жашоосуна толук сиңип баратканын жазды.

Мичигандагы жума намазынан кийин
Мичигандагы жума намазынан кийин

"Жума күндөрү түшкө маал Вашингтондогу Ак үйдүн жанындагы христиан чиркөөсү мечитке айланат. Ал жерде жүздөгөн мусулмандар чогулуп, жайнамазын кыбыла тарапка каратып, намаз окушат. Намазга коопсуздук, федералдык изилдөөнүн кызматкерлери, чиновниктер, Адилет министрлигинин юристтери, саясатчылар да катышып, Финансы министрлигинин кызматкери имамдын милдетин аткарат.

АКШга мусулмандар алгач ирет XVI кылымда барган. 20-кылымда араб көчмөндөр көбөйүп отуруп, азыр мусулмандар АКШ калкынын 1,1 пайызын түзөт. Европанын ислам менен байланышы өтө терең жана кыйчалыштарга толгон. Сегизинчи кылымдан тарта Европага ислам араб халифаты аркылуу кирип, кийин 14-кылымда Осмон империясынын кубаты алдында чөлкөмдө таасирин бекемдеген. Азыркы доордо мусулмандар массалык түрдө Батышка 1945-жылдан тарта агыла баштады. Ар түрдүү согуштар мусулмандардын Европага качышын шарттады. Маселен 2014-2016-жылдар аралыгында эле эски континентке 1 миллиондон ашуун мусулман качкан.

Анткен менен Батыш өлкөлөрү европалыктардан өзгөчөлөнгөн ислам маданиятын ар башка кабылдоодо. Британия эркиндик берип, диний ибадат жөрөлгөлөрдү тыйбайт, Францияда айрым чектөөлөр бар", - деген басылма Исламдын Батыштагы интеграциясына миңдеген өмүрлөрдү алган кандуу теракттар тоскоол болуп келгенин жазып, анткен менен азыркы тапта АКШ жана Европанын сот, мыйзам чыгаруу системасында мусулмандардын өз укугун коргой билүүсү алдыңкы планга чыгып жатканын коомго аралашуунун мыкты көрсөткүчү катары баалады.

Памирдеги террор коркунучу

АКШда чыккан "Glenwood Guardian" басылмасы 2018-жылдын 29-июлунда Тажикстанда велосипедчен туристтерге болгон кол салуудан кийин "АКШ жарандары Борбор Азияга саякаттай алабы?" деген суроого жооп издеген.

Жети туристтин өмүрүн алган кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук тобу алды. Буга кошумча тажик бийлиги өлкөдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясына да сөөмөй кезеди.

Памир тоо кыркалары
Памир тоо кыркалары

Терактты ким уюштурса да, Тажикстандагы Батыш туристтерине каршы кол көтөргөн биринчи окуя катары катталып, Памир тоолорун кыдырууну каалаган бир топ америкалыктардын үшүн алды.

Социалдык түйүндөрдө мындай окуя дүйнөнүн башка бурчунда деле болушу мүмкүн деген пикирлер басымдуулук кылып, айрым эксперттер Борбор Азия саякатчылар үчүн коопсуз экенин айтып чыгышты. Орусия жана Евразиядагы эл аралык тынчтык боюнча Карнеги борборунун эксперти Пол Стронски Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан туристтер үчүн коопсуз аймак деген пикирин айтты. Бирок Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Ооганстан менен чектеш өлкөлөргө сапарга чыгууну чектөө керектигин элине эскертти.

"Stratfor" геосаясий чалгындоо фирмасынын вице-президенти Скотт Сюарт Тажикстанды бул кандуу окуя боло электе эле террордук коркунучу чоң өлкө катары баалаган. Анткен менен Стюарт деле мындай теракт дүйнөнүн башка бурчунда болушу мүмкүн экенин танбайт. Басылма Борбор Азияны кыдыргысы келгендер үчүн бир нече абройлуу институттардын талдоорлорун тизмектеген. Алардын басымдуусу бул аймак коркунучсуз деген тыянак чыгарган.

Борбор Азияда өкчөлгөн өкмөт мүчөлөрү

"The Diplomat" журналынын Борбор Азия боюнча талдоочусу Кэтрин Пуз "Чөлкөмдөгү өкмөттөрдө болуп жаткан орун алмашуулардан эмнени күтсө болот?" деген суроого жооп издеген. Питтсбург Эл аралык мамилелер коомдук мектебинин профессору Женифер Муртазашвили:

Шайлоо маалындагы кыргызстандыктар
Шайлоо маалындагы кыргызстандыктар

"Бийлик өкүлдөрүнүн алмашып туруусу өлкө үчүн оң жана терс таасирин тийгизет. Бирок мындай окуя тез-тез кайталанса, кесепети оор болот",- деген пикирин айткан.

11-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коргоо министри Абдусалом Азизовду Мамлекеттик коопсуздук кызматына төрага кылып которду. 12-февралда Казакстанда көп жылдан бери ички иштер министри болуп турган Калмуханбет Касымов кызматтан алынып, орун басары Ерлан Тургумбаев министр болду.

"Коом Өзбекстандагы орун алмашууларды жаңы бийликтин реформасын ишке ашыруу катары баалоодо. Себеби 1990-жылдардан бери бийлик бутагында отургандар 2016-жылдан тартып ордун бошото баштады.

Казакстандагы бул процесстин артында эмне турганын аңдоо өтө эле кыйын. Назарбаевдин оюн билүү оңой эмес. Ал эми Кыргызстанда эгемендик жылдары өкмөт тынбай алмаштырыла бергендиктен, кыргыздар муну "Италия проблемасы" деп атап алышты. Чөлкөмдө бийликтегилерди ары-бери калчоо жагынан парламенттик башкаруу системасынан улам Кыргызстан алдыда", - деген профессор Муртазашвили Өзбекстандагы Мирзиёевдин саясатын жогору баалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG