Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Беларус: "Маңкурттар" тасмасы талаш-талкуу жаратты


"Маңмурттар" операциясы фильминден сүрөт.
"Маңмурттар" операциясы фильминден сүрөт.

Беларустагы ОНТ телеканалы өткөн апта Мамлекеттик коопсуздук комитетинин – КГБнын "Маңкурттар" операциясы" деп аталган тасмасын көрсөттү. Эки бөлүктөн турган видеодо атайын кызматтагы “чыккынчылар” кантип “сырттагы карасанатайларга” маалымат берип турганы баяндалат.

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романындагы уламышка үндөшкөн "Маңкурт"деп аталган эки бөлүктөн турган фильмди ким тартканы белгисиз. Тасмадагы каармандардын дээрлик көпчүлүгүнүн аты-жөнү айтылбайт, жүздөрү көрсөтүлгөн эмес.

Тасманын алгачкы мүнөттөрүндө былтыр октябрда Александр Лукашенконун маалымат катчысы Наталья Эйсмoнттун чуулгандуу телефон сүйлөшүүсү - атайын кызматтын алдын-ала пландаштырган операциясы болгон деп сыпатталат.

Наталья Эйсмoнт, Минск шаары. 2020-жыл.
Наталья Эйсмoнт, Минск шаары. 2020-жыл.

Белгилей кетсек, оппозициялык “Nexta” каналы былтыр чуулгандуу аудио тасма жарыялаган. Маалымат каражаттары андагы үндөрдү Наталья Эйсмoнт менен Хоккей Федерациясынын башчысы Дмитрий Басковдукуна окшоштурган.

Тасмада 11-ноябрда Минск шаарынын тургуну Роман Бондаренкого жасалган кол салуу тууралуу сөз болгон. Бондаренконун аты-жөнү так угулбаганы менен андагы сөздүн мазмунунан улам катуу таяктан каза болгон Бондаренконун жагдайын боолголосо болот.

Эки миллиондой окурманы бар “Nexta” каналы соңку президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенконун бийлигине каршы тутанган нааразылык акцияларын такай чагылдырып, оппозициянын үнүн элге жеткирген.

Ал эми "Маңмурттар" деп аталган видеодо Эйсмoнт аралашкан сүйлөшүүлөрдөгү чыккынчыны КГБнын кызматкерлери "кызуусунда" кармагандыгы баяндалат.

“Чыккынчы Степан Путиллонун артында чет элдик атайын кызматтар бар экени аныкталды" дейт тасмадагы атын жана бетин жашырган атайын кызматтын кызматкери.

Тасмада "Nexta" телеграм-каналынын эн белгиси кылдат боёлгон. Ал эми авторлор «чыккынчылар» деп атаган адамдардын гана бетин ачык көрсөтүшкөн. Алардын бири Соттук экспертизалык комитеттин өкүлү Оксана Летко жана КГБнын төрагасы Иван Тертель. Ал бул кызматка Беларуста каршылык акциялар тутанганда келген. Тертель президент өзү бул операцияга баш көз болгонун айткан.

"Мамлекет башчы башынан эле контрчалгын операциясынын бардык деталдары менен таанышып, ыкчам планды иштеп чыгууга жеке өзү катышкан. Негизги чечимдер аны менен макулдашылган. Тергөө улантылууда, белгилүү себептерден улам азыркы учурда бардык маалыматты ачык айтуу мүмкүн эмес, көп нерсе көшөгө артында калды ” дейт Тертель.

ОНТ телеканалынын иликтөөсүнө катышкан негизги каарман - КГБнын подполковниги Алексей Хралович. 37 жаштагы офицер мамлекеттик сырды атайын бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн чогултканы, "Nexta" Телеграм каналынын редакциясына сатканы айтылат.

"Алексей Хралович, КГБнын подполковниги, жашыруун маалыматтарды алууга уруксаты бар" деп айтылат тасмада.

Алексей Хралович.
Алексей Хралович.

Бирок эмнегедир Храловичтин бир ооз сөз чыкпайт. Ал видеодо же унчукпайт, болгону Ички иштер министрлигине караштуу «Алмаз» деген антитеррордук бөлүктүн командиринин мурдагы орун басары Игорь Макар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү гана көрүнөт. Макар Беларустан 2006-жылы чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Иликтөөдөгү дагы бир жалданган офицер - Беларустун Башкы штабынын капитаны Дмитрий Урад. Ага кызматтык милдетин аткарып жатып, бийликтин жогрку сересинде отургандардын жашыруун катын сүрөткө тартып, Польшадагы Нехта каналына бергени үчүн айып коюлган. Ошол эле маалда КГБнын тасмасында бул телеграм каналдын аты такыр аталган эмес.

Дмитрий Урад .
Дмитрий Урад .

Деген менен соңку тасма беларус коомчулугунда түрдүү күдүк суроолорду жаратты. Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романындагы уламышка үндөшкөн "Маңкурт"деп аталган бул иликтөөдө фильмдин авторлору карапайым көрүүчүлөргө эмне айткысы келди? 10 айдан бери эл токуган өлкөдө Лукашенко менен КГБ баарынан күчтүү экенин көрсөткүсү келдиби? Же Беларустун темирдей бекем делген коопсуздук күчтөрүнүн арасында да нааразылык акцияларын колдогон "саткындар» бардыгына бийликтин ынанганыбы? Ушул суроолор ачык калды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG