Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Еврошаркет Беларуска санкция салууну талкуулап жатат


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Лиссабон, 27-май 2021-жыл
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Лиссабон, 27-май 2021-жыл

Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Беларуска санкция салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат. 27-майда Лиссабондогу жыйында Минскинин европалык учакты күчтөп кондуруусу жана борттогу оппозициялык журналистти камакка алуусу талкууланууда.

Шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Боррелл жолугушуу алдында билдиргендей, беларустук айрым аткаминерлерге каршы санкция колдонуу маселесинде алга жылуу бар.

Кээ бир министрлер жазалоочу чаралар мунай жана калий карбонатын өндүрүү өңдүү беларус бийлиги үчүн кирешелүү тармактарды бутага алууга тийиш деп эсептешет.

Былтыр августта өткөн президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларда 30 миңден көп адам кармалып, катышуучулар, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукталганда Батыш Александр Лукашенконун режимине каршы санкцияларды киргизген.

Оппозиция жана бир катар Батыш мамлекеттери өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келген Лукашенко шайлоону жеңди деген жыйынтыкты тааныбай, добуш берүү бурмаланганын айтууда.

Өткөн жекшембиде беларус бийлиги ирландиялык Ryanair компаниясына таандык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минскиге күчтөп кондуруп, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичти сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу камакка алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG