Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:26

Онлайн окуу, Кумтөр жана Баткен...


Мектеп бүтүрүүчүсү, Бишкек. 25-май, 2021-жыл.

Кыргызстандын калкы соңку жылдары бир топ сыноолорду баштан кечирди. Баарын тизмектебей айрымдарына токтоло кетейин.

Быйыл көпчүлүк мектеп окуучулары сабакты бир жылдан ашык онлайн окушту.

“Мыкты окуган балдарыбыз начарлап кетишти”, “онлайн окуу деген болбогон нерсе экен”, “менин балам онлайн окуу башталганда аны таштап официант болуп иштеп кеткен”, “онлайн окуу деген мугалимдер менен балдарды жөн эле кыйнайт экен” деген сыяктуу нааразы болгондорду көп учураттым. Бир атанын гана “мектепте лидер болуп мыкты окуп жүргөн кызым онлайн сабакты начар окуп, ал эми буга чейин начар окуп келген уулум мыкты окуй баштады” дегенин уктум.

Менин уулум да эптеп окууну аяктады, натыйжасы жакшы эмес. Эки жолу мугалимдин алдына барышка туура келди. Уялдым, кызардым, мугалимден кечирим сурадым... Бирок баламды актабадым.

Анткен менен баланы деле сөз менен мүлжүп жей берүү жакшылыкка алып келбесин билип турасың да. Онлайн окуу кыйынчылык учурунда балдарга кандай мамиле кылууну ата-энелерге үйрөтүп кеткени менен эсте калды.

А бирок быйылкы окуу жылынын натыйжасы жакынкы убактарда даана көрүнөт, менимче, укмуштай эле артка кеттик. Мугалимдерди да күнөөлөгөнгө болбойт. Адамзаттын башына жүз жылда бир жолу келип турган мүшкүл дал ушул учурга туш келгенин карабайсызбы! Бирок биз сыяктуу ата-энелер мугалимдерге ыраазы гана болушубуз керек. Алар баары бир иштеп, аракет кылып жатышты. Кечке компьютерди тиктеп отуруп канча ден соолуктарынан ажырап жатышат.

Айланайын асыл агай, эжейлер, сиздерге тизелеп таазим кылсак жарашат!

***

Кумтөр кенинде иштеген кошунам бар. Жакында эшик алдынан жолугуп калдык. “Деги эмне болуп жатасыңар? Канадалыктар кетип калса, иштете аласыңарбы?” деп үстөккө-босток суроо жаадырдым.

“Канадалыктар кетсе иштете алабыз, буга чейин деле биз иштетип келгенбиз. Биздин алтын дүйнөдө жогору бааланат, үч тогуздук. Андан жогорусу жок. Бирок бир маселе бар”. “Кандай маселе?” “Башкаруудан маселе келип чыгат. Биздикилерди билесиз да, ким чоң болсо өз туугандарын, досторун алып келип тыгышат. Анан алар иштей албайт, акыры “Кумтөр” да башка мамлекеттик ишканалардай банкрот болот. Себеби биздин чоңдор уурдаганга гана көнгөн” деп маанайды түшүрдү.

“Кумтөрдүн” тегерегиндеги окуяларды жакшы, жаман деп бир өңчөй баалоого болбой турат. Буга чейин алтын кенден элдин ырыскысы кагылып келгени гана анык. Азыркы кырдаал түпкүлүгүндө элдин, мамлекеттин пайдасын көздөйбү же дагы бурулуп кетеби, бир өңчөй айтуу кыйын. Балким аягы жакшы болуп кетээр... Эмеси болсо да кошуна айткандай абалга келбесек экен.

***

Баткендеги кошуналар менен болгон жаңжал баарыбыздын жүрөгүбүз, жүлүнүбүз аркылуу өттү. Ошол жерде болбосок да, окуган, көргөн кабарлардан көңүлүбүз сыздады. Ар кандай ой келет экен. Отуз жыл Бишкекте жашасак, сөөгүбүз айылдык болгону менен этибиз шаардык болуп калдык. Негедир Баткенге барып жашагым келди. Так ошол чек арасы аныкталбаган айылда жок дегенде жарым жыл жашап келсек, баткендиктердин чыныгы абалын түшүнөт белек?..

Элибиздин башына кырсык түшкөндө сыздап калат экенбиз, абал биртике жай алары менен көп эле нерсе эстен чыгат тура. Жок дегенде аралаша жашап, элдин, жердин чыныгы абалын билсек, улут катары мындан да бекем чыңалат белек. Мисалы, мен Баткендеги чек арадагы айылдардын биринде жашап, изилдөө жүргүзүп, көргөн-билгенимдин баарын жазып турсам жакшы эле болсо керек.

Чындап келгенде кыргыз коому азыр деле абдан аралашып жашап, түштүктөгүлөр түндүктүктөрдү, түндүктүктөр түштүктүктөрдү жакшы тааный элек.

Көпчүлүгүбүз өз айылыбыздан кетип башка жактан билим, иш издегенибиз менен Кыргызстаныбыздын башка жагына иш издеп, билим издеп атайылап баруу дагы эле аз кездешет. Ошон үчүн ушул кезге чейин эки тарап бири-биринин тилин да кээде жакшы түшүнө бербейт.

Баткендеги жаңжал учурунда ишке байланыштуу өз үй-жайын таштап качып жүргөн бир келин менен телефондон маектешип калдым. Кудай акы, анын сөзүнүн теңинен көбүн түшүнгөн жокмун. Өзү стресс абалда турса, “түшүнбөдүм” деп кайра суроо оор болорун ойлоп, унчукпай гана кала бердим. Ушул кезге чейин Баткенге бир дагы жолу барбаганыма өкүндүм...

Дал ошол алаамат учурунда Чүй бооруна Тажикстандан көчүп келген кыргыздарды да жергиликтүүлөр кодулаганы боюнча кабар көзгө урунду. Биздин элибиз өзүн-өзү жакшы тааный электигин ушул дагы даана көргөздү окшойт. Эчен жылдап башка улуттун арасында жашаган мекендештерибизге ошол жашаган жеринин, элинин менталитети сиңип калган да, алардын жышылып кетүүсү үчүн эчен жылдар керек эмеспи.

Эмесе кыргыздар Тажикстанда эле эмес, Кытайда, Өзбекстанда жана башка мамлекеттерде да жашары белгилүү. Биякка көчүп келип жаткандары өздөрүнүн түпкү мекенине келип жатат да. Биз тараптан аларды боорго тартуу, шарт түзүп берүү ордуна кээде ачык эле кодулаган учурлар да бар.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жашап жаткан тажик мекендештерибиз бар. Алардын улуту тажик болгону менен мекени Кыргызстан. Улутубуз, мамлекетибиз сакталсын десек, бул жагдайда ар бирибиз акыл калчап иш кылып, көйгөйлөрдү ачык айтып, акыл-эс, сабырдуулук менен гана чечүү зарыл. Мекенибизге, мамлекетибизге анда жашаган ар бир адам өзүнө күйгөндөй күйүп салым кошкондо гана ирденет, алдыга жылат.

Баткен окуясы Мекенибиздин барк-баасын баарыбызга даана сездирди окшойт.

Аскер Сакыбаева, журналист

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл албоо керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG