Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Соцтармактар - коомубуздун күзгүсү


Акыркы он жылда соцтармактын өнүгүшү дээрлик ар бир кишинин дүйнөгө түз кайрылуусуна мүмкүнчүлүк берди. Азыр киши өзү үчүн маанилүү, кызыктуу маалыматты оңой эле таап, аны дос-тууганы менен бөлүшө алат.

Учурда "Фейсбук", "Инстаграм" сыяктуу коомдук желелер коомдун ар бир катмарын ылгабай "эркин микрофон" сунду. Бул албетте коомдун социалдашуусун, бири-бири менен ой-пикир алмашып, өз ара кабарлашып турушун жакшыртты десек болот.

Дал ушул "эркин микрофон" кайсы бир мааниде коомдук күзгү да болуп берди. Анткени так ошол акылдуу телефон аркылуу кандай коомдо жашап жатканыбызды аңдай баштадык окшойт. Эң эле маанилүүсү, соңку айлардагы окуялардан улам кайсы бир адамдардын социалдык желе аркылуу кайрылуу жасап жатканы, коомдо агартуу, тарбия-таалим аксаганын чакыйта көргөздү.

Оозго келгендин баары сөз эмес

Мурда көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөө белгилүү бир деңгээлди, билимди, шыкты талап кылса керек эле.

Айталы, өз учурунда коомчулукка ой-пикирди, идеяны жеткирүү үчүн маалымат каражаттар кызмат кылып келгени маалым. Кезинде телевизордон сүйлөптүр же гезитке макаласы чыгыптыр деген чоң сыймык болчу. Анткени ал бардык эле кишинин колунан келген иш эмес эле.

Албетте, андай тандалма мамиленин да терс жактары бар болчу. Микрофондун саналуу эле кишилерге сунулганы түрдүү пикирлердин, талкуунун жолун бууп, бир жактуу маалыматтын тарашына өбөлгө түзөт. Андай учурлар биздин коомдун башынан эчен жолу өттү, азыр да өтүп жатат.

Белгилүү телеканалдардын бийликке курал болгонун, сын айткан саясатчыларды болушунча жамандап, маалыматты бурмалаган учурларды тарыхтан чие албайбыз.

Бирок ошентсе да маданий агартуучулук, илимий мааниси бар сапаттуу материалдар элге маалымат каражаттары аркылуу жетип турганын калыстык үчүн белгилей кетиш керек.

Технологиялашкан айлакерлик

Өкүнүчтүүсү, коомчулукка түз кайрылуу мүмкүнчүлүгү – саясий жана маданий маанидеги өзүмчүлдүктү толугу менен жоё кыла алган жок. Тескерисинче, алардын ишин оңойлотуп койду.

Мурда кайсы бир адамдын теле же гезит-журнал аркылуу кимдир бирөөнү айыптаганы же колдоп-кубаттаганы ачык билинип турчу.

Учурдун технологиялык мүмкүнчүлүгү андайларга аты-жөнүн айтпай, жүзүн көргөзбөй эле оозуна келгенди оттоого шарт түздү.

Кызыкчылыктардын кулу болгондор (эң башта саясий маанидеги) бул мүмкүнчүлүктү колдонуу менен эле тим болдубу? Жок! Жашынып алып жалганды ышкырткан кишилер жаңы мүмкүнчүлүктү керек болсо ашарга айлантып, атайын жазмакерлер тобун жалдап иштеткенге өтүштү.

Адамдагы ачкөздүк, кара мүртөздүктөн улам кабарлашуу, маалымат алмашуу майданы "тролл", "фейк" жана "бот" (интернет робот) деген терминдер менен таанышканга мажбур болду.

Шайтандын оозун ачтырган шумпайлар дал ушул кишинин айлакерлигинин технологиялашкан формасын өздөштүрүп, жалганды кабаттап айтуу жагынан алдына эч кимди чыгарбай келет.

Албетте бул биздин гана өлкөгө тиешелүү илдет эмес, дүйнөнүн да жүзүн кызартып, башын оорутуп турган көйгөй.

Мээси жок, бирок микрофону бар

Эң өкүнүчтүү жана зыяндуу көрүнүш – билимсиз катмардын социалдык тармакты каптап кеткени болду.

Баарыбызга маалым болгондой социалдык тармактын күчүн элдин билим деңгээлин, ой-чабытын, дүйнө таанымын өстүрө турган макалаларга, видео сабактарга, илим-билимге бургандар аз. Платформалар негизинен контентин көбөйтүү аркылуу акча табууну өздөштүргөндөргө кызмат кылууда. Албетте, бул нормалдуу көрүнүш, түшүнсө болот.

Бирок кызык жери, илим-билимге таянганы менен мурда сиңип калган түшүнүккө төп келбеген ой-пикир, идея айткан адамды тепкиге алып, эч байланышы жок тыянактарды чыгаргандар өтө көп экенин байкайбыз.

Ушундай орунсуз ойлорду айткандар көптүгүнөн кээде иш билги, кайсы бир тармактын чыныгы адистерине кеп тийбей калчу болду.

Азыр кыргыз сегментинде айрым бир кишилердин үнү өктөм чыгып жаткан кез. Мындай кишилер жарым барак өмүр баянын жаза албашы мүмкүн бирок, өзүнө жакпаган кишини итче талаганды мыкты өздөштүргөн. Айрыкча дин жана саясат тууралуу кеп болгондо кастыктын тили курчуп кеткенин байкайбыз.

Логика боюнча кандайдыр бир темада сөз болгондо алгач ошол жаатта жүргөн адиске сөз берилиши керек да. Биздин өлкөдө ушул эки тармакта кандайдыр бир талкуу башталса эле тиешеси бары да, жогу да аралаша берет.

Мектепте физика сабагын тыңдап окубаган адамдын Эйнштейндин теориясына диний жактан баа берип жатканын көрүп, аргасыз баш чайкайсың. Үй-бүлөсүн жакшылап бага албай отуруп мамлекетти кынтыксыз башкаруунун формуласын соцтармактар аркылуу айтып, айкырган атуулдарыбыз андан көп.

Өзгөрүү жана өзгөртүү

Кыргыз сегментинде «Музыкалык аспап катары ооз комуздун уникалдуулугу», «Илон Маск кантип билимге кызыгып калды?», «Жасалма интеллекттин күңгөй-тескейи жана келечеги», «Психология: аң-сезим менен түпкүр аң-сезимдин (подсознание) алака-катышы» деген сыяктуу аталыштагы макала, илимий материалдар жарыяланган учурда реакция өтө аз болот. Дүйнөдө климаттын өзгөрүп атканы, табияттагы теңсалмактуулуктун бузулганы эч кимдин деле башын оорутпайт.

Бирок ошол эле учурда «Шоу жылдызы күйөөсүнөн ажырашты!», «Ырчы айымдын туулган күнүнө кимдер келди?», «Белгилүү саясатчы көңүлдөш таап алганбы?» деген ж.б.у.с. сыяктуу жекелик да, коомдук да өнүгүүгө кыпындай салымы жок темаларга жабышкан катмар аябай калың.

Негизи бул абалды баарыбыз эле сезип, ага кейип, кээде аргасыз күлүп келебиз. Бирок бул көрсөткүчтөн бир сабак чыгарып, абалды жакшыртып кетүүгө аракет кылгандар өтө аз.

Жеке пикиримде бул көрүнүш коомубузда гуманитардык тармакты жакшылап окутууга опол тоодой муктаждык бар экенин көзгө сайып көрсөтүп турат.

Бул жерде «Көзүм көрбөсө...» деген макалдагыдай болуп, коомдук агартууга салым кошууга жанашпай коюу такыр туура эмес. Биз коомдо Адам катары гана жашай алабыз. Ар бирибиздин балдарыбыз, неберелерибиз так ошол биз жаман көрүп, жерип жаткан коомдо өсүп чоңоёрун, тарбия көрө турганын, дос күтөрүн жана жашап өтөрүн эсибизге түйүп коелу.

«Лайкты» эңсеген замандаштар

Көпчүлүгүбүз бетке айтка албасак да, кээ бир замандаштардын өзү жөнүндө өтө көп нерселерди бөлүшкөнүнөн тажап келатканыбыз жашыруун эмес.

Мисалга, эртең мененки тамакка отурганын, жумушка баратканын, жолдогу учурун, жумушта олтурган ордун, түшкү тамагын, тыныгууда ичкен кофесин, жумуштан чыгып сүйгөнүн кантип кучактаганын, кечинде үйгө кантип чарчап келгенин сүрөткө тартып бөлүшө берүү акылга сыябы? Же гүлдесте кучактап, өмүрү ыркы келишпеген курбуларын колтуктап, карызга алынган кымбат баалуу сумкасы менен саатын камерага такап сүрөткө түшүп, байма-бай бөлүшүп тургандарчы?

Адамдар көбүнесе башка кишилерге жагууну, алардын көңүл чордонунда болуп, көңүлүн бурдуруу максатын көздөп жатканы байкалат. Соцтармактын тили менен айтканда «лайк» топтоо үчүн ушул кадамга барышкандай.

Сиз качандыр бир кезде эмне үчүн кээ бир замандаштарыбыз лайкка муктаж экенин ойлонуп көрдүңүз беле?

Көрсө бул жагдай бала кезде таалим-тарбиядагы кеткен эң чоң каталардын биринен улам пайда болот экен. Эгер балага ата-энеси жана жакындары жетиштүү көңүл бурбаса, аны менен ойнобосо, аны жакшы көргөнүн сездире албаса, бала эс тартканда кичинесинде сезбеген сүйүүнү, мээримди, шавкатты сырттан издейт экен.

Жашоодо кээ бир дос-чарды "Фейсбуктагы" же "Инстаграмдагы" постуна лайк баспай калгандыгыбыз үчүн таарынтып алган учур көп эле болот.

Бир жолу аскердик кафедрада жакшы окуган студенттердин сүрөтүн илген жерге менин бир досум да чыгып калган экен. Мен ага анча маани бергендигим үчүн жеме укканым эсимде. Досум мен аны көрө албагандыгым үчүн куттуктабай койгонумду айтып, ич күптүсүн билдирген.

Болбосо экөөбүз окуу жайларда таратылган мактоо баракча, сертификат, сыймыктуу бурчка илинген сүрөттөрдүн эч кандай мааниге ээ эмес экендигин, кишинин сапаты сырттан мактоо угуу менен өлчөнбөсүн дайыма талкуулап турчубуз. Демек, мындай нерселерди окуп, түшүнгөн менен өзүндөгү ошол катаны туура баамдап, анын үстүнөн иштөө терең акылды талап кылат экен.

Кишинин мактоо уккусу келгени, коомдун колдоосун табуу үчүн аракет кылганы Маслоунун айтылуу пирамидасындагы үчүнчү тепкичте айтылган. Биз бул жерде «Кишинин бул муктаждыктарын кетирүүдө аша чапкандыгы эмнеден кабар берет?» деген суроонун айланасында сөз кылып жатабыз. Демек, бул абалдан өлкөбүздө чоңоюп жаткан, келечегибиз болгон муундун тарбиясындагы мүчүлүштүктү сезүү, моюнга алуу зор мааниге ээ. Андан да маанилүүсү, коомдук бир маселе катары балдардын мээримден, сүйүүдөн куржалак калуусун алдын ала турган массалык кадамдар тууралуу баш оорутууга мезгил жетти деп ойлойм.

Соцтармак коомдогу ириңди көрсөтө алды, демек...

Албетте бул тууралуу дагы айтыла турган көп сөздөр бар. Бирок биз ушул жерде танапис жарыялай туралы. Сиздер да байкагандай социалдык тармактар кыргыз коомунун туура таалим-тарбияга, маданий баалуулуктарыбыздын жанданышына, улуттук нарк-насилге канчалык чаңкап тургандыгыбызды таамай көрсөтүүдө.

Соцтармактын тили менен айтканда коомдогу бул маселелерди "Фейсбук" менен "Инстаграм" «эркекче, агынан жарылып, кези менен шерменде кылып» айтып, көрсөтүп келет.

Мамлекеттик өнүгүүнүн жолун көбүнесе мыйзамдарды бекемдөөдөн, жарандарды катуу жаза менен опуза кылуудан, экономиканы өстүрүүдөн издеп калдык. Албетте булардын айрымдары зарыл чыгаар. Бирок түбөлүктүү өнүгүүнүн, адамча жашап өтүү сапаттуу урпакты тарбиялап чоңойтууга толугу менен көз каранды экендигин аңдоо жана жүзөгө ашыруу да өтө маанилүү. Бул нерсени туура баамдап, ишке ашырууда ийгилигибиз ­ар бирибиздин (коом катары) тагдырыбызды чечүүдө роль ойнойт.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG