Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Мээни башкарган «тагдыр мотиви» үй-бүлөдө жазылат


Кыргыз макалы: "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет? Ала-Тоо аянтындагы бөбөктөр ата-энеси менен. 2020-жылдын 31-августу.

Тагдырдын башаты үй-бүлө чөйрөсүнө да багыныңкы. Бирок инсан өз тагдырын дурус нукка буруу үчүн ар дайым өзү күрөшүүсү керек. Блогчу Элмурат Кочкор уулунун сереби.

«Ата-эне өз перзентин отко ыргытабы?» деген суроого көпчүлүк эч ойлонбой туруп: «Жок!» деп жооп беребиз. А чындыгында ата-эне көпчүлүк учурда өзүнүн сүйүктүү уул-кызын отко ыргытат, кан кустурат, жашоосун тозокко айлантып алганын байкабай калат. Бул – мүмкүн.
Эч бир ата-эне өз перзентин көз көрүнөө азапка түртпөйт. Жана да эч бир пенде өзүнүн перзентинин кордук көрүп, байкуш болуп жашап өтүүсүн каалабайт. Өзгөчө баласына коркунуч жакындаган учурда аны токтотуу үчүн эне эч бир тоскоолдук тааныбай калат. Бул – кишинин ичиндеги инсандык күч. Кыскасы, бул – кишидеги урпак улоодо сырткы коркунучтардан коргоо механизми. А бирок бул киши (ата-эне) өз перзентин өзүнөн коргой алабы?
Балапанынын тынчын алган бүркүткө кол сала турган өрдөк сыяктуу эр жүрөк ата-эне деле, башкалардын коркунучунан коргогончолук өзүнүн коркунучунан баласын оолак тута албай калышы толугу менен мүмкүн. Кызыгы, ата-эненин бул зыяны баланын мойнунан өмүр бою түшпөй жүрө берет экен.
Кантип? Негизи, адамдын тагдыры Кудай тарабынан жазылат дечү эле. Бирок, психиатрия илиминин бүгүнкү жеткен чеги, кишинин «тагдырын» ал туулуп-өскөн үй чөйрөсү жаза тургандыгын жактап жатат. Бүгүнгө чейинки макалаларымда: «Кудай эч бир пендесине азапты ыраа көрбөйт. Бардыгына жыргалчылыкты гана ыраа көрөт. Болгону киши өзү жыргалды көздөй бараткан тагдырын бузуп, азапка буруп алат. Теология мына ушуну айтат», – деген мааниге басым жасап келгенмин. Мына эми теологиялык илимиме таянып айткан нерсем бүгүнкүнүн билими менен да айкалышып жаткансыйт. Анда кеп башынан болсун.

Баланын тарбиясы үчүн өзгөчө 0-6 (кээ бир илимпоздор бул куракты 0-7 жаш аралыгы деп белгилейт) жаш курагы аябай зор мааниге ээ экендиги маалым. Бул доордо баланын түпкүр аң-сезими (subconscious) калыптанары айтылат. Күнүбүздөгү илимий изилдөөлөр муну тастыктайт.
Бул деген сөз кишинин өмүр бою кылган кыймыл аракетин, тандоолорун, ой-жүгүртүүсүн багыттаган, башкарган жашыруун күч бала кездин алгачкы жылдарында калыптанып бүтөт деген мааниге келет.
Өлкөбүздөгү саясий жана маданий бытырандылыктан улам, кишини аң-сезимдүү кылуу же аң-сезими жогору коомду жаратуу канчалык маанилүү экендигин өтө жакшы түшүнүп турган кезибиз. Эми ойлоп көрүңүз, дал ошол биз жетпеген жогорку аң-сезимди калыптандыра турган тымызын күч бала чакта (0-6 жашта) толук калыптанып бүткөн болот экен, көрсө.
Келиңиздер, бул маселенин маанилүүлүгүнө дагы бир жолу, бир аз өзгөчө өңүттөн карап көрөлү. Бир мааниде алганда, кишинин «тагдыры» анын бала чагында жазылып бүткөн болот.
Өмүрүнүн 40 жылын оорулууларынын дартын угуп, аларды дарылоо менен өткөргөн адис, түркиялык атактуу доктор Гүлсерен Будайжыоглу бүгүнгө чейинки тажрыйбаларына таянып: «Биз туулуп өскөн үй – биздин тагдырыбыз», – деген тыянакка жеткенин бөлүштү.
Бул чындыкты психология жана педагогика илимдеринин бүгүнкү жетишкендиктери да айтып турат. Бала жети жашка чейин үй-бүлөдөгү жашоо таризди көзөмөлдөйт, жашоону ошол жерден үйрөнөт.
Эң кызыгы, 7 жашында бала «жеке кулк-мүнөзүн» калыптандырып бүтөт. Андан да кызыгы, бала туулуп өсүп келе жаткан үй-бүлө бала үчүн дүйнөнү символдойт. Сырттагы адамдар менен болгон мамилесин дайыма өз үйүндө үйрөнгөн категориялар менен баалайт, жөнгө салат.
Мисалы, толук кандуу үй-бүлөдө адамдар менен жылмайып сүйлөшүү сыйдын белгиси болсо, толук кандуу эмес үй-бүлөдө чоңойгон айрым балдар үчүн бул шылдыңдоонун белгиси катары кабыл алынышы мүмкүн. Же толук кандуу ата-эне кыз балага эркиндик берүүнү кадимки нерсе катары көрсө, толук кандуу жетилбеген ата-эне муну кыз баланын бузулуп кетүүсүнө шарт түзүү деп баалашы толук мүмкүн.
Бул чындык көп кишиде таасир калтырбашы же көп деле көңүлдү бурдурбашы мүмкүн. Анткени, бул илимий тыянак көбүнесе илимий маңызда, көп эле айтылып жүрөт. Муун илимий маңызда болушу көпчүлүккө түшүнүктүү болбой калат окшойт. Андыктан муну бир аз жөнөкөй тил менен түшүндүргөнү аракеттенип көрөлү.


Мээни башкарган «тагдыр мотиви» кантип жазылат?
Бала өтө жогорку, ажайып жөндөмдүүлүктөргө ээ болуп дүйнөгө келет. Баланын мээси учурдун жетишкен маалымат технологиясынын компүтерлерине салыштырмалуу эселеп күчтүү жана жөндөмдүү компүтер сыяктуу.
Бала үй-бүлөдөгү бардык көргөн, уккан нерселерди, көрүнүштөрдү жана эң эле маанилүүсү сезимдерди да каттоого алат, архивге сактайт. Мисалга, үй-бүлөдө ата ким, эмнени жактырат эмнени жактырбайт, калган үй-бүлө мүчөлөрүнө мамилеси кандай, кайсыл учурда кантип өзгөрөт, кандай окуяларга кантип жооп көрсөтөт, маселени кантип чечет, кантип кубанат жана капаланат деген көрсөткүчтөрдүн бардыгын ал каттоого алып жүргөн болот.
Баланын мээси буга жөндөмдүү экен, көрсө. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн калгандары тууралуу да бала бул жана буга окшогон бүт категорияларда көзөмөл жасайт, жана андагы көрсөткүчтөрдү каттайт. Жана бала жети жашына жакындаган учурда ошол күнгө чейин топтогон маалыматтарына карап, алардан тыянак чыгарып, жеке өзүнө тиешелүү кишилик/кулк-мүнөз пайда кылат.
Баланын бул тыянагын мээсиндеги бир микро чип (chip) катары көрүү мүмкүн. Же муну баланын жашоо программасы десек да жарашат. Мындан кийин баланын жашоодогу бардык кадамдарын мына ошол программа башкарып калат. Бул чип мээ аткарган бардык кызматтардын маңызын белгилөөчү күчкө ээ болот. Анткени, бала калган өмүрүндөгү бардык кыймыл аракеттерин ошол чипте каттоого алынган эрежелерге карап жөнгө салат.
Мисалга, үй-бүлөлүк зомбулук көп бүлөдө чоңойгон бала маселени кеңешип чечүү, жубайына эркиндик берүү, балдарын өзү каалаган окууга окутуу деген сыяктуу баалуулуктарга орун жок. Мындай эрежелер менен жашаган бүлөнү «жаман бүлө» деп баалайт, сындайт.

Эң кызыгы, киши мына ошол чип/микро компүтер тарабынан башкарылып жаткандыгын байкабай өмүрүн өткөрүп ийиши да турган кеп. Түркиялык психиатр мээни башкарган бул чипти «Тагдыр мотиви» деп атаптыр.
Тагдыр мотивинин эң белгилүү өзгөчөлүгү – өзүн өзү тынымсыз кайталап турат. Ал соңу келбеген бир айлампа сыяктуу. Бала чагында сүйүүгө бөлөнгөн, баркталып чоңойсо, өзү байкабаган менен калган өмүрүндө да дайыма барк билген, ак жүрөк адамдарга жакындайт. Жашоодо мындай кишилер бири-бирин оңой таап алат. Ал эми уруш-талаш, зомбулук күч болгон үй-бүлөдө чоңойсо, бала дайыма ага кайрадан дал ошол уруш-талашты, зомбулукту жашата турган кишилерге, эмнегедир, пейили тарта берет. Айтылуу чиптин өзүн-өзү кайталоо өзгөчөлүгү, бүтпөгөн айлампа мына ушундайча иштейт.
Айланабызда кээ бир кишилерди «жолдуу», ал эми кээ бирлерин «шордуу» деп атап келебиз. Жолдуу кишинин иши өзүнчө эле жүрүшө берет, жакшы адамдарга жолугат, кандайдыр бир кадам таштаса, адатта, ийгиликтүү болот.
Ал эми шордуу кишинин абалы толугу менен анын тескериси. Кызыгы мындай кишилерге «бешенең куругур» деп тергеп да коймоюбуз да бар. Кудум эле бир кишинин жолдуу же шордуу болушун табияттын же Кудайдын иши, анын белгилөөсү деп түшүнүп келебиз.

А көрсө, кишинин жашоосундагы окуялар, күтүлбөгөн нерселер да, бир мааниде, жанагы кишинин 7 жашка чейинки учурундагы алган тарбиясынан көз каранды экен го!.. Андыктан, менде кызык бир идея пайда болду, туугандар. Жашоосун ийгилик, бактылуулук коштогон кишилердин бала чагы менен иши жүрүшпөгөн, дайыма кайгы-муңга кептелген кишинин бала чагын жакшылап изилдеп көрүү зор мааниге ээ окшойт. Мына ошондо эле шордуу тагдыр менен жолдуу тагдырдын сыры ачылат деп калдым...
Будайжыоглу өз сөзүндө «40 жылдык тажрыйбамда өтө көп кездешкен бир жагдай мени таң калтырды. Адатта турмушка чыгууга камданган кыздар мага кеңешкени келет. Мисалы, булардын ичинен кишилиги катуу, аялына корс, үйдө көп уруш чыгарган, зомбулук кылган атанын кызы болуп чоңойгон кыздар атасы сыяктуу эркекке такыр жологусу келбегенин, өмүрлүк жолдош катары андай эркекти ылгагысы келбейт тургандыгын баса белгилешет. Анткени, бул нерселердин туура эмес экендигин аңдап калган учуру болот.
Кызыгы, мындай ойдогу кыздардын басымдуу бөлүгү кайра эле атасы сыяктуу эркекти тандап алгандыгын кеч байкашат. Ал тургай, мындай ойдогу кыздардын басымдуу бөлүгү биринчи турушунан атайы ажырап, кайра туура жарды тандоо максатында түгөй издегенде да, кудум жанагы капканга кайра түшөт. Анткени, тагдыр мотиви деп аталган айтылуу чип мээни башкарып жаткан болот.
Бала 7 жашына чейин үйдүн атасын гана көргөн жана андагы ата деген профилдин ичинде эмне болсо, чип андан башка ата/күйөө/жубай профилин тааныбайт. Андыктан өзүндөгү профилге ылайыктуу гана типтеги кишини гана тааныйт жана кишини (бийкечти) ошол жигитке карап багыттаган болот. Бул, чындыгында, өтө көп кездешкен жагдай» деп илимпоз баса белгилеп келет.
Бул абал ушунчалык ары кызыктуу, ары таасирдүү натыйжаларга алып барары анык. Доктор өз сөзүндө окуган, билимдүү кишилердин да көпчүлүгү айтылуу мотивдин таасиринен, б.а. жанагы айлампадан чыга албай калышкандыгын айтат. Киши жашоосундагы жубай, кесип, дүйнө тааным сыяктуу маанилүү тандоолорунда деле өзүн жанагы чип/программа багыттап жатканын байкабай «менин чечимим» деп адашып калуусу мүмкүн экендигин кошумчалайт.
Келин – кайненесинин зубаласынан
Кыргызда «Келин – кайненесинин камырынан» деген сөз бар. Бул сөз жаңы келген келинде кайненесине бир топ окшоштуктары бар болуп чыгаарынан улам айтылган кеп. Негизи, түз логика менен караганда, эрезеге жеткен жигит келинчегин тандап, жактырып алып келет. Бул жигит келинчегин атайын апасына окшотуп деле тандабашы мүмкүн. Тескерисинче апасынын ага жакпаган сапаттары деле болушу мүмкүн.
А бирок көбүнесе апасына окшоп кеткен кызды таап келет экен, көрсө. Кудум ушундай эле, кыз бала да эмнегедир жактырып тандаган, балким, турмуш курган кишиси атасына окшош болуп чыга келет. Демек, жогорудагы макал, узак убакыттуу көзөмөлдүн негизинде айтылган, кылдат байкалган нерсеби деп калат экенсиң.

Тагдыр айлампасын өзгөртүү мүмкүнбү?
Жогорудагы маалыматтан соң «Киши бул өзүн-өзү өмүр бою кайталаган программадан (тагдыр мотивинен) кутула алабы же аны өзгөртүү мүмкүнбү?» деген суроо – эң маанилүү суроо болсо керек.
Кудайга шүгүр, муну өзгөртүүгө толук мүмкүн экен. Бул үчүн эки нерсе шарт. Бул программа (чип) кишинин тандоолорун, чечимдерин автоматтык түрдө бердирет. Мисалы, сиз окшош нерселерге дайыма макул болосуз же дайыма каршы чыгасыз.
Алгач мына ошолордун маалымат топтомуна барып, аларды туура аныктоо шарт. Бул – биринчи кадам. Экинчи кадам катары киши: «Мен эмне үчүн бул маңыздагы нерселерге дайыма макул болом жана тиги маңыздагы нерселерге дайыма каршы чыгам? Эмне үчүн?» – деген суроону өзүнө өзү бере билүүсү шарт.
Бул эки кадамды жасай алган учурда, кишини автоматтык түрдө башкарып келе жаткан программанын ордуна кишинин акылы, логикасы жаңы бүтүмгө келе баштаган болот. Мына ушундайча кишидеги айтылуу программага жаңы нерселерди кийирүү мүмкүн.
Бул болсо, кишинин келечектеги тагдырын жөнгө сала турган күчкө (тагдыр мотивине) азыртадан жаңы, позитивдүү түшүнүктөр киргизилип жатат деген мааниге келет. Бул болсо – кишинин тагдыры жакшы нукка атайылап бурула баштаганынан кабар берет.

Андыктан, келиңиздер, тагдыр мотивин аңдайлы. Аңдайлы, анткени эч кимдин дүйнөгө пакиза бойдон келген баланын тагдырын карартканга акысы жок.
Аңдайлы, анткени биздин балдарыбыздын тагдыры биз туулуп-өскөн үйдүн чөйрөсүнүн бизге таңуулаган айрым калпыс түшүнүгүнөн алда канча артык болсун.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Биз бүгүн муну туура түшүнүп, башкалардын да түшүнүүсүн шарттабасак, анда атам замандан бери келе жаткан же акыркы кылымда эле жабышкан (ала качуу кылмышы сыяктуу) айрым жосунсуз көрүнүштөр, кээ бир жамандыктар эч бир учурда жашообуздан оолак болбойт.
Демек, ар бир инсан, ар бир атуул өз тагдырын жакшы нукка багыттоо үчүн күрөшүүгө акылуу жана милдеттүү.

Элмурат Кочкор уулу,
блогчу. Түркия.
Ред.: Автордун жеке пикирин редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG