Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ынсабы жоктун ыйманы болобу?


Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган илимий жыйындын катышуучулары. “Бурана мунарасы” музейи, Чүй облусу. 16.9.2016.
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган илимий жыйындын катышуучулары. “Бурана мунарасы” музейи, Чүй облусу. 16.9.2016.

Ханафий сыяктуу салттык ислам агымдарын жолдоочулар эзелтеден сабырдуулугу, түркөйлүккө каршы күрөшү менен айырмаланган. Журналист Аким Кожоев өз блогунда азыр дал ушул сапатты сактап калуу абзел деп баса белгилейт.


Өткөн кылымдын башында бекен же андан кийинчерээкпи, биздин жердештер “каапырларды азайтабыз” деген максат менен тоо-ташта кен байлыктарды изилдеп жүргөн бир канча орусту атып салышкан экен дешет.

Бүгүнкүдөй дүйнөбий билим дегенден такыр кабары жок, караңгы, баардык жагынан (географиялык да, рухий-маданий жактан да) чектелүү алардын мындай наадандыгын кайсы бир даражада түшүнсө болот. Аларды мындай акылга сыйбай турган жорукка туташ билимсиздик, караңгылык түрткөнү анык.


Ал эми аалам төрдөгү кыргыздын сыйлуу аксакалы, жалпы элге эмгеги сиңген ардактуу инсаныбыз Түгөлбөй Казаковду бүгүнкүнүн «ыймандуу» наадандары төө бастыга алып, ит талагандай талаганы катуу зээнимди кейитти.

Албетте, мен Түгөлбөй Казаков агайдын “дааватчылардын баары кечээки алкаштар” деп айтканына кошулбайм. Адам жамандыгынан эле аракеч болуп кетпейт. Достоевскийдин “Орусияда таза, түз кишилердин баары – аракечтер” деп, парадокстуу ойду айтканы бар.

Тагдыры талкаланып же рухий туңгуюкка кептелгени үчүн арыз-муңун арактан чыгаргандар, көчөдө калып, жок болуп кеткендер да бар. Эгер таксырлар ошондойлорду чындап эле түз жолго салып, кайра киши катарына кошсо, муну баарылап колдоп-кубатташыбыз гана керек.

Аматилла Шерматова аттуу айым Т.Казаковду "самопал" деп какшыктап: "Аттиң дүйнө, бизде самапалдар көп экен. Урматтуу Түгөлбай Казаков мырза, сиз маданияттын жүзү болуп жүргөн инсансыз. "Даават - бул гастроль" деп түшүнүп алсаңыз керек. Динди каалагандай калчап, ар өлкөгө тиешелүү кыла бергидей дин - нотация эмес!" - деп "Фейсбукта жазып чыкты. Далайлары төө бастыга алгандай ойлорун интернеттин коомдук тармактарында жаадырышты.

Деги, уюшкан чөөдөй «а» деп ооз ачканды баса калып тепкиге алган азыркыдай жапайы «такыбалар» кайдан чыгып жатат, аларды ким, кандай максатта тарбиялоодо? Алардын көздөгөнү, түпкү мүдөөсү эмне?

Бул макаладан кийин мен дагы алардын «кара тизмесине» кирээримди туюк сезип турам, бирок чындык чыркырап жатканда, унчукпай коюуга акым барбы?

Кудайга шүгүр, мен төрөлгөндөн баштап, шарияттын мыйзамдарын өнө-боюма сиңирип өстүм, рахматы ата-энем өмүр бою беш убак намазын калтырбай окуп, бул жарыкчылыктан ыймандары менен кетишти. Бирок бала күнүмдөн бери мен билген ислам учурда айрымдар таңуулап жаткандай агрессивдүү, келишпес, опузакор, сабырсыз эмес болучу.

Ал исламдын негизги прициптери: намаз окуу, орозо тутуу, садака-зекет берүүдөн ж.б. да оболу бирөөнү акаарат кылба, ушак айтпа, адам өлтүрбө, бирөөнүн акысын жебе деген баарына түшүнүктүү, жөнөкөй, адамгерчиликтүү эрежелерден турар эле.

Жетимди көрсөң башынан сыла, карып-мискиндин көңүлүн оорутпа, сабырдуу, ынсап-топуктуу бол деген улуу түшүнүктөр ал исламдын чыныгы өзөгүн түзөр эле. Эң башкысы, мен билген исламдын бир дагы нукура улуттук каада-салтты жеригенин же жокко чыгарганын укканым жок.


Мен бала кезде Тажикстандагы кыргыздарын арасында өздөрү Самарканд, Бухарадан окуп келген дамбылдалардан таалим алган илим-билимдүү молдолор бар эле. Мисалы, молдо Аббос, молдо Камчыбек, Молдо Тагай деген молдолор тууралуу бүгүнкүгө чейин терең урмат-сый менен эскеришет. Дагы бир Аман деген чоң молдо Кашкарга качып барып, шарият маселелерин мыкты билгендиги үчүн уйгурлардын бир чоң мечитинде өмүрү өткөнчө имам болуптур.

Ал эми учурдагы «Жаңы Жыл, 8-Март майрамдарын майрамдасаң, сен каапырсың», «Ноорузду» майрамдасаң, теңирчисиң» ж.б.у.с. деген ашкере реакциячыл, агрессивдүү турумду тутунган, улуттук үрп-адаттарды, жөрөлгөлөрдү бүт жерип, арамга чыгарган «ислам» кайдан чыкты, мунун башаты кайда?

Жогоруда кооптонуу менен атканымдай, мунун көздөгөнү, тымызын максаты эмне? Кыргызстанга ислам динин жайылтпай эле, элди арапташтырып жатканы же жалганбы?


Мен билген салттуу эмес, жаңы исламчыларга берээр бир суроом бар: эгер кыргыздын (дегеле бөлөк баардык улуттар менен этностордун) кийген кийими, кыргыздын каада-салты, кыргыздын жашоо жолою, кыргызча ысымдар, кыргыздын дүйнө таанымы таптакыр туура эмес болсо, жаңы исламдын заң-мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда адамзатты түрлүү-түмөн кылып жаратып, Алла-Тааланын башына эмне күч келди?

Андай эле алардын айтканы туура экен, Кудай Таала башынан эле бүт адам баласын бир дин тутунтуп, бир тилде сүйлөтүп, бир түрдүү ойлонтуп, бир өңчөй кийиндирип, коёндой окшош жаратып койбойт беле?

Алар өздөрүнүн орунсуз жоругу, акылга сыйбаган иш-аракеттери менен Жараткандын амирине каршы чыгып жатканы жокпу? Дин таануучу, жаш окумуштуу Элмурат Кочкор уулу жазгандай, эгер ушул бүгүн Мукамбет пайгамбар тирилип келсе: «Үйүңөргө буудай толгурлар, силер бул кылыгыңар менен мени эле эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсүн уят кылып жатасыңар!» – деп катуу кейимек.


Ушул жерде бир ой келип жатат. Эгер ислам дини пайда болгон күндөн баштап арап мамлекеттери диний жактан азыркыдай оторчулук, баскынчыл саясат жүргүзгөн болсо, анда ислам динин кабыл алган бир дагы өлкөдө улуттук тил, улуттук өзгөчөлүк, улуттук каада-салт калмак эмес.

Алгачкы сахабалар, алардан кийинки дин жайылтуучулар азыркы биздин дин ишмерлерине караганда алда канча илим-билимдүү, алда канча парасаттуу, алда канча ыймандуу жана сабырдуу болгону үчүн Кудайдын атын да, Мукамбет пайгамбардын атын да сөзсүз арапча айтасыңар деп таңуулаган эмес чыгар.

Башкача айтканда, ар бир улут эне тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө жараша атаган. Кыргыздар Мукамбет, Мамат десе, кавказдыктар Магомет, тажиктер Махмад, дунгандар Мамади, ж.у.с. башка элдер менен улуттар дагы бөлөкчө айткан.


Ал эми бизде бүгүнкүдөй диний экспансия улана берсе, жүз жылдан кийин кыргыз улуту жер жүзүнөн мүлдө жоголуп, азият түспөл «араптарга» айланарыбыз эч күмөнсүз. Мындай саясаттын башатында арап мамлекеттеринен билим алып келген молдокелер турарын баарыбыз билебиз.
Мындан келди, диндин ордосу саналган ал өлкөлөрдүн өзүндө исламдын түпкү насили, түпкү нускасы бурмаланып жаткан жокпу, тынчтыктын, боордоштуктун дини саналган ислам дини диндеги айрым саясатчылардын айынан экспансиялык, оторчул динге айланып калбадыбы? Айтор, ойлондура, кооптондура турган суроолор көп.

Дегеле бүгүнкү күндө коомдук турмуштагы диндин орду кандай болуш керек? Заманбап диндар адам өзү ким, ал кандай болушу зарыл? Арийне, дүйнөлүк диндердин жакындашуусу, өз ара тил табышуусу – замандын талабы.


Ар бир диндин өкүлү бөлөк диндер тууралуу канчалык көбүрөөк билсе, алар жөнүндө канчалык көп окуса, ошончолук жакшы. Ал эми кайсы бир диндин атынан сүйлөгөн, ал диндин кызматчысымын деген адам диний билими менен эле чектелип калбай, дүйнөбий илим-билимден, маданияттан сөзсүз кабардар болушу шарт.

Ар ким өз дининен башка диндер тууралуу да тиешелүү маалыматка эгедер болууга тийиш. Мына ошондо гана андай адам улуттар менен элдердин ортосундагы данакерге айланат.

Мына ошондо диндер адамзатты араздаштырбай, тескерисинче, анын ынтымагын бекемдейт, аны жакындаштырат.


Мен бала кезде аксакалдардан «мусулмандын ыйманы бар – ынсабы жок, орустун ынсабы бар – ыйманы жок» деген сөздү көп угуп калчу элем. Бирок ал кезде анча маани берчү эмесмин. Көрсө, бул сөздүн чоң сыры бар экен.

Кайсы бир жылы бир ислам аалымы мурда катуу чочулап жүргөн Европа өлкөлөрүнө барып калат. Европалыктардын маданиятын, алардын тартибин, ыйбаа-адебин, жан-жаныбарларга жасаган аяр мамилесин көрүп, «чыныгы мусулманчылык бул жакта турбайбы!» деп катуу таң калган экен.

Мен эмне үчүн буларды айтып жатам, мейли намазын калтырбай окусун, мейли отуз күн орозосун тутсун, мейли сакал коюп, сүннөт кийинсин, бирок анын ынсабы жок болсо, т.а. башкаларды ит капкандай каап турса же бирөөлөргө зулумдук көрсөтсө... аны ыймандуу деп айтууга ооз барабы?

Аким Кожоев, жазуучу, журналист, блогчу.
Аким Кожоев, жазуучу, журналист, блогчу.

Деги, андай сабырсыз адам өзү такыба, тынчтыкты тилеген момун мусулман эсептелеби?

Момун мусулман киши – кичипейил, эч кимге кара санабаган ак ниет, кечиримдүү, калыс, айкөл жана сабырдуу болушу керек эмеспи? Анда эмне үчүн биздин диний ишмерлер ушул жагына да көбүрөөк басым жасабайт?

Аким Кожоев,
блогчу.

Ред.: Автордун пикирин редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG