Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Ымыркайларга тарыхый ысымдар көп ыйгарылууда


Адистер акыркы кездерде кыргыздар жаңы төрөлгөн балага тарыхый аттарды коюуга аракет жасап жатканын белгилешет. Ошол эле учурда айрым тарыхчылар кыргыздын нукура аттары өчүп, кыргыз аттары арапташып баратат деп кооптонууда.

Бишкектин Свердлов райондук никени каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжан Атанаева белгилегендей, акыркы кездерде кыргыздар жаңы төрөлгөн балага тарыхый ысымдарды коюга аракет жасап жатышат. Мисалы, эркек балага Жантай, Дастан, Барсбек, кыздарга Арууке, Курманжан деген сыяктуу.

Ошондой эле кинотасма, сериалдардагы каармандардын аттарын ыйгарган учурлар да басымдуу. Мисалы, өткөн жылдары кыздарга Асема деген ат көп коюлган. Мындан сырткары кыздарына Самира, Милана, Жениффер, Аделя деген сыяктуу аттарды бергендер да көп. Гүлжан Атанаеванын айтымында, соңку мезгилдерде балдарга ысымды Курандан алып койгондор да арбыган. Мисалы, Ислам, Абубакир, Искендер жана башкалар.

- Көбүнчө балдарга тарыхый аттар коюлуп атат. Куран китебинен алып койгондор да көп. Ырым-жырымга ишенип, маанисин изилдеп карап ат койгондор да арбын.

Белгилүү ырчы, Кыргыз эл артисти Айчүрөк Иманалиева үч баланын энеси. Ал балдарына Арген, Арлен жана Аэлита деген ысымдарды ыйгарган. Ат коюуда ал да аттардын маанисине көңүл бурганын айтат:

- Баламдын атын Арген койдум. Кыргызда аргендей үнү кубулуп деген сөз бар го. Ошондой эле “арген” кооздук, укмуштуу деген маанини билдирет экен. Арлен деп биринчиден Аргенге уйкаш. Ал эми Аэлита деп кызымын атын атасы койгон. Бул аттын кандай мааниси бар экенин деле ошол кезде сурабаптырмын. Бирок мага бул ат алгач укканда эле жагып калды.

Акын Барчынбек Бугубаевдин жакында кыздуу болгонун угуп, кандай ат койгонун билүү максатында кайрылдык. Ал азырынча ысым тандап жатканын, бирок бир атка токтой элегин билдирди. Тизмеге түшкөн ысымдардын арасында Акатия деген ат да бар. Барчынбек агайдын айтымында, бул Кыргызстанда өскөн, узак жашаган кооз дарак. “Экинчиден, бул атта “ак” деген сөз бар”,- дейт ал.

- Чынын айтсам, атын кое элекмин. Тизмеде 20-30 ат топтолуп калды. Кызым эр жигиттей эстүү, күчтүү, акылдуу, духу бийик, терең болсун деп Эрайым деп койсомбу деп атам. Илимпоздор кыргыздар нурдан жаралган деп айтып жүрбөйбү, Нуриза деп койсомбу деп жатам. Азырынча бир атка токтой элекмин, бардыгы эле жакшы көрүнөт. Канымда Манастын каны жүгүрүп тургандан кийин таза кыргызча ат коюшум керек. Азыр тилчилер менен да кеңешип жатам. Балким дагы бир жакшы ат болуп калаар.

Тарыхчы жана жазуучу Баяс Турал “Улуттук ысымдар – улуу мурас” деген китеп чыгарган. Анда адам аттарына кайрылып, ысымдар тарыхтын өзгөрүшүнө да таасир берээрине токтолгон. Анын айтымында, соңку мезгилдерде кыргыздар нукура кыргыздын аттарын эмес аралашма аттарды көбүрөөк коюп жана кыргыз аттарына салыштырмалуу ошолордун маанисин тереңирээк билишет.

Баяс Турал кыргыздардын аттарды Курандан алып коюусун арапташкан жаңы формага туш келип жатат деп баалады. Анын пикиринде, бул идеологияга айланган дин болууда.

- Мен идеологияга айланган динге каршымын. Бүгүнкү күндө арапташкан адам аттары коюулуп жатса демек, ата-бабаларыбыз койгон адам аттарын койбой аны жоготуп атабыз, экинчиден, тилди кемитип, жакырлантып атабыз. Маселе өзүбүздүн чыныгы кыргыз аттары кайсы, башка аттар кайсылар экенин ажырата албай калганбызда болуп жатат. Муну окумуштуулар ажырата албай жатат. Демек кыргыздар өзүбүздүн тилден канчалык алыстап кеткенибизди ушул адам аттарынан да көрүп турабыз. Кыргыз адам аттары эпос, жомок, элдик оозеки чыгармаларда жатат.

Тарыхчы Баяс Турал бүгүнкү күндө кыргыз адам аттарынан кыргыздын өңү көрүнбөй жатканын да кошумчалады:

- Учурда нукура кыргыз адам аттарынын сөздүгүн түшүндүрмөсү менен түзүп, аны системага салып анан элге сунуш кылуу маселеси турат. Албетте бул көп жылды, эмгекти талап кылат. Мисалы, армяндар, грузиндер сыяктуу. Италиялыктар жана жапондорду өңүн көрбөсөк деле атынан алардын ким экенин билебиз да. Кыргыз адам атынан кыргыздын өңү көрүнбөй жатат. Маселе мына ошондо болууда.

Адистердин айтымында, кыргызда балага ат бергенде кыркы чыккандан кийин атасы этегине салып келип аксакалдардын алдына алып чыккан. Аксакалдардын курамында олуя сыяктуу адамдар да болгон. Алар баланын каситетине, дене түзүлүшүнө, тегине, кайсы күнү, кайсы маалда төрөлдү жана денесиндеги белгилерге карап ат ыйгарышкан. Ат ошол баланын ким болоорун аныктап турган.

Илгертен кыргыздар эркек балага эки-үч ат берсе, кыздарга бир гана ат берген. Мисалы, кыздарга Ай, нур менен байланыштырып Айнур, Айгүл, Нургүл деген аттарды ыйгарышкан. Ат ал тургай адамдын ден соолугуна, коомдогу жүрүш-турушуна, мүнөзүнүн калыптанышына да таасирин тийгизген. Бул байыркы кыргыздарда гана эмес, жалпы эжетерика илимдеринде да ушундай айтылат.

XS
SM
MD
LG