Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

«Керемет окуянын» сырын чечмелей алабызбы? Албетте!


Леонардо да Винчи (1452--1519) тарткан чийме. Лувр музейи, Париж. 2019-жылдын 20-октябры.
Леонардо да Винчи (1452--1519) тарткан чийме. Лувр музейи, Париж. 2019-жылдын 20-октябры.

Туура диний жана илимий аң-сезимдин калыптануусунда «керемет окуя» түшүнүгүн талдоо – олуттуу мааниге ээ. Элмурат Кочкор уулунун «керемет окуя» түшүнүгүнө карата сереби ушул темага арналат.


Дүйнөнүн ар кыл калктарында кеңири жайылган түшүнүктө «керемет окуя» (арапча «мужиза», түркчө «мужизе» – «mucize») түшүнүгүнө «табияттын эрежелерине туура келбеген, диний маңызга ээ болгон кандайдыр бир кубулуш» деп аныктама берилип келет. Бул аныктамага таянып, мисалга, физиканын, биологиянын эрежелерине туура келбеген кубулуштардын жүзөгө ашаарына ишенгендер аз эмес.

Бул түшүнүк бир гана ислам динине эмес, христианчылык, иудаизм, индуизм сыяктуу дээрлик көпчүлүк диний түшүнүктөрдө кездешкен көрүнүш болуп эсептелет. «Мындай кубулуштар чындап эле учуру менен жүзөгө ашып турабы? Же мындай айтымдар теги жок, бирок окуяга күбө болгон жана аны угуп, башкасына айтып берген кишилердин жоромолунан гана куралабы?» деген суроолордун алкагында кызуу талкуу кылымдар бою эле уланып келет.

Үч ири динде ыйык деп табылган Муса (Моисей, Моше) пайгамбардын деңизди экиге жаргандыгы (иудаизмдик түшүнүктө), Иса пайгамбардын атасыз төрөлгөндүгү (христиандык түшүнүктө, жана бул түшүнүктү исламга да таяндыруу мүмкүн), Мукамбет пайгамбардын айды экиге жаргандыгы сыяктуу мисалдар булардын өзгөчө көп ирет талкуулангандарынан бир канчасы десек болот.

Албетте, бул аябай кеңири кеп кылынышы керек болгон, кызыктуу, ошол эле учурда татаал маселе. Андыктан бул маселе тууралуу коомчулук билүүсү керек болгон минималдуу гана негиздерге токтолууну туура көрдүк. Биз да бул чакан макалабызда, алгач «керемет окуя» деген түшүнүк тууралуу кеп кылып, андан соң бул түшүнүккө ислам дининде орун болуп-болбогондугуна токтолобуз.


«Керемет окуя» түшүнүгүнүн тарыхый жараяны

Негизи эле адам баласынын табиятында кандайдыр бир эбегейсиз зор күчкө ишенүү, анын жөлөгүн сезүү, ал менен дайыма байланышта болуп туруу муктаждыгы болуп келгендиги ырас. Ушундан улам, Кудай кандайдыр бир учурларда адаттан сырткаркы жолдор аркылуу, табыяттын мыйзамдарынын алкагында түшүндүрмө берүүгө мүмкүн болгон таризде пенделерине кайрылгандыгына, б.а. керемет окуяга байыртадан бери эле ишенип келген десек жаңылышпайбыз. Байыркы чыгыш, перс, грек ж.б. маданияттарында таризи бири-биринен обочолонгону менен маңызы окшош кубулуштардын жүзөгө ашаарына ынангандар болгондугу маалым.

«Керемет окуянын» күнүбүздөгү аныктамасы XVIII кылымда жашап өткөн шотландиялык философ Дэвид Юмга (David Hume; 1711, Эдинбург — 1776, Эдинбург) таандык экендиги айтылат. Ал керемет окуяны «...табияттын эрежелерин убактылуу токтотуп туруп жүзөгө ашкан кубулуш...» катары сыпаттаган.

Философия тарыхында бул аныктама аябай кызуу талкуу жараткан. Анткени, табияттын мыйзамдары Кудайдын түбөлүктүүлүгүнүн натыйжасы катары көрүлгөндүктөн, табияттын мыйзамдарынын убактылуу токтоп калуусу же бузулуусу Кудайдын табиятынын бузулуусу же убактылуу күчүн жоготуусу деген мааниге келип калмак. Мындай нерсени мүмкүн эмес деп эсептеген ойчулдар Юм айткандай мааниде керемет окуянын жүзөгө ашаарын четке каккан. Бирок бул толугу менен керемет окуяны четке каккан болуп эсептелбейт эле.

Мисалга, Юмдан саал мурдараак, XVII кылымда жашаган эң көрүнүктүү ойчулдардын бири Бенедикт (Барух) Спиноза (1632–1677) керемет окуяга «...табияттын мыйзам ченемдүүлүгүнүн алкагында жүзөгө ашкан, бирок тийиштүү учурдун кишилери тарабынан жеткиликтүү түшүнүлбөй, табияттын мыйзамдарына каршы келген кубулуш деп баа берилген кубулуштар» деп аныктама берген.

Спинозанын ою боюнча, бир доордун адамдары табияттын мыйзамдары тууралуу чектелүү билиминен улам, кээ бир табигый окуяны деле табияттын мыйзамдарынын чегинде чечмелеп түшүнө албай калышы толугу менен мүмкүн. Бул философтун ою боюнча, илимий өнүгүү тынымсыз илгерилеп тургандыктан, эч бир киши табияттын мыйзамдарын толугу менен биле албайт. Андыктан, бүгүнкү шарттарда табияттын мыйзамдары менен чечмелей албай калган кубулуштарды («керемет окуяларды») жокко чыгарууга илимий негиз жетишсиз.

Теисттик диндердин («Кудай бар» деп ынанган ишенимдердин) «керемет окуя» менен билимдин катышы тууралуу учурдагы көз карашы так ушул Спинозанын керемет окуя тууралуу көз карашына шайкеш келип тургандай.

Кыскасы, теисттик диндердин ыйык китептериндеги окуялар баш болуп, пайгамбарларынын кээ бир өзгөчө кыймыл аракетин бүгүнкү билимдин жетишкендиктеринин алкагында түшүндүрүп берүү мүмкүн эместир. Бирок, муну бүгүн билим менен айкалыштыра албаган менен эртең, билим азыркыдан жогорку сереге көтөрүлгөндө, жеңил эле айкалыштыруу ыктымалдыгын алар танышпайт.

Ал эми теисттердин билимдин салмагына такыр маани бербегендери, ишеним артпагандары болсо «Кудайдын кудурети менен бардык нерсе боло берет, буга ишениш керек, чукулабаш керек» деп алдын-ала өкүм чыгарып, изилдөө дептерин эртелеп жаап коё беришет.


Диний ишеним жана «керемет окуя» түшүнүгү

Илимий-философиялык мааниде алсак, Спинозанын аныктамасындагы керемет окуяны жокко чыгарууга негиз жок экендигин түшүндүк. А бирок, бул деген сөз Курандагы жана Ислам тарыхындагы «керемет окуя» деп сыпатталган окуялардын бардыгын тең туурага чыгарабы? Же күнүбүздө да табияттын эрежелеринен ашып түшкөн кубулуш болгонун бирөө айтып келсе, ага априори (текшербестен дароо) ишенүүгө жол ачабы? Бул суроолор жаш муундарда туура дүйнө таанымды калыптандырууда аябай зор мааниге ээ.

Биринчиден, бир нерсени «керемет окуя» деп сыпаттоо – тийиштүү кишинин билим деңгээлине түздөн-түз көз каранды. Жөнөкөй тил менен айтканда, керемет окуя – ар кишинин кабылдоосуна (perception) байланыштуу маселе.

"Фейсбукта" таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.
"Фейсбукта" таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.


Мисалга, жаңы туулган козунун капталында арапча «Алла-таала» деген жазууга окшош белги байкалса, аны илимпоз жөн гана окшош көрүнгөн табигый нерсе катары кабылдаса, ал эми илимий аныктама менен эч иши жок, тар диний сезимдерге гана сүңгүгөн киши болсо муну «керемет окуя», Кудайдын бир («ишаарасы») катары кабылдоосу мүмкүн.

Же болбосо чубалгысыз электр агымын (тогун) электр чырагына которуп, аны күйгүзүү – бир физик үчүн (Тесланын эмгегинен улам) табигый кубулуш, ал эми башкалары үчүн (өзгөчө диний кейиптеги бир киши тарабынан жүзөгө ашырылып жатса), бул – «керемет окуя» катары кабылданышы мүмкүн.
Демек, «Баланча өз көзү менен көрүптүр, Кудайдын буйругу менен ушундай окуя болуптур...» деген сыяктуу же «...тарыхта Баланча көргөн экен, Төлөнчө муну угуп жазып калтырып кеткен экен...» деген жоромолдор тизиминен турган айтымдарды укканда, так ошол «кабылдоо» деген нерсени эске алуу менен сереп салуу (анализдөө) зарыл. Сереп салуу деңгээли жана илимге карата мамилелери кайчы келген эки башка киши үчүн мындай «керемет окуянын» маңызы эки башка чыгаары мыйзам ченемдүү нерсе.

Замир Арыкбаев сыяктуу айрым кыргыз окурмандар Палестинанын асманындагы булутта “Алла” сөзү жазылыптыр бул – чоң сырга тете, деген Жакынкы Чыгышта таркалган видео тасманы жайылтышты. "Фейсбук". 2016-жылдын 23-ноябры.
Замир Арыкбаев сыяктуу айрым кыргыз окурмандар Палестинанын асманындагы булутта “Алла” сөзү жазылыптыр бул – чоң сырга тете, деген Жакынкы Чыгышта таркалган видео тасманы жайылтышты. "Фейсбук". 2016-жылдын 23-ноябры.

Мисалы, жаңылбасам, 2013-жылдары бир булуттун видеосу таркаган. Ал булут кудум эле каарданып карап турган эки көзгө окшоп калган экен. Ага дароо диний маани ыйгарып, айрым дааватчылар Куран аяттарынын коштоосу менен интернетте тарката баштаган. Ошол видеонун алкагындагы жоромолдор да токтобой уланып турган.

«Кудай каардуу жүзүн көрсөттү, күнөөгө көп батып кеттик эле соңку учурларда, Кудай бизге катуурак эскертүү берип жатат...» деген сыяктуу сөздөр көп айтылып жүрдү.

Бул жана буга окшогон окуяларга «Кудай ачуусу келип, жүзүнүн бир четин көрсөтүп эскертүү берип жатат» деп баалоонун негиздүү эмес экендигин бир нече жактан далилдөө мүмкүн.

Биринчиден, Кудайдын жүзүн сүрөт аркылуу чагылдыруунун мүмкүн экендигин айтуунун өзү көйгөй. Анткени, баамыбызда, Кудай феномендик аалам менен чектелген зат эмес. Андыктан анын жүзүн, жамалын феномендик дүйнөнүн каражаттары менен чагылдыруунун өзү мүмкүн эмес.

Экинчиден, «Кудайды кыргыз элинин (же башка элдин) кылык-жоругуна ошол жылдары чыдабай, ачуусу адаттагыдан да көбүрөөк келип кетти» деп түшүнүү – бул динге ишенимдик жактан да көйгөй. Анткени, баамыбызда, Кудай кудурети чексиз жана ал кандайдыр бир нерсени ишке ашырууда сырттан таасирленбейт. Сырткы факторлордон таасирленип, ага карата жаңы кадам таштоону чечүү – күчү чектүү заттарга гана таандык. Мисалга, адам коомдук шарттарга карап кадамдарын өзгөртөт же бир жаныбар өзүнөн күчтүү жаныбар менен беттешпөө үчүн ал жырткыч жок жактар менен басканды тандайт дегендей...

Мындан сырткары, адам баласы жаралгандан тартып эле күнөөнүн көлөмү кемибей келгендиги, болгону эски күнөкөр кетип, жаңысы келип жатканы да маалым. Демек, Кудай өзгөчө 2013-жылдары күнөөнүн көлөмүнөн улам, болгондо да Борбордук Азия чөлкөмүндөгү шамал аркылуу асманда улам өзгөргөн булуттун көрүнүшүнө негизденип «күнөөкөр пенделерине» катуураак эскертүү берүүгө өзгөчө муктаждык туйгандыгына ишенүүгө статистикалык негиз жок.

Үчүнчүдөн, булут – суунун гана буу түрү. Шамал жылдырган сайын анын жердеги кишинин элестетүүсүндө ар кыл нерсеге окшоп калышы – табигый кубулуш. Булутту Кудайдын өз пенделерине кабар жөнөтчү бир курал, каражат катары көрө турган болсок, анда анын ар бир жылышында пайда болгон улам жаңы элеске диний маңыз кийирип жоромолдош керек болот. Бул жагдай – күлкүлүү учурларга гана дуушар кылышы мүмкүн болгон нерсе.

Даанышман Кудайдын өз пенделерине кайрылуусунда алардын акыл-эсин негиз алып, миллиарддаган кишиге көз ачып-жумгуча маалымат жеткирүүгө кудуреттүү илим-билим ыкмасы менен кайрылгандан качып, каяктагы шамал же жел кубалаганда мүнөт сайын болжолдуу элеси өзгөргөн жана кичинекей жер тилкесинин үстүндө гана каалгып жылып турган булут аркылуу кайрылууга аргасыз болуп калгандыгын жактоонун өзү да – куудулдарга гана күлкүлүү окуяны ойлоп табууга жем таштай тургандай аңдоого тете.

Чын ыкластан Кудайдын кайрылуусуна кулак бергиси келген келген мусулман же башка диндин табынуучусу улам өзгөргөн булуттун кейпине эмес, өз дининдеги принциптерге кайрылып келишет.


Курандагы окуялар жана «керемет окуя»


Ыйык Курандагы текст табияттын мыйзамдарына сыйбаган окуяларды да камтыгандыгы маалым. Буларды түшүнүүдө, кең мааниде «дин тили», ал эми тар мааниде «Куран Керимдин тили» деген түшүнүктү эске алуу шарт. Тактап айтканда, Куран тийиштүү коомчулуктун пикир алмашуу тилине карап, эң биринчи кезекте аларга жеткиликтүү деңгээлде түшүнүктүү боло турган таризде түшкөн. Арабистанда жашаган калктын тийиштүү доордогу (пайгамбар жашаган мезгилдеги) тилдик өзгөчөлүгү катары адабий ыр жаттоо, өтмө маани, белгилүү метафораларды, символикалык маанилерди колдонуу аркылуу пикир алмашуу маданияты өзгөчө өнүккөн. Бул жаатта тарых барактарынан дурус биле алабыз.


Демек, Курандагы бардык окуяларды сөзмө-сөз мааниде гана карап, аны түз кабыл алуу туура болбой калат. Куран дагы, бул мааниде, мүдөөсүн так түшүндүрүү максатында ошол доордо кеңири жайылган тилдик өзгөчөлүктүн жана маани жеткирүүнүн аргаларын колдонгон. Муну менен Курандагы табияттын эрежелерине сыйбаган түшүнүктүн бардыгын, өтмө мааниге, тилдик өзгөчөлүккө чыгарып салуудан алыспыз. Муну жактоо менен биз, Курандагы бардык укмуштуу окуяларды, мурдагы диний китетерден жана уламыштардан мурасталган маалыматтарды тарыхый, реалдуу, болгон окуя катары шексиз түрдө кабылдап алуу – туура болбой калат деген пикирибизди баса белгилеп айтып жатабыз.


Мукамбет пайгамбар жана «керемет окуя»


Мушриктер пайгамбарга пайгамбарлыгын далилдөө максатында керемет окуя көрсөтүүсүн сурангандыктан Мукамбет пайгамбардын да керемет окуя көрсөткөндүгү тууралуу көп айтылат. Алгач бул тууралуу, Исра сүрөөсүнүн 53-аятындагы мааниге токтолуу абзел. Анткени бул аятта мушриктердин мындай талабына жооп катары керемет окуя көрсөтүлбөй тургандыгы айтылгандыгын жактаган илимпоздор бар. Мындайча айтканда, Мукамбет пайгамбар аркылуу, Кудай керемет окуя көрсөтпөй тургандыгын ачык айтып жаткандыгын алар жакташат. Курандын бул аятын Мукамбет пайгамбарга байланыштуу керемет окуяларды анализдөөдө эстен чыгарбоо керек деп ойлойм.


Мындан сырткары, пайгамбарга таңууланган мындай маңыздагы кубулуштарды биз бүгүн китептерден гана билебиз. Бул болсо, чынында, пайгамбардын сөз болгон керемет окуяларды көрсөткөндүгүнүн айныгыс далили боло албайт. Эң эле оболу – бул булактар, тактык, кылдаттык менен серепчинин майда көздүү элегинен өтүүгө тийиш.


Шейх учпайт, аны анын окуучулары учурат...

Диндер тарыхына кайрыла турган болсок, өзгөчө Муса менен Иса пайгамбарлар, кийинки доорлордо иудейлер менен христиандар тарабынан жарыштырган. Эки тарап тең өзүнүн динин туура, артык дин экенин жактоо максатында учуру менен Иса жана Муса пайгамбарларга аларда жок артыкчылыктарды деле токуп, аларга ыйгарып турушкан. Ислам динине ишенгендердин айрымдары да дал ушул атаңдашуунун таасиринде калып кеткендей сезилет.

Анткени Мукамбет пайгамбардын улуулугу анын даанышман кишилигинде, сонун адеп-ахлагында экени Курандан маалым. Мукамбет пайгамбар табияттын мыйзамдарынын белин бүкпөсө деле улуу, сыйлуу, даанышман пайгамбар болуп кала берет. Пайгамбардын Исламды алып келүүдөн башкы максаты – элди аң-сезимдик ойгонууга, агартууга салым кошуу эле. Көрүнүп тургандай, кишинин аң-сезимин, акыл-эсин, интеллектуалдык (айдыңдык) деңгээлин көтөрүүгө багытталган доктрина – илимий нормаларга дал келбеген, себеп-натыйжа байланышы күңүрт сыйкыр сыяктуу көрүнүштөргө таянбашы керек.

Мукамбет пайгамбар анын максат-мүдөөсүн аң-сезимдүү түрдө колдоп, ага кошулгандарды чыныгы достору катары сыпаттаган. Кишини аң-сезимдүү кылууга багытталган иштин улуулугуна тан бербестен, «андан көрө мага бир-эки мени таң калтырган кубулуштарды көрсөтсөң, анан сага кошулам...» деген киши менен дос болуу, биргеликте улуу озуйпаларды орундатуу мүмкүнбү? Айтайын дегеним, мушриктер пайгамбарга ишенбей керемет окуя көрсөтүүсүн шарт койсо, пайгамбар да макул болуп аларды сабына кошуу үчүн эң кандай аң-сезимдик өнүгүүгө салым кошпогон керемет окуяларды көрсөтүп отуруу менен убараланып алектенбесе керек эле.

Абал ушундай болгондугуна карабастан, Мукамбет пайгамбардын да керемет окуяга жакын пайгамбар катары таанылып калышына, Исламдын пайгамбарын деле «керемет окуя» көрсөтүү жагынан өзүнөн мурдакы эки пайгамбардан артта калып кетүүсүн каалабаган аң-сезимдин салымы чоң.

Мисалга, керемет окуянын маңызын так ушул өңүттө калемге алып, Мукамбет пайгамбарга такыр дал келбеген «пайгамбардык өзгчөлүктөрдү» жүктөп салган кийинки мусулмандардын катары азыркыга чейин жукарбагандыктан, бүгүн динден сыйкыр күтүп олтуруп, анын нукура баалулуктарын аңдай албай жатат окшойбуз...

Эң таанымалы катары Абу Нуайм ал-Исфаханинин (948, Исфахан, Иран — 1038, Исфахан) Ислам тарыхында алгачкы жолу бул маңызга ээ эмгек катары, «Далаил ан-нубувва» («Пайгамбарлыктын далилдери») аталашындагы эмгегин айтсак болот. Бул китепте пайгамбардын пайгамбар экендигин далилдөө максатында анын жансыз нерселер менен сүйлөшө алгандыгы, аз тамакты көбөйө алгандыгы, келечектеги боло турган нерселер тууралуу мурдатан кабар бере билүүсү, оорукчандарды сакайтып ийгендиги сыяктуу табияттын мыйзамдарына каршы келген, илимий негизге негизделбеген жоромолдук маалыматтар арбын орун алган.

Кыскасы, Пайгамбар учпайт, аны туура тааный албаган үммөтү учурат деген ылакап кептин сыңарындай эмгек сунушталган.

Мындай окуя эски грек маданиятында да күчтүү кишилердин керемет окуя көрсөтө турган касиети бар экенине ишенич болгондугун эске салат. Мисалы, Пифагор өзү четке каккандыгына карабастан, анын аты да элдин арасына керемет окуя көрсөтө турган олуя катары тарап кеткен... Демек, барктаган кишисин касиеттүү көрүү, ар тараптуу кудуреттүү көрүүнү эңсөө – инсандык табияттын буга чейинки тарыхта байкалган өзгөчөлүктөрүнүн бири экен.


Жыйынтыктоочу кеп

Кыска гана корутундуласак, «керемет окуя» тууралуу төмөндөгүлөрдү тизмелөө мүмкүн:
1. «Керемет окуя» – илгерки замандарда (айрымдар үчүн азыр дагы) илим-билимдин деңгээли аркылуу сереп салууга алы убактылуу жетпеген кишилер үчүн кудуреттүү күчтүн ммөсү катары элетстетилсе да, чын-чынында табигый эле кубулуш болушу мүмкүн.

2. Ыйык Курандагы сыпатталган уламыштык окуяларды жапырт керемет окуя катары сыпаттоого негиз жок.

3. Ар башка диндердеги диний булактарга кирип калган «керемет окуяга» байланган мындай маңыздагы түшүнүктөргө илимий серептин кылдат элегинен өткөрүү аркылуу гана баа берилиши керек. Ар кыл демейдегиден тышкаркы кубулушка туш келгенде: «Мен буларга азырынча илимий баа бере албадым. Балким, мунун деле илимий негизде түшүндүрмөсү бардыр» деп айтуунун ордуна, дароо кудуреттүү күч жиберген «керемет окуя» катары сыпаттоо – кишинин өзүнүн билимсиздигин мойнуна алуусунун өзгөчө жарабаган жолу болуп эсептелет деп ойлойбуз.


P.S. Коронавирусту да "кубаттуу күч жиберген жаза" деп кол куушуруп калгандар болду, ага каршы дуба окусак эле жеңебиз дегендер болду, «мен өзүм бул илдетти Кытайга жөнөткөнмүн» деген жалган кудайлар да чыкты. Ал эми Германияда байырлап калган түпкү теги түрк мусулмандарынан болгон жубайлар ар башка диндеги бөлөк илимпоз шериктеринин жана шакирттеринин көмөгү менен кубаттуу вакциналардын бирин өндүрүп чыгышты.

Сөз – иммунолог, вирусолог дарыгер-илимпоз, илим доктору Угур Шахин мырза (Uğur Şahin; ал Түркиянын Искендерун шаарында 1965-жылы 19-сентябрда туулган) жана анын жубайы, рак илдетин изилдөөчү, илим доктору Өзлем Түрежи (Özlem Türeci, ал Германиянын Төмөнкү Саксония жергесиндеги чакан Ластруп шаарчасында түрк тектүү келгиндердин үй-бүлөсүндө 1967-жылы 6-мартта туулган) тууралуу кетип жаткандыгын жаземдебестен билсеңиздер керек.

Алар ачкан вакциналык дары BNT162b2 коду менен белгилүү жана бул вакцинаны германдык жана америкалык ишканалар биргелешип «Pfizer-BioNTech» вакцинасы катары өндүрүүүдө. Быйыл бул вакцина 2 миллиард дозага жеткендей өндүрүлөөрү күтүлүп жатат.

Булар өндүргөн коронавируска каршы эмдөөчү дары – «керемет окуянын» эмес, илим жана технологиянын мөмөсү болду.

Элмурат Кочкор уулу,
блогер.
Ред.:
Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG