Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Баланын алты муктаждыгын канааттандыруу – анын болочогуна жаркын жол


Бешиктеги баланын эл азаматы болуп жетилүүсү - үй-бүлөдөгү мээримден.
Бешиктеги баланын эл азаматы болуп жетилүүсү - үй-бүлөдөгү мээримден.

Балдардын муктаждыгы эмнеде? Алардын канчасын канааттандырдык? Түркияда байырлаган изилдөөчү Элмурат Кочкор уулунун жаш муундарды тарбиялоо жаатындагы кезектеги блог.

Бала тарбиялоо аябай узакка созулган, татаал жана да сабырдуулукту талап кылган жүрүм. Баланын жаш курагына, психологиялык өнүгүүсүнө карап тарбиянын маңызынын өзгөрөөрү маалым. Туура тарбия баланын жаш өзгөчөлүгү жана жеке өнүгүү ыраатын эске алуу менен гана мүмкүн болот.

Бирок, жалпысынан балдардын жетилүүсүнүн жүрүшүндө тарбиянын бардык баскычтарында керектүү болгон компоненттер да бар экендиги талашсыз. Бул макалабызда ар бир бала, бала чагынын бардык доорунда психикалык өзгөчөлүгүнө карабастан бала катары муктаждык туйган алты компонент тууралуу сөз кылабыз.

Бала табиятынан эңсеген 6 муктаждык

1. Дене тийүү муктаждыгы

Баланын бул муктаждыгынын негизин – физикалык (денелик) байланыш түзөт. Тактап айтканда, бала эң башта ата-энесинин кучактоосуна, жыттоосуна, колунан жетелөөсүнө, өбүүсүнө муктаж.

Дене тийүүнүн канчалык маанилүү экендиги 1990-жылдын ортолорунда бир канча кишиден турган илимпоздук топтун Румыниядагы бир педагогдук изилдөөсүнөн да тастыкталган.

Изилдөө жеген тамагы, кийген кийими, жашаган шарттары талапка жооп берген, бирок аз тарбиячы көп баланы тейлеп караган бала бакчада өскөн балдар тууралуу болгон. Аз тарбиячы көп сандагы баланы караганга мажбур болгондуктан, алардын ар-бирин жетиштүү деңгээлде кучактоосу, жыттоосу, көтөрүп жүрүүсү мүмкүн эмес эле... Бул бала бакчада чоңойгон балдардын өзүнүн жаш курагындагыларга салыштырмалуу акырын өскөндүгү жана иммунитети күчсүз болуп калыптангандыгы байкалган.

Демек, «Үстү бүтүн, курсагы ток болсо болду да» деген түшүнүк – балдардын тагдырына доо кетирген түшүнүктөрдүн бири болуп саналат. Бул маселени эмгек мигранттарыбыз да эске алып коюулары абзел.

Чүрпөнү сүтү оозунан кете элек кезинен эле чоң-аталарына таштап: «Биз бутка туруп алгыча, ал дагы чоңоюп калат», – деп тилек кылып, андан узакташып кетүү – анын толук кандуу киши болуп жетилүүсүнө чоң залака тийгизет...

2. Коопсуз сезүү муктаждыгы

Баланын өзүн коопсуз сезүүсү – баладагы «Мени коргоп, колдой тургандар бар» деген сезимдин калыптануусун туюндурат.

Бала өзүнөн чоң же күчтүү бирөөдөн зыян көрүп калуу ыктымалын автоматтык түрдө туят. Мына ошол учурда (мисалга, ата-энесине корголоосунан улам) өзүн коопсуз сезүүсү зор мааниге ээ.

Баланын өзүн коопсуз сезүүсү жаңы нерселер менен таанышуусунун, жаңы нерселерди эксперимент кылуусунун, эркин кадам таштай билүүсүнүн жолун ачат. Анткени бала жаңы дүйнө менен таанышууда кабыла турган тоскоолдук, коркунучтарга карата сарсанаа болбойт. Аны коркунучтардан коргоп, туура кадамдарын колдоп бере тура ата-энеси бар экендиги ага күч берип турат.

3. Түзүм жана тартипке болгон муктаждык

Үй-бүлөдө ар ким оюна келгенин кылса, белгилүү бир тартип, ырааттуулук же түзүм жок болсо, балада толук кандуу кишилик сапаттын калыптануусунда кедерги жаралат. Анткени бала ал үй-бүлөдө белгилүү баалуулуктар системасы бар экендигин, ал жердеги туура жана ката иш-аракет мына ошол баалуулуктарга карап белгиленээрин аңдоого тийиш. Албетте, бул жерде туура баалуулуктарга негизделген туура түзүм жана тартип тууралуу сөз болуп жатат.

Мисалга, коңшусун ушактаганды көнүмүш адатка айлантып алган ата-энелер балдарын башка бирөөнү ушактабоого көндүрө алышпайт.

Башка мисал айтсак: ата-эне өздөрү жакшы көргөн коңшусунун баласын токмоктоп келген күнү өз баласын жазалап, ал эми жаман көргөн коңшусунун баласын токмоктоп келген күнү «Ырас кылыпсың» деп ага чара көрбөй койсо, балада эки жүздүүлүк пайда болот. Же үй-бүлөдөгү бир балага ата-эне өзгөчө жакшы мамиле жасап, анын ката-кемчиликтерин оңой кечирип, бирок ошол эле учурда калгандарына осол же салкын мамиле жасап, аларга көбүрөөк жаза берүүсү сыяктуу теңсиздик да адилеттик маанайды жарата албаган учурга жатат...

Өзгөчө, балага жаза бергенде (мисалга бир канча күнгө элесепет тебүүсүн, уюкфонду колдонуусун чектөө сыяктуу) эмне үчүн жаза берип жаткандыгын ага жеткиликтүү түшүндүрүү зарыл. Бала тийиштүү үй-бүлөдөгү тартипти бузгандыгы үчүн жаза алып жаткандыгын аңдоого тийиш. Антпесе, бала эмне үчүн жаза алып жаткандыгын аңдабагандыктан, өзүн барксыз, керексиз сезет жана муну ата-энеси аны жакшы көрбөгөндүктөн кылды деп эсептейт.

4. Социалдашуу

Баланын коомдук жашоого ыңгайлашуусуна шарт жаратуу зарыл. Албетте бул маанилүү озуйпада да ата-эненин орду чоң.

Жекече, обочо турмуш баланын туура өсүп-жетилүүсү үчүн жеткиликтүү болбой калат. Анткени киши коомдо гана жашай алат. Андыктан, ата-энелер баланы коомдук жашоого ыңгайлаштырып тарбиялоого тийиш. Мисалга, өзүн коомдо кантип алып жүрүүнү, ачуусу келгенде эмне кылышы керек экендигин, жат бирөөгө карата кантип этияттануу керектигин, достору менен уруша кеткен учурда маселени кантип тынч чечүү керектигин билүүгө тийиш.

Бир кызыкты мисал катары кошо кетейин. Айылдан Анкарага келген бир эмгек мигранты башынан өткөргөн таң калыштуу окуяны айтып берди:

«Өткөндө иштен соң метродон чыгып келатып, бир таанышымды көрүп калдым. Экөөбүз сүйлөшүп калып, ал мага: «Сени көрбөгөнүмө көп болуптур, күчкө толуп, зыңкыйган мырза жигит болуп калыпсың эй. Фигураңдын сонундугу футболкаңдын сыртынан эле билинип турат. Карачы!» деди эле, шундай кылып футболкамды ошол жерде шарт чечип, фигурамды бир көрсөтүп койдум эле, элдин баары таң калып мага карашты...» – дейт имиш...

5. Оюн муктаждыгы

Бала оюн ойноо аркылуу эс алат, жаңы нерселерди үйрөнөт, социалдашат. Андыктан, оюн үчүн убакыт бөлүүнү керексиз нерсе катары көрүү туура эмес.

Оюн ойноонун эң уникалдуу пайдаларынын бири – баланы сезимталдыкка үйрөтүү. Бала кубаныч, кайгы, коркунуч тартуулаган окуяларды оюндун ичинде татып көрүүнү (дүүлүгүүнү, сезимге батууну) каалайт. Мында бала сезимдерди оюндун ичинде жашап көрүүсү, ага карата реакциясын жөнгө салууну үйрөнүүсү зор мааниге ээ.

6. Баркталуу муктаждыгы

Ата-эненин баласынын каалоолоруна, айткан тилек же осуят сөздөрүнө маани берип, аны тыңшоосу, ал менен кадимкидей сүйлөшүүсү, жаза берген учурда эмне үчүн жаза бергендигин жеткиликтүү кылып түшүндүрүүсү, ийгилиги менен куттуктоосу, талантын колдоосу ага «Сен биз үчүн маанилүүсү-/барктуусуң» деген сигналды берет.

Аны жакшы көрөөрүн ата-эне тил менен айткан менен мамиледе аны сезбесе, пайдасы дээрлик тийбейт. Бала өзүнө карата жасалган мамиледен баркталып баркталбагандыгын сезет. Андыктан, балага жасалган ар-бир мамиле кылдаттыкты талап кылат.

Ал эми, тескерисинче, баланын сөзүнө маани бербөө, анын каалоолору менен эсептешпөө, аны адам ордуна койбоо, себебин айтпай эле жазалоо сыяктуу көрүнүштөр «Сен эч качан биздин назарыбызда турбайсың» деген маанайды сездирет. Бул болсо тарбияда бир топ өңүттөрдө кемчилик кетүүсү деген мааниге келет.

Тыянак

Негизи эле түтүн булатуу жоопкерчиликтүү иш. Ал эми бул дүйнөгө перзент алып келип, аны тарбиялап коомго кошуу – андан дагы алда канча жоопкерчиликтүү парыз. Анткени, ата-эне, белгилүү бир мааниде, баланын болочокку тагдырына түрткү берет...

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Бул муктаждыктар – баланын табиятындагы муктаждыктар болуп саналат. Аянычтуусу, наристе же өспүрүм бала буларды айта албайт, талап кыла албайт. Бул муктаждыктарды алдын ала аңдап, ошого жараша мамиле кылуу – ата-эненин ыйык парыздарынан десек болот.

Баланын жогорудагы муктаждыктарын кмелине жеткиргендей орундатып өстүрүү, балким, оңой эместир. Бирок толук болбосо да бул муктаждыктардын бир канчасын так орундатуу – тарбиядагы олуттуу ийгиликке тете.

Элмурат Кочкор уулу,

илимпоз, блогчу.

XS
SM
MD
LG