Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Диний аң-сезим – диний күндемди белгилейт!


Фейсбукта кыргызча таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.
Фейсбукта кыргызча таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.

Айрымдар “сыйкырдуу” деп кабыл алган көрүнүштү же окуяны түркөйлүктү ого бетер жайылтуу үчүн да колдонсо болот, андайдын сырын илим ача алат деген ураан астында чечмелесе да болот. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар.


Менин диний түшүнүгүмдө диний эрежелер, негиздер дайыма акылдын, логиканын талабына жооп берүүгө тийиш. Эгерде акылды, логиканы чектеген, аны четтеткен кандайдыр бир түшүнүктү четке кагуудан коркпоо, тескерисинче аны эр жүрөктүк менен жасоо шарт. Бул оюмду, өзгөчө иудаизмди, христианчылыкты жана исламды жогорулатып окугандар, илимий негизде маселени талкууга алгандар ырасташат.

Бирок, бул ойду толугу менен катага чыгарган көз карашты жактаган илимпоздор деле толтура. Бул эми илимдин табияты деңизчи. Ар кыл көз караш чыгат, жана талкуу жүрүп турат. Маселе, ушул сыяктуу эки ача көз карашты талкуулоодо урушуп-талашпай, кырылышпай маданияттуулук менен талкуулай алууда. Биздин коомдун диний аң-сезиминин калыптануусундагы трагедиясы так ушул жерде.

Керемет көргөзгөн шейх
2013-жылы бир себептер менен Түркиянын чыгышындагы Урфа шаарына барып калдым. Ал жерге ошол күнү бир чоң шейх (шайык) келип, «керемет» көргөзгөнү камданып жатканын уктум. (Керемет ­ аалым, олуяларга берилген сырдуу, физикалык эрежелерге баш ийбеген кубулуш, күч.)

Андай нерселерге ынанбаган, мындайдын илимий негизде мүмкүн эмес экендигин жактаган киши катары кызыгып бардым. Кыскасы жанагы шейх келип, жактоочулары үймөлөктөп, өздөрүнүн форматында зикир чалынып жатыптыр. Шейх керемет көргөзгөндө жанына барып, өзгөчө көздү чекчейтип карап турдум, алдап атабы же чындап эле сырдуу күчү барбы дегендей ой менен.

Окуя мындай болду. Шейх бир алаканын ачты, жакын окуучусу анын алаканына сигареттин тамекисинен эки-үч күкүм таштады. Шейх экинчи алаканын да ачып көрсөттү. Эки колунда тең жанагы тамекинин күкүмүнөн башка эч нерсе жок эле.

Экинчи алаканы менен биринчи алаканын жаап, ушалай баштады. Бир аз ушалаган соң алакандарын акырын ачты. Ал жерде эки даана данек чыкты. Билектерин, кийиминин жеңин колдорунун кыймылын дыкат менен атайы карап турган элем болбосо...

Анан «Бул данектер азыр бейиштен келди»,- деди да, ал кишиден бата сурап келип жанына чөгөлөп отурган кишиге жедирди.

Мен бул окуяга күбө болдум. Бул жерде окугандарым башканы, бул жерде көргөнүм башканы айтып калды. Бирок, ынангым келбеди. Анткени, кишини жаңылтып коюунун түрдүү жолдору бар эмеспи? «Балким мен жаңылып калгандырмын»,- дебестен дароо ал көргөндөрүмдү акыйкат катары кабыл алып, илим дүйнөсүнүн дөө-шаалары жазган эмгектериндеги билимди дароо катага чыгаруу туура болбой калат эле...

Биринчи күмөнүм, колунда данек пайда болгон учурда деле жанагы тамекинин күкүмдөрү ошол жерде турат болчу... Демек, тамекинин күкүмүн алаканга алуу көрүүчүнү жаңылтуу үчүн кандайдыр бир кадам, бул номердин атайы жасалган бир бөлүгү деп туруп ойлонуп калдым.

Катуу таасирленген эмесмин, бирок кандай кылганын билгим келип чекеде көпкө ойлонуп отуруп калдым. Кыскасы, бейиштен данек алып келгенине ынанбасам да аны өзүмчө далилге таяндыруу кыйын болуп жатты.

Ошондо шейхтин жанындагы шакирти (шейхтин колуна тамекинин күкүмүн таштаган киши) мага жакындап келип, кепке тартты. Андан мурун ал киши менен учкай таанышкан болчумун.

Ал мага келип: «Менин кенже иним бул жакка келип тиш доктурлукка окугусу келет. Кандай жолдор, кандай стипендиялык программалар бар? Айтып бере аласызбы?» - деди. Албетте, деп мен билген жол-жоболорду айттым, тиги киши рахматын айтып кетти...

Бул окуядан соң, жанагы мени экиленткен шек-күмөндү толугу менен жокко чыгарды.

Шейх эмес мен окуган китептерди жазган илимпоздор туураны айтып жаткандыгына толук ынандым. Анткени, заматта бейиштен данек алдырып келип, башкаларга жедире ала турган кудуреттүү кишинин эң жакын шакирти (өз иниси үчүн) стипендияга муктаж болбошу керек эле.

Бул тыянактан соң, ал жердеги иллюзияны толук чечмелей албасам да, шейхтин өзү айткан кудуретке ээ эмес экендиги мен үчүн айдан ачык болгон.

Муса пайгамбар Фараондон эмне үчүн качкан?
Диндер тарыхынан Муса пайгамбар менен мысырдык фараондун күрөшү баарыбызга маалым. Икаяда Муса өзүнүн тарапташтарын фараондон алып качып баратып, деңизди экиге жарып, жол ачып өтүп кеткендиги айтылат.

Өткөндө бир карикатура көрүп калдым. Карикатурада Муса пайгамбар өтө көп азап-тозок менен, аараондун соккуларына кабылып качып баратып айтылуу деңизге келип такалып калган жерде, асасын (таягын) деңизге тийгизээри менен деңиз экиге бөлүнүп жол ачылат.

Аркадан кууп келе жаткан фараон жана аскерлери жакындап кете электе дароо өтүп кетүүгө шашылып жаткан Мусаны бир аксакал токтотуп алып сурап жатат:

«Эй Муса! Сенин деңизди экиге жара турганчалык кудуретиң бар экен го! Деңизди эки жаргандан көрө фараонду экиге жарсаң болмок экен... Бизди неге мынча кыйнадың, биз неге Фараондон качтык анда?» - деп суроо берип жатыптыр.

Чындыгында ойлоно турган суроо эмес бекен?

Уча алган кишиге акча керекпи?
Бир учурларда дүйнөгө атагы чыккан америкалык сыйкырчы (иллюзионист, гипнотизёр) Дэвид Копперфилд Түркияга келген экен. Ал өз көрсөтүүсүндө кадимкидей учкан экен. Албетте, бул бир искусство. Көрүүчүлөр ал жерге искусство чеберинин сахнаны канчалык чебердик менен колдонуп элди таң калтырганын көрүү үчүн барышат эмеспи.

Анын сахнадагы өнөрүн көрүп олтургандардын арасында Түркияга белгилүү куудул Жем Йылмаз да болгон экен.

Ал бир сөзүндө «Мен Копперфилддин сахнада учуп жүргөнүн көрүп, анын чебердигине суктанып, ага кол чаап коштоп олтурсам, менин аркамдагы эки киши сөөмөйү менен Коопперфилдди көрсөтүп, «Чындап учкан жок жалганчы. Аркасында сөзсүз жип бар болсо керек, карасаң жип тургансыйт...» - деп жатыптыр.

Америкалык иллюзия жасоо өнөрүнүн ээси Дэвид Копперфилд.
Америкалык иллюзия жасоо өнөрүнүн ээси Дэвид Копперфилд.

Булар айнып калганбы же? Албетте киши деген учпайт да. Ал деген сахнадагы бир көрсөтүү го! Копперфилд чындап эле уча алса, андай уникалдуу жөндөмдүүлүгүн билет сатып акча табууга колдонбосо керек эле. Уча алган болсо дароо эле пайгабарлыгын жарыялап чыкмак да...» - деп, тиги кишилердин ой-жүгүртүүсүн какшыкап сындаган жери бар.

Бул жерде Йылмаз сахнадагы,атайын адамдардын көңүлүн ачуу максатында коюлган көрсөтүүнү чын деп кабыл алуунун ары күлкүлүү, ары кейиштүү экенине басым жасаган.

Демек, жогорудагы эки окуяда болгондой эле, бир көрүнүштү кеңири, бардык компоненттери менен бирге жана өзүнүн форматында карабасак, анын чыныгы маңызын түшүнүп жетүү мүмкүн болбойт. Тескерисинче, бул учурда күлкүлүү абалга түшүп калуу да турган кеп.

Усулдук жаңылыш – учурдук жарты иш
«Акылдын жолу бир»,- демекчи, бул тыянак Муса пайгамбардын бул икаясын туура эмес эле жоромолдоп келгенибизди айгинелейт. Бул жана бул сыяктуу диний икаяларды ушинтип тайыз түшүнүүнүн натыйжасында, бүгүн сакалды узун өстүрүп, чоң селдени кийип, кээде бакырып-кыйкырып, кээде болсо ыйлап баян (масала), диний насаат айткандарды Кудайдын куттуу пендеси көрүп калдык.

Илимпозду ээрчиген коом менен диний кейиптеги кишилерди ээрчиген коомдун айырмасын учурдагы абал жеткиликтүү сүрөттөп турат деп ойлойм.

Дегеле ыйык китептерди, андагы икаяларды туура эмес жоромолдоонун натыйжасында аймактык кризистер чыккандай эл аралык өлчөмдөгү кризистер, кагылышуулар да чыккандыгы жашыруун эмес.

Бул балким бир аз апырткандай сезилиши мүмкүн бирок, жеке пикиримде, Жакынкы Чыгыштагы соңку жылдардагы чоң жаңжалдардын, согуштардын түпкүрүндө чабал диний жоромолдор турат деп айтууга болот.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Урматтуу чоңдорго, өлкөнүн дин саясатын тескегендерге арналат!

Диний адабияттардагы маалыматтар, диний аң-сезимди, ал эми диний аң-сезим диний күндемди пайда кыларын эске алып, багытты түздөн албасак кеч болуп калабы дейм?..

Мамлекеттин дин саясатын кызыктырган буга окшогон «майда барат» нерселер эртең чоң тоскоолдукка айланбаса. Бүгүн мурдубузду кеспей жаткан нерселер эртең баш кесер болуп чыкпаса болду...

Элмурат Кочкор уулу,
блогчу, Түркия.

XS
SM
MD
LG