Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Диний башкарууга аялдар аралашуусу керекпи?


Дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Ошто өткөрүлгөн иш-чарада тартылган сүрөт. 2-февраль, 2020-жыл.
Дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Ошто өткөрүлгөн иш-чарада тартылган сүрөт. 2-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстанда муфтияттагы жетекчилик орундардын бирин аял кишиге берүү демилгеси талкууланып жатат.

Активист кыз-келиндер мындай сунушту мусулман аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу аракети менен негиздешүүдө. Ошол эле учурда айрым дин өкүлдөрү аялдардын диний башкарууга аралашуусун колдобойт.

"Азаттыктын" “Биз жана дин” түрмөгүндө ушул маселе талданды.

Акыркы кезде мусулман активист аялдар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтияттын) курамында аялдар менен иштөө бөлүмүн түзүү зарыл деген маселе көтөрүшүүдө.

Диний башкарууга аялдар аралашуусу керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:18 0:00
Түз линк

Социалдык тармактарда муфтийдин орун басары кызматына аялзатын дайындоо тууралуу сунуштар дагы айтылууда. Алар бул орунга дайындала турган киши мусулман аялдарынын социалдык жана гендердик маселелери менен алектениши керек деген жүйө келтиришүүдө. Аялдар нике, талак, үй-бүлөдө жаралган көйгөйлөр тууралуу суроолорду имам, молдолорго берүүдө ыңгайсыз болуп жатканы да негиз катары айтылды. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана социалдык маселелерде аялдардын үнү угулса, аларды чечүүгө оңой болмок дегендер да бар.

Мындай сунушка ислам дининин өкүлдөрүнүн пикирлери кандай?

Асан Саипов
Асан Саипов

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мугалими, дин таануучу Асан Саипов төмөнкүдөй көз карашта:

"Сөзсүз эле муфтияттагы жетекчи кызматта аял киши иштесин” деген биринчиден, шариятка туура келбейт. Эгерде жетекчилик кызматка аял киши келип калса, анда кандай болуп калат? Жетекчилик кызматка аял кишинин келиши муфтиятка туура келбейт”.

Ошол эле кезде активист аялдар жетекчи болууга шариятта тыюу жок экенин билдирип жатышат. “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызынын башка мамлекеттерде бул тажрыйба бар экенине токтолду:

Жамал Фронтбек кызы
Жамал Фронтбек кызы

"Биринчиден, шарият буга тыюу салбайт. Экинчиден, Түркияда бир жума мурда аял киши муфтийдин орун басары болду. Азербайжанда, Малайзияда, Индонезияда Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүндө аялдар бар. Алар биз менен сүйлөшкөн. “Биз дагы фатва чыгара алабыз. Мүмкүнчүлүгүбүз бар” дешкен. Аялдардын келишине эч бир тоскоолдук жок деп ойлоймун. Мүмкүн, биздин кээ бир эркектер аялдар менен иштешкенди каалашпайт. Аялдардын расмий түрдө муфтиятка келип иштешинен коркушат десек болот. Бирок, муфтийдин орун басары аял болуп, айымдар, балдар менен иштеген чоң багытты алып кетсе жакшы болмок. Аялдар үчүн системалуу түрдө көп иш-чаралар өтөт эле. Муфтияттын бюджеттин пландоого, стратегиясын иштеп чыгууга дагы аялдардын салымы кошулмак. Айымдар менен дагы стратегиялык иштерди алып барса, аларды пландаштырса, окууларды жүргүзүп, аялдарга башкача мүмкүнчүлүк түзүп берсе, чоң жардам болмок деп ойлойм. Муфтиятка, Аалымдар кеңешине дагы пайдасы тиймек", - деди Жамал Фронтбек кызы.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев аялдардын мусулман коомчулугунун башында иштешине каршы эмес. Бирок, кандайдыр бир чек болушу керек деп эсептейт:

Максат Атабаев
Максат Атабаев

"Үй-бүлө - бул кичинекей коом болгону менен ар бир чоң коомдун башаты. Андыктан, исламда аялдын үй-бүлөдөгү ордуна чоң маани берилген. Үй-бүлө туура нукка багыт алышы үчүн аял-эркек өз милдеттерин аткарып жашашы керек. Аял кишинин билим алуу укугу айкын маселе. Анткени, пайгамбарыбыз “Илим талап кылуу ар бир мусулман эркек жана мусулман аялдын милдети” деген хадис калтырган. Андыктан, аялдын билим алышына тоскоолдук жаратуу анын укугун тебелөөгө жатат. Шариятта аял киши иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багууга милдеттүү эмес. Албетте, аялдын коомдогу иштерге катышуусунда шарият чегинен чыкпоо зарылдыгын дагы эске алуу зарыл".

Башка мамлекеттерди мисалга алсак, Түркиянын диний “Дианет” башкармалыгында атайын аялдар менен иштей турган бөлүмдөр бар. Дин таануучу Асан Саипов мындай институттарды Кыргызстанда да түзсө болорун айтууда:

"Бизде дагы кыйыр түрдө муфтияттын алдында аялдар уюмун ачып, аялдар менен жакындан иштей турган институт түзсө болот. Эмнеге болбосун? Албетте, бүгүнкү күндө аялдарыбызга, кыздарыбызга шарт түзүп, динди көбүрөөк үйрөнүүсүнө салым кошушубуз керек. Ашыкча “демократиялашып” кетип жаткан жаштарыбызга алдын ала бөгөт коюу, динибизди, терең ыйманыбызды, мамлекеттин жүргүзгөн саясатынын негизинде колдоп-кубаттап, өзүбүздүн када-салт, үрп–адаттарыбызды четке кагып, башкача агымдарга кетип жаткан мекендештерибизди туура нукка багыттоодо аялдар бөлүмүнүн жардамы болмок. Ушуларды тизгиндөө максатында аялдар арасында көп иш–чараларды жүргүзүү зарыл. Аялардын укук маселелерин караш керек. Шариятыбызда бардык нерсе бар. Пайгамбарыбыз 14 кылым мурда эле аялдардын коомдогу ролун ордуна койгон. Албетте, муфтиятта аялдар бөлүмүн ачып, алар менен жакындан иштөө мүмкүнчүлүгүн түзсө болот".

Чет өлкөдөн диний билим алгандар ич ара жиктелүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:51 0:00
Түз линк

Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы азыр деле аялзаты менен иш алып барып жатканын белгиледи:

"Муфтияттын алдында атайын аялдар менен иштөө бөлүмү ачылып, бир топ иштерди аткарууга жетишти. Ошондой эле 2017-жылы муфтият облустардагы казыяттардын алдында жалпы 40 аялдардын окуу борборун ачып, программасы бекитилди. Айымдардын диний сабатсыздыгын жоюу боюнча бир топ окуулар уюштурулду. Окуу борборлордо атайын мугалим эжелер иш алып барышат".

Атабаевдин айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы айымдар менен иштеген атайын бөлүм ачып, шарияттын чегинде фатва берүүгө билими жеткен айымдардын тобун түзүп, аларды атайын окуудан өткөрүүнү пландап жатат.

Бирок активист Жамал Фронтбек кызы муфтиятта аялдар бөлүмү расмий ишин токтотконун белгиледи.

"Ар бир облустук казыяттарда аялдар иштечү. Аларга муфтияттын бюджетинен айлык акы дагы берилген. Расмий десек болот, азыркы учурда аялдар менен иштешүү токтотулган. Аялдар медреселерде, борборлордо иштеп жүрүшөт. Бирок, алардын эч кимиси муфтияттан айлык албайт. Албетте, аялдар менен иштөө өтө зарыл маселе. Аялдар бөлүмү ачылыш керек. Ал бөлүмдө бир эле адам иштебей, облустардагы казыяттарда дагы системалуу түрдө айымдар менен иштеген аял адис керек".

Дин таануучу Асан Саипов муфтият диндар аялдарга мүмкүнчүлүктөрдү ачып бериши керек деп эсептейт:

"Бөлүмдү ачып койсо, аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылат дегенге ишенбеш керек. Себеби, муфтият өзү бүгүнкү күндө оор абалда. Мурунку муфтиятын курамынын жасаган иш-аракеттери аркылуу карызга батты. Жаңы келе турган муфтияттын курамы эң күчтүү система менен келиш керек. Мурунку “эскилерден” тазаланышы шарт. Мамлекетибиз кандай жаңыланып, тазаланып жаткан болсо, муфтият дагы толук тазаланууга муктаж. Жаңыча иштерди алып барышы зарыл. Жаңы система менен иштесек, коомдогу эркектердин эле эмес, аялдардын маселесин чечүү - бүгүнкү күндүн талабы".

Активист Жамал Фронтбек кызы болсо мусулман дин башкармалыгындагы башкарууга аялдарды аралаштыруу - азыркыдай башаламандык менен коррупциянын алдын алмак деген ою менен бөлүштү:

"Мен мурунку курултайда да айткан болчумун. “Курултайга жалаң эле эркектерди делегат кылып чакырбаңыздар. Биз Ооганстан же Пакистан эмеспиз. Кыргызстанда мыйзам бар. Жок дегенде айымдар 30% болушу керек. Ал болбосо дагы жок дегенде курултайдын делегаттарынын 15-20% аялдар түзүүгө тийиш. Азыр дагы көпчүлүк учурда“билимдүү аялдар аз” деп айтылып жатат. Азыр “Аль Азхар” университетин, Татарстандагы Ислам университетин аяктаган, 1994–жылдан бери Кыргызстан Ислам университетин бүткөн илимдин кандидаты, доктордук диссертациясын коргогон кыз-келиндер бизде жетиштүү. Мүмкүн, муфтиятка ушундай айымдар керек. Алар аралашса азыркыдай ызы-чуу болмок эмес. Айымдар коррупциялык схемаларга жол бербейт эле. Алардын билимдүүлөрү бар. Муфтияттын, Аалымдар кеңешинин деңгээлин көтөргөнгө чоң салымдарын кошмок деп ишенем".

Ошентип, мусулмандар дин башкармалыгындагы жооптуу кызматтарга аялдарды да коюу боюнча бир кылка пикир жок. Талдоочулар диндар аялдарга тиешелүү маселеге комплекстүү мамиле жасоо керектигин көптөн бери айтып келатышат.

2021–жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтүп, муфтийди жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн кайрадан шайлоо болмок. Муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулунун сунушу менен ал 29-майга жылды.

Муфтият айланткан миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:02 0:00

XS
SM
MD
LG