Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

"Муфтийликке талапкерди тандаган комиссия коркутууга кабылды"


Акылбек Халбеков - Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жооптуу катчысы.
Акылбек Халбеков - Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жооптуу катчысы.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленди.

Буга чейин талапкерлерди каттоо комиссиясынын төрагасы кысым болуп жатканын айтып, Аалымдар кеңешине кат жолдогон. Талапкерлердин экстремисттик уюмдарга байланышын, алардын бул кызматка ылайыктуу экенин тыкыр иликтеп чыгуу керектигин сунуш кылган. Аалымдар кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек Халбеков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Аалымдар кеңеши кезексиз жыйында муфтий шайлоо боюнча курултайды жылдырууну чечкен экен. Ага эмне негиз болду?

- Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйыны коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн өттү. Анда Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайын жылдыруу маселеси каралып, 29-майга белгиленди. Курултайдын жылышына олуттуу себеп бар. Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө, азирети муфтийдин кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди кылдат иликтеп чыгуу, алардын экстремисттик уюмдарга мүчө эместигин текшерүү, айрымдарынын дипломдорунун аныктыгын билүү үчүн Орусияга кат жолдонуп жатат. Кээ бирлери Орусиянын окуу жайларынын дипломун алышкан экен. Ушундай маселелерден улам жылды. Буга чейин белгиленген убакыт өтө аз. Ал мөөнөттүн ичинде баарын кылдат карап, тактап, текшерип чыгуу кыйын экен. Ошол себептүү Каттоо жана аттестациялык комиссия ушундай сураныч менен Аалымдар кеңешине кат жолдогон. Анын негизинде, тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен кеңешип, Аалымдар кеңеши курултайды жылдырууну чечти. Комиссиянын курамына дагы эки мүчө кошулду. Алардын жардамы менен белгиленген мөөнөттө документтерди кылдат текшерип, сынакты ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот.

- Талапкерлерди караган атайын комиссиянын төрагасы Аалымдар кеңешине жолдогон катында коркутуп-үркүтүү, басым-кысымга кабылганын жарыялаган эле. Талапкерлердин бири - Шакир Маматовду өткөргүлө деп талап кылып жатышканын айткан. Бул маалымат териштирилип, текшерилеби? Укук коргоо органдарына кайрылуу болдубу?

- Чындыгында, Аалымдар кеңешинин атайын токтому менен түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо комиссиясына айрым адамдар тарабынан кысым болду. Комиссиянын жыйындарын үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашты. Муфтиятка, Аалымдар кеңешине каттарды жазышып, комиссияны таратууга да чакырыктар жасалды. Бирок андай кысымдарга карабай, комиссия ушул күнгө чейин өз ишин ийгиликтүү жүргүздү. Кыргызстандагы абройлуу аалымдардын бири, комиссиянын төрагасы Мамасабыр Досбол уулуна да телефон чалып, коркутуу, опузалоо болгону белгилүү болду. Аалымдар кеңешинин төрагасы бул боюнча укук коргоо органдарына кат жолдоп, чара көрүүнү өтүндү. Биз, Аалымдар кеңешинин жалпы мүчөлөрү буга укук коргоо органдары оң жооп кайтарып, тиешелүү органдарга чара көрөт деп ишенебиз.

- Курултайдын мөөнөтүн жылдыруудан тышкары, атайын комиссиянын жетекчисинин катында айтылган маселелер боюнча эмне деген чечим кабыл алынды?

- Каттоо жана аттестациялоо комиссиянын төрагасы, Кыргызстандагы көптөгөн дин аалымдарынын дагы устазы болуп саналат. Ал кишинин жазган каты жыйында ачык каралды. Каттын мазмуну менен жыйындын катышуучулары таанышты. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бул окуяга кабатырлануу билдиришип, укук коргоо органдары коркутуп, опузалагандарга тиешелүү чара көрөт деп ишенип турушат. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Ар ким оюна келген мындай жоруктарды жасабашы керек. Жасагандар мыйзамдын алкагында тийиштүү жоопко тартылышы керек деп эсептейбиз.

- Муфтий шайлоонун тегерегиндеги мындай терс көрүнүштөр эмнеден кабар берет?

- Биздин оюбузча, мындай терс көрүнүштөр, туура эмес сөздөрдү айткандар же ар кандай каттарды жазгандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставынан такыр кабары жок. Каттоо жана аттестациялоо комиссиясына Аалымдар кеңеши тарабынан коюлган талаптарды да билишпесе керек. Алар өздөрүнүн эмоционалдык билдирүүлөрүн кат жана телефон аркылуу жолдошуптур. Бул эми уставды билбегендик. Уставда муфтийликке талапкерлигин койгон адам кандай өзгөчөлүктөргө ээ болушу керек, кантип тандалууга тийиш, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнө кандай талаптар коюла турганы так көрсөтүлгөн.

- Аалымдар кеңешине мүчөлүккө, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлерди абдан тыкыр текшерүү керектигин айтып жатасыздар. Алардын экстремисттик уюмдар, криминал менен байланышы бар же жогун кантип аныктайсыңар? 29-майга чейин комиссия талапкерлерди тыкыр карап чыгууга жетишеби?

- Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы мекемелер аралык комиссия болуп саналат. Анын курамында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да бар. Аалымдар кеңеши зарыл болгон учурда башка да мамлекеттик органдардын жардамын пайдаланат. Бул жагдай талапкерлердин тек-жайын так аныктоого мүмкүндүк берет. Алдыга коюлган эки айлык мөөнөт ичинде талапкерлер боюнча так маалымат алууга мүмкүнчүлүк болот деп ойлойбуз.

Маалымат үчүн:

Муфтий шайлоо боюнча курултай 5-апрелге белгиленген болчу. Бирок Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулу 29-мартта курултайды жылдырууну сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон. Буга муфтийликке талапкерлердин жактоочуларынын бири өзүнө телефон чалып, коркутканын, билими шайкеш келбегенине карабай, Шакир Маматовду алдыга өткөрүүнү талап кылганын жүйө келтирген. Чүй облусунун казысы да комиссияга ушундай эле талап менен психологиялык басым кылып жатканын белгилеген. Комиссия мүчөлөрүнө мындан башка да басым-кысым болуп жатканын жарыялаган.

Натыйжада, талапкерлерди жана курултайдын делегаттарынын бул орунга ылайыктуу экенин жана алардын тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен байланышын текшерип чыгуу үчүн убакыт керек деген негизде жыйындын мөөнөтүн бир айга жылдырып берүүнү Аалымдар кеңешинен суранган.

Катта аты аталган Шакир Маматов жана Чүй облусунун казысы өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек.

Аталган комиссия 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктаган. Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берген. Алар:

1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Жээналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов

Мындан тышкары курултайда Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы шайланууга тийиш. Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 21 киши арыз тапшырып, каттоодон өткөн.

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.

Муфтият чыры жана дин саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 1:09:06 0:00

XS
SM
MD
LG