Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Казино маселесине динди кыпчыган саясат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда казинолорду легалдаштырууга карата ар кандай ойлор айтылып, бир топ кызуу талаш-талкуу жаратты.

Казынаны казинодон түшкөн салык менен толтурууну көздөгөндөр менен элдин рухий саламаттыгын башкы орунга коюп, ырааттуу, гармониялуу жашоо таризибиздин бузулуп кетишинен чочулаган тараптардын пикирлери маалымат майданында жакшы эле күч сынашты.

Албетте мындай абалды ар түрдүү упай топтой калуунун дартына түшкөн «алып-сатарлар» да элдин диний, салттык сезимдерин тыткылап, жасалма «эр» боло калуудан узак тура алышкан жок.

Азыркы абалыбыз баарына маалым. Араң каз-каз турган экономикабыз пандемия жана соңку "саясий шарлатандыктан" улам бир топ күчүн жоготту. Андыктан учурда бийликтин бар күчү менен казынаны толтурууга аракет жасагысы келип жатканын түшүнсө болот. Буга муктаждык бар. Бирок казынаны толтурууда казинонун салыгы канчалык зарыл экени талкууга ачык.

Бул жерде бул демилгени көтөрүп чыккандардын ою боюнча казинонун терс таасирлеринен өлкөбүздүн жарандарын коргоп калса болот. Кыргыз жарандарынын кумарканага кирүүсүнө тыюу салуу менен муну камсыздаса болорун айтышууда. Ал эми каршы чыккан тарап, бул зыяндан бийлик элди коргой албай турганын бетке кармап турган кези.

Кыскасы, маселенин өзөгүн казинодон түшкөн акчалай киреше менен кыргыз жаштарынын бул коркунучка кирип кетүү коркунучу түзүп жатат. Бийлик айтылуу коркунучту минималдаштыруу аркылуу казинолордон максималдуу пайда көрүү үчүн элди көндүрүүнүн дартында. Ал эми андан келе турган акчадан ансыз деле үмүтү жок, бийликке жарытарлык ишеними калбаган калың журттун "ач кулактан тынч кулак" деп казинолордун ишке киришине каршы чыгып турган кези.

Этек жаман жерден жыртылган

Буга кыргыз коому ишенгиси, ынангысы келсе керек эле. Тактап айтканда чындап эле казинолордо чет мамлекеттен келген туристтер гана ойноп, биздин жарандарга тыюу салынып, алардын салыгы менен казынаны калыңдата берүүнү ким каалабасын?

Негизи жогорку менеджердик жөндөм жана мыкты тартип менен бул иштин зыяндарынан кыргыз жарандарын алгылыктуу деңгээлде оолак тутса болот. Бул нерсе теорияда мүмкүн. Бирок маселенин эң кызык жери муну кылганга биздикилер саясий, этикалык эркти көрсөтүп- көрсөтпөгөнүндө жатат. Маселенин дал ушул талуу жерин жакшы түшүнгөн катмар бийликтин бул демилгесине каршы чыгууда.

Демек, бул ишке каршы болгон катмардын макулдугун алууда «Бийлик кумарканадан кыргыз жарандарын оолак тутуунун кепилдигин кантип берет?» деген суроонун жообу чечүүчү күчкө ээ. Бул өтө олуттуу суроо. Анткени бийлик кепилдик берерин айтып жатат, элдин белгилүү катмары буга ишенбестик көрсөтүп жатат. Натыйжада күүлөнүп демилгеленип чыккан бул иш, белгилүү катмардын каршы чыгуусунун айынан токтогону калды. Маселе бийликтин бул иште принципке так турарына элди ишендирүүсүндө турат.

Тилекке каршы, өткөн 30 жылда сөзүнө туруу жагынан бийликтин канчалык ийгиликтүү боло алгандыгы маалым. Андыктан бүгүн «Мага ишенип койгула» дегенге этикалык укугу жок калды окшойт. Чындыгында учурдагы убадалардын негизинде казинолор ачылып, бирок эртең кыргыз жарандары да казинолоп, таанышы таасирдүү казино ээлери салыкты төкпөй, салык казынага эмес, түбү тешик чөнтөктөргө төгүлө баштаса ким жооп берет?

Бул жолкусунда казинодон түшкөн кирешени тымызын жеке капчыкка жыра тарттырып жибербөөнүн кепилдигин бийлик бере алабы? Бул жолкусунда бийлик, бюджетке бараткан кирешенин жолун тороп жыргагандарга дароо чара көрөбү же журналисттер кармап алып, республикалык деңгээлде ызы-чуу чыкканча күтүп турабы?

Бул жолкусунда да элдин акысын жегендерди жоопкерчиликке тартууда эл факт бергенге милдеттүү болобу? Муну демилгелеп чыккандар, мисалга бул жолу казинолордон 700 сом жеп койгон киши соттон 20 сом төлөп чыгып кетпешинин кепилдигин бере алышабы? Кыскасы, ушул сыяктуу суроолорго ынанымдуу жооп бербестен тийиштүү катмарды буга көндүрүү кыйын болуп калды. Негизи боло турган, өлкөгө материалдык пайдасы тие турган иш учурунда этек жаман жерден жыртылгандыгы үчүн токтоп калчудай болуп турат.

Өз арабасын өзү тарткан эл

Казинолордон түшкөн акчанын үзүрүн көрүшүнө такыр эле ишене албаган кишилердин саны аз эмес экендиги маалым. Андыктан бул демилгеге каршы чыккандардын эң жүйөлүү себептеринен бири катары коомдук, өзгөчө жаштардын кумарга берилип кетүү коркунучун, ага болгон коомдун этияттыгын көрсөтүүгө болот. Чындыгында бул коркунуч бар.

Өз кезегинде Тургут Өзалдын учурунда Түркияда да кумарканалар легалдаштырылгандыгы, аны менен туристтерден өлкөгө акча тартуу максаты болгону, мындан түрк жарандары башында оолак тутулгандыгы маалым. Бирок кумарканалар мыйзамдуу ишке киришкен соң, Конституциялык соттун «Түркияда чет элдиктер пайдаланган мүмкүнчүлүктөн түрк жарандары эч качан куру калбайт» деген чечими менен жараяндын маңызы өзгөрүп кеткен экен. Натыйжада орто жана аз кирешелүү үй-бүлөлөр бул илдеттен көп жапа тарткан.

Негизи аз мээнет менен көп пайда табууга аракет жасоо адамдын табиятынан келген өзгөчөлүк. Андыктан кумардын ар кыл түрүнөн, лотереядан дароо байып кетүүнү көздөгөн кишилер дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн кездешет. Бирок, биз сыяктуу туруктуу, жетиштүү кирешеси, жумушу, ырааттуу бир жашоо ыргагы болбогон кишилер басымдуулук кылган өлкөдө кумар ойнотуу оор натыйжаларды алып келүү ыктымалы жогору. Тиричилик арабасын араң тартып бараткан үй-бүлө мүчөлөрүнүн кумарканалардын «үмүт» капканына түшүп калбашына кепилдик жок. Узун сөздүн кыскасы, биз да Түркиянын катасын кайталап албасак болду.

Пайдасы жок чайкоочулар

Эптеп казынаны толтурууга аракеттенген тарап менен экинчи тарапта мындай кайра эл жапа тартып калышынан чочулаган тарап бири-бирин көндүрүүгө аракет жасап жатат. Кызыгы, бул эки тарапка кошулбаган, үчүнчү тарап да маселеге үн ката баштады. Алар - чайкоочулар.

Булар учурда калың журттун диний жана салттын сезимдерин козгоп, саясий же башка упай топтогондун дартында жүргөндөр. Кээ бир эл өкүлдөрү, саясатчылар жана активисттер бул демилгенин мыйзамдаштырыла башташын «арам», «Орозо айына урматсыздык», «мусулмандарды сыйлабастык» деп бааламыш болуп ызы-чууну ырбатканы калды.

Исламий жактан алганда бул кирешенин арам экени ырас, бирок бүгүн казынабыз ошол «арам» акчага муктаж боло турган абалга түшүп калганыбыз да ырас. Өзгөчө жогорку орундардагы саясатчылардын муну «арам» катары баалагандыгы ары күлкүлүү, ары өкүнүчтүү. Анткени, бул демилгенин Орозо айында кабыл алынышы арам, мусулмандарды шылдыңдагандык катары бааламыш болгон кишилердин саясий карьерасынан укмуш «арамдарды», элдин тагдырын шылдыңга алган учурларды, кадамдарды таап чыгуу кыйынга турбаса керек. Андыктан, мусулманчылыктагы арам же адал деп өкүм берүү озуйпасы, өлкөбүздөгү мусулмандардын кадыр-баркынын дартына түшүү тайыз саясатчылардын тилине калбагандыгын дароо түшүнүп алышса ашыкча болбос. "Мусулмандарга бул жарашат, тиги жарашпайт, бул арам же адал",- деп тили араң келген темаларды оозго алып, жакындап калган шайлоонун камын көрбөсө дурусураак болот.

Диний чөйрөнүн позициясы

Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугу бул ишке макул эмес экендигин, муну «арам» катары баалагандыгын уктук. Албетте бул кадамы туура. Бирок, дароо белгилей кетчү бир жагдай бар. Өлкөнүн экономикалык жаатын кызыктырган маселеде арам же адал деп коомдук пикир билдирүү үчүн анын натыйжасынын жоопкерчилигин да моюндай алуу керек эле. Айталы, эгер мамлекет казинолордон түшкөн кирешени толугу менен мектеп, бала бакча жана оорукана кура турган чындыгында реалдуулугу жогору программа иштеп чыкты дейли. Бул деген сөз, эгер ийгиликтүү ишке ашып кетсе жылына ондогон мектеп, бала бакча жана оорукана куруу мүмкүн деген мааниге келет.

«Арам акчадан оолак бололу!» деген диний чакырыктан улам, элдин көбү каршы чыгып, казинолор ачылбай калды дейли. Мунун натыйжасында жылына курулбай калган ондогон мектеп, бала бакча жана оорукананы кура турган, адал жолдон киреше алып келе турган альтернативаны диний чөйрө сунуштай алабы? Мамлекеттин бул жоготуусун кенемтелеп бере ала турган моделди сунуштай алабы? Бул аябай маанилүү суроо.

Мисалы, ондогон мектеп, оорукана жана бала бакчадан куру калган кыргыз коомундагы ондогон балким жүздөгөн миң балдардан жакшы шарттардагы бала бакчага барбай калышы, жакшы шарттар түзүлгөн мектептерде билим албай калышы же ооруп калган учурда адамча дарылана албай калгандыгы «арам» эмеспи? Балдарын жакшы мектептерде окута албай калып, келечегин бүдөмүк кылып алуусу «арам» эмеспи? Оорукана жетишпей убагында дарылана албагандыктан болбогон эле бир оорудан улам майып болуп калуу же көз жумуп кете берүү «арам» эмеспи?

Учурда саясий өтмүшүбүздүн этеги жаман жерден жыртылгандыгы үчүн бийликке көпчүлүк ишенбей, аларга кошулуп диний чөйрөнүн да «арам» ишке каршы чыгуусу туура болгондой сезилип жатат. Чындыгында абал башкачараак болуп, ишке ашуусун толук шарттаган, зыяндуулугун азайткан план же программа иштелип чыккан учурда да «арам» деп каршы чыгат беле же жокпу? Бул дагы аябай маанилүү суроо.

Демек, бир мусулман катары коомдук өнүгүүгө, прогресске ар тараптуу салым кошкон өрнөк бир жашоо таризибиз болуп туруп, «арам» жол менен келген акчаны четке какса дагы да туурараак болмок. Жөнөкөй тил менен айтканда арам акчага мусулманды муктаж кылбай турган экономикалык системага ээ болуп туруп анан арамдан келе турган акчанын алдын торосо туура болмок. Бүгүн дүйнөдөгү гегемондуу системада молдокенин «арам» же «адал» деген категориясына карап иш кылган мамлекеттин ачка калары турган кеп. Андыктан мусулмандар комплекстүү бир экономикалык системаны ийгиликтүү ишке ашыра алганда гана Ислам укугундагы категориялык өкүмдөрдү ишке ашырса жарашмак.

Түркчөдө «Бойдок кишиге ажырашып кетүү оңой иш» деген макал бар. Отуруп алып эле «Ал арам бул адал» деп өкүм берип, өзүнүн тийиштүү аудиториясында жылдыз болуп жүрө бериш оңой. Айткан нерсесинин натыйжасына көкүрөк керүү кыйын. Андыктан коомдун тагдырын кызыктырган темаларда пикир билдирүүдө жети өлчөп, бир кесүү керек.

Жеке пикиримде бул ишти толугу менен арамга чыгарып, токтотулушун талап кылгандар курсагы ток, элдин тагдыры анча кызыктырбаган жана эл башкаруунун табияты тууралуу кеңири түшүнүгү жок кишилер өңдөнөт. Мисалга бул маселеде элдин материалдык кызыкчылыгы менен, бир мааниде, Кудайдын өкүмү таразанын эки жагына коюлду.

Натыйжада (диний чөйрө тарабынан) дароо эле Кудайдын өкүмүн басып түштү, элдин кызыкчылыгы эч ойлонбостон садага чабылды. Эгерде казинолордун бизге зыяны эмес, пайдасы тийиши чындыгында реалдуу боло турган болсо, муну дагы бир жолу ойлонуп көрүш керек. Кишинин жыргалчылыгы шариятта, жакшы шарттарда жашашы исламдык эң улуу баалуулуктардан бири. Андыктан казино ачуунун зыян-пайдасын калыс таразалап көрүүгө татыйт.

Шарияттын шарттарын такаган кишилерибиз деле учурда Ислам укугунун талабына толук жооп берген, арамдан толук оолак болгон дүйнөдө жашап жатпагандыгы чын.

Мисалы, бизнес кылып жүргөн ажыкелер деле "каапырлар" деп атаган капиталисттик системанын эрежелери менен иш жүргүзүп келет, каапырдын системасы болгон банктар аркылуу акча которот, ал жерде акчасын сактайт. Еврейлер эбак патентин алып койгон аба жолдору кызматынан пайдаланып ажыга барып келет. Андыктан эки жакты карап, айткан менен кылганы тең салмактуу кеткени туура.

Жыйынтыктап айтканда, казинолорду ачуу учурдун шарттарын эске алганда пайдасынан зыяны көп тийип калчудай. Андыктан, казынаны толтуруудагы жаратмандыкты казинодон башка тармакка буруу абзел. Бирок ошол эле учурда, зыянды минималдаштыруунун жолу иштелип чыгып, саясий эрктүүлүк көрсөтүлүп, түшкөн пайда толугу менен максаттуу колдонула турган болсо, бул шариятка туура келбей калабы деп баш оорутуунун деле кажети жок деп ойлойм.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун көз карашы «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG