Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Интернеттеги чагымчылыкты коомдук айыптоо зарыл


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны. Гүлистан, Тажикстан. 18-март, 2021-ж.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны. Гүлистан, Тажикстан. 18-март, 2021-ж.

Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара дурус коңшулук жана достук кызматташтыгын бөпөлөп сактоо, ар кыл чагымчыл аракеттерден өз убагында коргоо зарыл. Блогчу Аким Кожоев ой бөлүшөт.


…Кыргыз-тажик тирешүүсү чоң кагылышууга айланып кетсе экен, курал сатып пайда көрсөк же экөөнү тең моралдык жактан катуу сындырып, саясий-экономикалык жактан биротоло көз каранды кылып алсак деген сырткы күчтөр да жок эмес. Менимче, Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында башаламандык күчөсө, маңзатты ээр-эркин ташып турсак деп көзү төрт болуп тургандар да жок эмес.

Журналисттер Абос Курбанов, Мирзохалим Каримов, Абдил-Ахат Курбанов, Акбар Ризвонов, Махмадили Шеров Абдулхай Самадов жана Низом Абдужалилов (ортодо отурган) "Ленин жолу" гезитинин санын талдоодо. Жерге-Тал, Тажикстан.
Журналисттер Абос Курбанов, Мирзохалим Каримов, Абдил-Ахат Курбанов, Акбар Ризвонов, Махмадили Шеров Абдулхай Самадов жана Низом Абдужалилов (ортодо отурган) "Ленин жолу" гезитинин санын талдоодо. Жерге-Тал, Тажикстан.

Биз бала кезде жашы улуураак тентек балдар кез-кез бизди чогултуп алып мушташтырчу. Баарыбызды тегерете тургузуп, өздөрү ортого чыгып алып, эки-экиден чакырып: «Кудайдан коркосуңбу же Ташматтан (Эшматтан) коркосуңбу?», - деп бири-бирибизге тукурчу.

Эгер «Кудайдан корком, Ташматтан (Эшматтан) коркпойм», – десең: «Анда Ташматтан (Эшматтан) Кудайлык мушуңду алчы!» – деп көкүтчү. Урушууга такыр ниетиң жок болсо да, шыкакчылар бейкүнөө баланы бир муштоого мажбур кылчу. Ошол эле шайтан эрежелери менен тиги баланы да кол кайтарууга аргасыз кылышар эле.

Ошентип, ынак досторду, кээде жакын туугандарды да чырдаштыруудан кайра тартышчу эмес. Бүгүнкүнүн тили менен айтканда, биздин балалык таза дүйнөбүз алардын ыплас технологиясынын кара күчүнө каршы тура алчу эмес.

Учурдагы кыргыз-тажик тирешин шыкактоо, интернет тармагындагы маалымат согушу, эки кошуна элдин ынтымагына доо кетирип жаткан ар кыл ушак-айың сөздөр тээ бала кездеги ошол окуяны эске салды.

Бүгүн да сырттан туруп алып эки элди кайраштырып жаткан бузукулар, нечендеген кылымдардан берки тарыхы, тагдыры бир кошуна калкты чабыштырып, андан пайда көргүсү келген авантюрист чагымчылар жок деп ким кепилдик бере алат?

Ушулардын тиреши чоң кагылышууга айланып кетсе экен, курал сатып пайда көрсөк же экөөнү тең моралдык жактан мурдагыдан да көбүрөөк сындырып, саясий-экономикалык жактан биротоло көз каранды кылып алсак дегендер жок дейсиңерби? Менимче, Баткен облусунун аймагында жана жалпы кеңири чөлкөмдө башаламандык күчөсө, маңзатты ээр-эркин ташып турсак, деп көзү төрт болуп тургандар да жок эмес.

Дегеле айрым тажик туугандарды азыркыдай кескин кадамга эмне түрттү, кошуналык мамилени да, эл аралык мыйзамдарды да көзгө илбей, алар эмне үчүн Тажикстандагы кыргыз жарандарын катуу кысымга ала баштады?..

Эгер жаңылбасам, ошол окуя жүз берээрден бир апта мурда мендеги “ВотсАпп” тайпалардын бирине кимдир-бирөөдөн УКМКнын төрагасы Ташиев мырзанын сүйлөгөн видеосу делген шилтеме келип калды. Ачыгын айтайын, мен көргөн көзүмө да, уккан кулагыма да анча ишенгим келбеди. Тактап атканда, Ташиев мырзаныкы делген тасмадагы сөз мени катуу дүрбөлөңгө түшүрдү.

Мамлекеттик эң жооптуу кызматтагы адам да ушинтип айтабы деп нес болуп калдым. Анда Тажикстанга абдан олуттуу аймактык дооматтар коюлган эле. Катуу кыжаалат болуп, бул видеонун чын-төгүнүнө жетиш үчүн интернетти аңтарып издей баштадым.

Натыйжада, Ташиев мырза бул сөздү мамлекеттик жетекчи эмес, Кыргызстандын катардагы жараны катары, кызматтагы тажик генералы Навжувоновдун чагымчыл пикирине жооп кылып, бир канча убакыт мурда (бийликке келе элек чагында) айтканы белгилүү болду.

Ошентсе да менин көңүлүм жай албады. Анткени интернеттеги ушак-айыңды, көбүртүп-жабыртканды жакшы көргөн, калпты-чынды жазып, элдин бүйүрүн кызытып нан таап жеп көнгөн айрым бузукулар бул маалыматты алеки заматта бүт өлкөгө жаңы айтылган сөз катары сунуштап таратты. Айрым учурда өзүн калыс санаган медиа каражаттары да четте калган жок.

Тасма. "БАТКЕН боюнча Тажиктин ГЕНЕРАЛЫНА Ташиев ЭРКЕКЧЕ жооп КЫЛДЫ". Кыргызстандагы "Region" TV каналы. 2020-жылдын 15-февралы.

Таратканда да жөн таратпай, Ташиев мырзаны айга-күнгө теңебей мактап, заматта аны кыргыздын баатырына айлантып салышты.

«Ташиев Жерге-Тал менен Мургапты кайтарып алат экен», «Ташиев тажик генералдарын коркутту», «тажиктин генералы Ятимов биздин баатыр генерал Ташиевди көргөндө тизелери калтырап, өзүн жоготуп койду» дегенге чейин жетишти.

Эң жаманы, эң коркунучтуусу – Ташиевдики делген чуулгандуу сөз, ал тууралуу биздин эл бузарлар таратып жаткан маалыматтар Кыргызстандын аймагына канчалык тез жайылса, тажик жана орус тилдерине которулуп, Тажикстандын аймагында да ошончолук ыкчам жайылды.

Буга чейинки эки тараптын бири-бирине сес көрсөтүүсүнө, кырлануусуна Ташиев мырзанын дал мына ушул үч-төрт жыл мурда сүйлөгөн сөзү кошул-ташыл болуп, тажик бурадарларды катуу дүрбөттү жана жогоруда жазганымдай, кескин кадамдарга барууга түрттү.

Анын кесепети отуз жылдан бери тагдырдын өгөй балдарына айланып кароосуз калган, ансыз да корунуп турган тажикстандык кыргыздардын башына сокку болуп тийди. Аларды мурдагыдан да чүнчүттү, мурдагыдан да жер көз кылды, мурдагыдан да көр жемеге калтырды.

Ушунун баарына эки элдин ортосуна улам барган сайын чок салып жаткан аалам төрдөгү чагымчылар, оозу бош бузукулар күнөөлүү (мен кыргыз тараптагы эле эмес, тажик тараптагы да чагымчыларды айтып жатам).

Мейли, мындан бир канча жыл мурда Ташиев мырза өз оозуна ээ боло албаган тажик аткаминеринин калпыс сөзүнө катуу ачууланып, эмоцияга алдырып ийип, катуу айтып салыптыр, дейли.

Бирок ошону кайдан-жайдан кайра чукуп чыгып, азыркы тапта ызы-суу салыштын канчалык зарылдыгы бар эле? Же бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулдубу? Андай болсо, буга атайын кызматтар эмне үчүн көңүл бурбады? Эмне үчүн интернеттин коомдук тармактарындагы чагымчыларды, бузукуларды укук коргоо органдагы алиге чейин тыйбайт? Же мунун кесепети кандай болору эч кимдин түшүнө кирбейби? Кокус оюндан от чыгып, чоң жаңжалга чейин ырбап кетсечи?

Илгери ата-бабалар «өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло» деген накыл кепти бекеринен бизге насаат кылып калтырган эмес. Күн сайын эки элди козутуп, касташтырып жаткан интернет «баатырлары», ала өпкө, жармач мекенчилдер, бир нерсени оозанып айтардан, жазардан мурда аталардын кылымдарды карыткан ушул даанышман сөзүн унутпасаңар.

Силердин айыңардан жүздөгөн жылдардан бери ынтымак-ырашкерчиликте жашап келе жаткан эки калк бири-биринен аз убакытка болсо да жүз буруп кетпесин.

Мен быйыл элүүгө чыккан болсом, өмүрүмдүн дээрлик отуз беш – кырк жылга жакынын Тажикстанда жашап өттүм. Ошондуктан тажиктердин кандай эл экенин билем. Алардын да биз, кыргыздар сыяктуу жакшысы-жаманы бар, акылманы-нааданы бар. Тажик туугандарда да не бир илим-билимдүү, бийик маданияттуу, ажайып инсандар өтө көп.

Учурдагы тажик бийлигинин айрым өкүлдөрүнүн андагы жергиликтүү кыргыздарга карата жүргүзүп жаткан одоно саясатын кескин сындап жаткандар, мындай ыдык көрсөтүүгө нааразы болгондор да жок эмес.

Жергеталдыктар шартуу түрдө эки улут саналганы менен, көпчүлүгүнүн маданияты да, каада-салты да, үрп-адаты да жуурулушуп кеткен. Тажик тилинде эркин сүйлөй алган кыргыздар, ошондой эле, биздин тилди айрым шаардык кыргыздардан жакшы билген тажиктер бар. Ал эми куда-сөөк болуп калган тажик-кыргыздар четтен чыгат жана бүгүнкүдөй курч кырдаалда андай үй-бүлөлөрдүн тагдыры кооптондурбай койбойт.

Кудай бетип көрсөтпөсүн, кокус уруш чыгып кете турган болсо, эки эл бүт бойдон азап тартат, эки жактан тең куралсыздары бейкүнөө кырылат. Башта эскертип өткөнүмдөй, түздөн-түз болбосо да, башка (үчүнчү) тараптар да кагылышууга ынтызарлык менен катышат (мисалы, бери дегене эки жакка тең бир учурда курал-жарак сатып туйтунушат). Албетте, мындай шартта эл аралык маңзат мафиясы кутурат.

Демек, бүгүнкүдөй абал улам курчуп баратканда эки мамлекеттин башчылары сергек ойлонуп, сабыр тутуп, акыл калчап иш кылышы керек. Эң оболу интернеттеги соцтармактардагы бузукулардын чагымчыл чакырыктарын кан буугандай токтотуп, эки элди ынтымакка чакырып, маселени чечүүнүн дипломатиялык, цивилдүү жана элдик дипломатиялык жолдорун издеши ылаазым.

Негизи биз мындан ары жакын кошуналар менен алака-катышты күчөтүп, достук, бир туугандык мамиледе болгондо гана өнүгөбүз, ошондо гана утушка ээ болобуз. Ошондой эле узагы он беш-жыйырма жылда Евробиримдиктегидей эле чек ара тосоттору жоюлуп (же шарттуу түрдө гана сакталып), чектеш мамлекеттердин жарандары бири-бирине паспортсуз эле кирип-чыга турган заманга жетебиз деген үмүттөмүн.

Жакынкы айларда чек аралар ачылып, келечекте Мургап жана Жерге-Талдын кыргыздарынын (кайсы өлкөнүн жараны экендигине карабай) Ала-Тоого ээр-эркин каттап турушу, ал жакта да чарбалык иштерин жүргүзүшү үчүн өзгөчө макам берилиши керек деп ойлойм. Анткени ал жакта биринин картайган ата-энеси, биринин бир туугандары же дагы башка жакындары калган. Ошол себептен байма-бай каттап турууга мажбур. Айрымдары картайган ата-энесине же алардын көмөгүнө муктаждарга кам көрүп, 5-6 айлап же жылдап ошол жакта жүрүп калып жатканы да ушундан улам.

Макаламдын аягында жалпы саясатчыларга айта турган бир кебим бар. Мейли кимиң болбогун: депутатсызбы, мамлекеттик кызматта иштейсизби, же жөн эле саясатчы атыгып жүрөсүзбү, элдин атынан сүйлөгөндө өтө этият болсоңуздар.

«Ооздон чыкканча сөз сенин кулуң, ооздон чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң» деген макалды эч качан унутпасаңыздар.

Журналист жана жазуучу Аким Кожоев. Бишкек. 2021-жылдын 31-марты.
Журналист жана жазуучу Аким Кожоев. Бишкек. 2021-жылдын 31-марты.

Албетте, УКМКнын башчысы Ташиев мырзанын чек ара маселесин чечүүгө умтулган ниети колдоого арзыйт (арийне, адис болбогон соң, конкреттүү чектер боюнча аны сындаган же жактаган карама-каршы пикирлердин кайсыны туура экенин билбейм).

Ошентсе да анын үч жыл мурдагы карапайым киши катары ачууга алдырып айткандай болгон бир сөзүн азыр үстөккө-босток кайра жарыялашып, тынч жаткан элге бүлүк салып, жарака кетиргенге далаалат кылып жаткандарды коомдук айыптоо – болочоктогу муундарга да дурус сабак болмок.

Аким Кожоев,

блогчу.

Ред.: Автордун пикирин редакциялык жалпы турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG