Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келет


Эмомали Рахмон Исфара районунда. Архивдик сүрөт.
Эмомали Рахмон Исфара районунда. Архивдик сүрөт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 7-апрелде Согд облусуна иш сапар менен келди.

Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Рахмон Согд облусунда Ноорузга байланыштуу майрамдык иш-чараларга, социалдык-экономикалык объектилердин ачылышына катышат. 10-апрелге чейин улана турган сапардын жүрүшүндө Исфара районундагы Кыргызстандын ичиндеги Ворух анклавына да барат.

Рахмондун сапары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча билдирүүсү эки өлкөдө тең кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди.

Ташиев 26-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы баш ооруга айланган Ворух анклавы боюнча Тажикстанга эки сунуш бергенин билдирген. Алар: кыргыз тарап Ворухтун аймагын ченейт жана мындан ары ал чоңойтулбайт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол берилет. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтөт. Экинчиси – 12 миң гектардай аймакты түзгөн Ворух анклавын Кыргызстандын Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашуу. Буга расмий Дүйшөмбү жооп бере элек.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коомдук талкууларга байланыштуу Ворухка бара жатканы кабарланган.

16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн. Кийинки жолугушуу эми апрель айында Бишкекте болору айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG