Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Низом ава кыргыз-тажик достугунун чыныгы данакери эле


Журналисттер Абос Курбанов, Мирзохалим Каримов, Абдил-Ахат Курбанов, Акбар Ризвонов, Махмадили Шеров Абдулхай Самадов жана Низом Абдужалилов (ортодо отурган) "Ленин жолу" гезитинин санын талдоодо. Жерге-Тал, Тажикстан.

Колуна аса кармап турган бул киши Тажикстандын тоолуу Каратегин аймагындагы Лакшы (мурдагы Жерге-Тал) районунун Сасык-Булак кыштагынын кулуну, журналист, акын, жазуучу, котормочу жана кылымдар бою адамзатты инсандостукка үндөп, дүйнө окурмандарын тамшандырып келген Чыгыш поэзиясынын билерманы Низом Абдужалилов аттуу жердеш авам.

Ал экөөбүз 1980-жылдары ал кездеги райондук «Коммунист» гезитинин редакциясында бир бөлмөдө отуруп чогуу иштеген элек.

Мен анын окуган жандын делебесин козгоп, ой-кыялын капкайда алып учкан ырларды жазган таланттуу акын болгонун жана кыргыздын бир катар акын-жазуучуларынын чыгармаларын тажик тилине которгонун жакындан билем.

Низом Абдужалиловдун улуту тажик эле.

Бирок, кыргыз тилинде түш жоруп, бул тилди өз эне тилиндей таптак билчү. Ошондон улам ал кыргызчадан тажикчеге шыр которчу. Бул ага Жараткан ыроологон чоң талант жана шык эмей эмне?!

Низом ава экөөбүз 25 жылдай көрүшпөй жүрүп, 2019-жылдын 21-март күнү Жерге-Талдын Жаңы-Шаар кыштагынан дидарлаштык. Көрсө, ошондо ал ооруп жүргөн экен.

Ооруканадан чыкканыма эки күн болду. Кечээ Исраил досумдун (менин бир тууган агамды айтып жатат) өтүп кеткенин эшиттим. Сенин да бул жакта экениңди угуп, кетип кала элегиңде көрүп, куран окуп коёюн деп бүгүн бул жакка шаштым. Эми ушуну менен экөөбүз дагы качан дидарлашабыз, деп айткан ошондо мага бейиши болгур Низом ава.

Чын эле, ал экөөбүз ошондо акыркы жолу жүз көрүшкөн экенбиз...

Мен анын өзү ооруп жүргөнүнө карабай Сасык-Булактан Жаңы-Шаарга чейин 55-60 чакырым жол жүрүп, атайын мага көңүл айтканы келгенине ыраазы болгонум менен бүрүшүп турганын көрүп, ага боорум ооруган.

Оору деген ушинтип кишини сындырып салат турбайбы. Болбосо убагында бул киши ар бир сөзүн Чыгыш поэзиясынын жылдыздарынын мааниси терең ыр саптары менен көркөмдөп сүйлөгөн чечен, шайыр жан эле.

Абдил-Ахат Курбан уулу (солдо, калпакчан) менен Низом Абдужалилов. Жаңы-Шаар кыштагы. Тажикстан. 2019-жылдын 21-марты.
Абдил-Ахат Курбан уулу (солдо, калпакчан) менен Низом Абдужалилов. Жаңы-Шаар кыштагы. Тажикстан. 2019-жылдын 21-марты.

Н.Абдужалилов Дүйшөмбүдөгү Шевченко атындагы пединституттун тажик филологиясы факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, эмгек жолун өзү жашаган Сасык-Булак кыштагына канатташ Сары-Кенжедеги А.Навои атындагы орто мектепте тажик тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

Ал мектепте окуу кыргыз жана тажик тилдеринде жүргүзүлүп, окуучулар да бул эки тилде эркин сүйлөй алышчу.

Мен мурда Низом аваны биздин гезитке басылган ырлары жана ал тажик тилине которгон кыргыздын акын-жазуучуларынын ыр, аңгемелери аркылуу үстүртөн таанычумун.

Аны менен жакыныраак 1977-жылы Навои атындагы мектепке барганда таанышкам. Ал сүйлөп жатканда кишини өзүнө тартып алган ажайыптай ширин сухбат инсан болучу.

Биздин гезит тажик жана кыргыз тилдеринде чыккандыктан, эгерде редактор тажик улутунан болгондо, анда анын орун басарлыгына кыргыз, редактор кыргыз болсо орун басары катары тажик улутундагы журналист дайындалчу.

Биздеги башка штаттык бирдиктер да башка райгезиттердегиден айырмаланып, кызматтар тең бөлүштүрүлчү. Котормочу-корректор кыргызча беттерде корректорлук кызматты аткаруу менен ТажикТАнын материалдарын кыргыз тилине которчу.

Гезит жөнүндө дагы кичине айта кетсем жумасына үч жолу жарык көрүп, бир айда редакцияга 120-150гө жакын каттар келип турчу. Райондук жаңылыктарды уктурчу жергиликтүү радио уюштуруучу да биздин редакцияда отурчу.

Менин буларга токтолуп отурган себебим, 1980-жылы райгезиттин редактору белгилүү журналист, публицист, акын, Чыгыш адабиятынын чоң билерманы улуту тажик Махмадшо агай Абдусатторов жогорку партиялык мектепке жиберилип, орун басарлык кызматта иштеп жаткан журналист, жазуучу жана котормочу улуту кыргыз бейиши болгур Ахком агай Шамуратов редакторлук кызматка дайындалды.

Орун басарлык кызматка чейин райгезит менен тыгыз алакада болуп келген тажик тили боюнча райондук усулдук бирикменин жетекчиси Н.Абдужалилов бекитилди.

Биздин редакциянын кызматкерлери борбордук «Правда», «Известия», «Труд», «Сельская жизнь», «Комсомольская правда», «Аргументы и факты», «Журналист» жана «Рабоче-крестьянский корреспондент» басылмаларына, Дүйшөмбүдөн, Фрунзеден жарык көрчү тажик жана кыргыз тилдериндеги гезит-журналдарга, ошондой эле өзбек, казак, түркмөн, кара калпак, алтай жана балкар тилдериндеги гезит-журналдарга жазылып, ал басылмалар редакциянын коридорундагы столдун үстүндө жайылып турчу.

Журналисттер Ахком Шамуратов, Абос Курбанов, Зайдулла Абосов, райкомдун 3-катчысы, идеология иштерине жооптуу, Абдил-Ахат Курбанов, Низом Абдужалилов; экинчи катарда: Милхожидин Мамуров, Мирзохалим Каримов, А. Давлатов, Акбар Ризвонов. Райондук гезиттин 50 жылдыгын белгилеген учур. 1984-ж.
Журналисттер Ахком Шамуратов, Абос Курбанов, Зайдулла Абосов, райкомдун 3-катчысы, идеология иштерине жооптуу, Абдил-Ахат Курбанов, Низом Абдужалилов; экинчи катарда: Милхожидин Мамуров, Мирзохалим Каримов, А. Давлатов, Акбар Ризвонов. Райондук гезиттин 50 жылдыгын белгилеген учур. 1984-ж.

Тажик мамуниверситетинин чыгыш таануу факультетинин араб жана фарсы тилдер бөлүмүн бүтүргөн бейиши болгур Балажан Махмудов менен Хандулло Авазов да биздин редакцияда иштешчү.

Азыр ойлоп көрсөм, ошол жылдары биздин редакциянын көп тилдерди билген акын-жазуучулар, журналисттер, жана котормочу кадрлар иштеп болуп-толуп турган убагы экен. Биздин кызматкерлер тажик, кыргыз, өзбек, казак, орус, араб, фарсы, дари тилдерде жазып, ал тилдерден башка тилдерге эркин которо алышчу.

Гезит жыл сайын ар кайсы темалар боюнча жарыяланган сынактарга катышып, Тажикстан Журналисттер Союзунун, Тажик ССРинин басма, полиграфия жана китеп соодасы мамкомитетинин, республикалык кесиптик кошуундардын жана комсомол уюмдарынын, билим берүү жана маданият министрликтеринин, дене тарбия жана спорт мамкомитетинин, ошондой эле Москвадан чыкчу «Журналист» журналынын сыйлыктары менен сыйланып турганы менен сыймыктанчубуз.

Кара-Тегин өрөөнүндөгү жалгыз баштапкы журналисттик уюм да бизде эле. Гезит беттеринде жума сайын «Адабият достугу – эл достугу, «Тилден – дилге», «Жаңы котормо», «Жаш калем», «Адабият жана искусство», «Сыр сандык» сыяктуу рубрикалар менен адабий беттер жарык көрчү. Низом ава поэзия жана котормо беттеринин негизги авторлорунун бири эле.

Н.Абдужалиловдун ырлары кыргыз тилине да которулуп, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынчу.

Мен анын котормочулук жагына өзгөчө токтоло кетким келет. Ал кыргыздын О.Султанов, Ж.Мамытов, М. Гапаров, К.Сактанов, Б,Байбеков, Т. Байгабылов ж.б. акын-жазуучуларынын ырларын, аңгеме-повесттерин тажик тилине которуп, гезит-журнал беттери аркылуу тажик окурмандарына тартуулачу. Ошондой эле тажик калемгерлеринен кимдердин чыгармаларын кыргызчага которуу керектигин бизге айтчу.

Жерге-Талда партиянын райкомуна инструктор, бөлүм башчы жана катчылык кызматтарга негизинен райгезиттин кызматкерлеринен алып барышчу. Биздин редакторубуз Ахком агай райком партиянын идеология бөлүмүнүн башчылыгына бекитилип, андан улам гезиттин редакторлугуна мурда бул кызматта иштеп кеткен райкомдун идеология боюнча мурдагы катчысы улуту тажик Зайдулло Аббосов агай келип, Низом аванын ордуна орун басарлык кызматка мени сунуш кылышты.

Мен редактор менен райкомдо бөлүм башчылык кызматын эми баштаган А.Шамуратовго кирип, орун басарлыкта Низом ава иштей берсин, мен жооптуу катчылыкта кала берейин деген оюмду айттым. Алар мага редактор тажик болгондон кийин анын орун басары сөзсүз кыргыз болушу керек, талап ушундай деп айтышты.

Ошентип, Низом ава экөөбүз кызматтарыбызды алмаштырган менен баягы эле бөлмөдө иштеп калдык. Махмадшо агай редактор кезинде машинистка штатынын айлыгын кызматкерлерге бөлүп, биз жазган макалаларыбызды ар бирибиз өзүбүз терчүбүз.

Низом ава экөөбүз агымдагы номерди бүтүргөндөн кийин “чымындарыбызды учуруп” чыгарма жаза баштачубуз. Ал “сыясы кургай элек” чыгармаларын биринчи мага окутчу.

Низом ава сааты келгенде “Манасты” тажик тилине котороорун айтчу. Баягы жылы ал Бишкекке дарыланганы келген экен. Тилекке каршы мен андан кабарсыз калган болом. Ал ошондо “Манастын” бир вариантын тажик тилине которууга бел байлайт.

Бул арада аны тааныган бир калемгер ага Бүбүмариямдын ойдон чыгарылган “Манасын” которууну сунуш кылат. Ал Бүбүмариямдын “Манасы” кыргыз адабий журтчулугунда кызуу сындалып жатканын билбейт. Жерге-Талга бараары менен ал аны которууга киришет. Которуп бүтүп кол жазманы алып Бишкекке келет. Ал келгенде «Манастын» ал вариантына тыюу салынып, анын тоодой эмгеги күйүп кетет.

Мен ошондо эмне кылаарымды билбей кеңгиреп калдым. Себеби, мага калем акы үчүн каралган акчанын көп бөлүгү да киши колдуу болуп кеткен экен, деп айткан мага Низом ава күрсүнө.

Мен “Манастын" ойдон чыгарылган вариантын которууну сунуштоону жана котормочуга убада кылынган калем акыны кымырып кетүүнү ага карата жасалган зор кыянатчылык деп санайм.

Көрсө, бирөөнүн адал эмгек акысын сугунуп алуу чыгармачыл чөйрөдө да бар турбайбы.

Баса, “Манас” эпосунун С.Орозбаковдун айтуусундагы вариантынын академиялык чыгарылышынын биринчи китебин 1977-жылы тажик тилине белгилүү котормочу Аслан Адхам биздин редакцияда отуруп которуп, ал (үчилтиктин 1-китеби) 1982-жылы Дүйшөмбүдөгү “Ирфон” басмасынан 20 басма табак көлөм менен 13,5 миң нускада басылып чыккан.

Жакында көмөкөйүнөн Чыгыш адабиятынын Чолпон жылдыздарынын сөз берметтери төгүлүп турган Низом авабыз бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Ал фарсы-тажик поэзиясын абдан барктап, Рудаки, Хайём, Саади, Шерози, Жами ж.б. дөө-шаа акындардын чыгармалары адам баласы үчүн билим менен илимдин казынасы, икметтин, таалим-тарбиянын мектеби, жалгыздыкта жан шериги жана оор тагдырга кабылганда маслээт берип колдоп турган жан досу болот деп айтчу.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келген журналист Абдил-Ахат Курбанов. Бул сүрөт Чоң-Кеминдеги Калмак-Ашуу кыштагынын жанында тартылган. 2020-жылдын 1-октябры.
Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келген журналист Абдил-Ахат Курбанов. Бул сүрөт Чоң-Кеминдеги Калмак-Ашуу кыштагынын жанында тартылган. 2020-жылдын 1-октябры.

Фарсы-тажик классикалык поэзиясы менен таанышканым үчүн мен өзүмдү Низом аванын алдында милдеттүүмүн деп сезем. Ал кыргыз жана тажик адабиятынын достугунун чыныгы данакери эле.

Рухуңуз шат, ыйманыңыз жолдош болсун, Низом ава! Биз сизди эч качан унутпайбыз.

Абдил-Ахат КУРБАН уулу,

жазуучу, котормочу, саясат таануучу.

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG