Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Эгемендикти билимдүү коом сактап калат


31-август - Кыргызстандын эгемендик майрамын белгилөө учуру. Бишкек шаары. Архивдик сүрөт.
31-август - Кыргызстандын эгемендик майрамын белгилөө учуру. Бишкек шаары. Архивдик сүрөт.

"Азаттыктын" "Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Сайкал Тойчубай кызы жиберген блог.

Дүйнө жүзүндө жүздөгөн улуттар жана мамлекеттер бар. Кээ бири өз аймагында, өз жеринде, өз эли менен жашап жатса, кээ бири бирөөнүн жеринде баш калкалап, башка өлкөнүн мыйзамына баш ийип күн кечирип келүүдө. Алардын "өз аймагыбызда жашасак, көз карандысыз өлкө болсок" дегенде эки көзү төрт.

Эмнеге? Аларда эң маанилүү - эгемендик деген нерсе жок. Демек, аларда эркиндик жок. Бул жөн эле сөз болгону менен, артында опол тоодой түшүнүктү кошо алып жүрөт. Ушул ракурстан алып караганда, биздин мамлекет алда канча өнүккөн, ийгиликтүү деп айта алабыз. Себеби, эгемендик - Баш мыйзам бар экенинен, өлкөнүн өз өнүгүү жолу бар, улуттун баалуулугу, жарандын укугу бар экендигинен кабар берет.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта өзүнүн тарыхый маанилүү чечимин- эгемендигин кабыл алган. Ошондон бери туура 30 жыл өтүптүр. Айрым жергиликтүү жана чет жердик басылмаларда белгиленгендей, “Кыргызстандын 30 эле жылдык өмүрү бар” дегенди билдирбейт.

Кыргызстан, миңдеген жылдык бай жана маңыздуу тарыхы бар байыркы өлкө. Дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп түптөлүп, өнүгүп, башкарып, негизделген. Адеп-ахлактык баалуулуктарын, салтын, каадасын, тарыхын сыйлап, далай жолду баскан элбиз.

30 жыл убакытта Кыргызстан расмий түрдө жер жүзүнүн картасынан орун алды. Ошол себептен, өлкөбүздүн өнүгүү деңгээли дал ушул убакыт ичинде талданып келет. Кыргызстан 30 жылдык жаңы кадамында жоготууларга дуушар болду, өнүктү, уурдатты.

Кээ бир аспектте алдыга озуп чыкса, кээ биринде артта калып, чалынып келет. Кезинде Советтер союзунун бюджетинен оңбогондой сумманы алып, гүлдөп турган Кыргызстан, жүздөгөн ири ишканалардын, миңдеген жумуш орундары бар ишканалардын мекени болуп, жалпы СССРди кыймылдаткан күч болчу.

Эгемендикти алуу менен эң биринчи кезекте башкы “колдоочуну” жоготуп, бир нукка түшө албай, эл ачкадан жулунуп, талап-тоноду, бул көрүнүш азыр да уланып келет. Эл менен бийликтин бири-бирине кастыгы, элдин “байып калайын, бул мага, бул балама” деген алдым-жуттумдугу, өз кекиртегин гана ойлогону, башкаруучулардын билимсиздиги жана жоопкерчиликсиздиги өлкөбүздүн эгемендигинин баасын төмөн түшүрүп жатат. Базар экономикасы күчөп, шылуундардын күчү жогору болуп жаткандай. Экономикалык, адам укугу жана саясий тараптан өлкө эгемендигин колдоно албай жаткандай.

Артур Графтын “Идеалы жок эгемендиктин зыяны көп” деп айтканы бар. Мамлекет бир тартипке келе албай, ар ким ар кайсыны каалап, ар түрдүүчө калчап отуруп, өлкөбүз башка коңшулардан бир аз алсырап жаткандай сезим калтырат.

Албетте, мамлекетибиз чапанын чечтирип коюп отуруп калган жок. Канчалаган билимдүү жаштар билим алып, илимде өз ордун таап , Кыргызстандын атын таанытып жүрөт, жергиликтүү бизнес тармактар өз салымын кошууда, аймактардагы жарандардын жашоосу бир топ деңгээлде жогорулады. Республика аз да болсо туруктуу өнүгүү жолунда.

Бирок биз эгемендикти баалап, барктап, анын кадырына жете алабызбы же жете алдыкпы? Бул суроо ар бир жарандын - бийлик өкүлү болсун, карапайым жумушчу, атактуу жылдыз, окуучу же студенттин жоопкерчилиги менен байланыштуу деп ойлойм. Башка эч нерсени буга байлоонун кереги жок.

Айтайын дегеним, каныбызга сиңип калгандай бийликте, бизнесте, билимде, жашоодо артка тартып жаткан караңгы коомдун жазылбаган обу жок мыйзамдарына баш ийбестен, курмандыгы болуп калбастан, ар бир жаран билим алсын, тил үйрөнсүн, жаңы адамдар менен таанышсын, саякаттасын, глобалдык маселелер тууралуу ой жүгүртсүн, жакшы досторду тапсын, айлык маянасы жакшы, күч менен эмес, акыл менен иштесин. Өз балдарын өзүндөй, керек болсо өзүнөн артык кылып тарбияласын. Мына ошондо гана, улуттун аң- сезими өнүккөндө гана алдыга жылуу болот. Мен өтө татаал же мүмкүн болбогон нерсе жөнүндө айтып жатканым жок. Менин жогорудагы сунуштаган кеңешим өтө жөнөкөй. Ар бир адамдын колунан келет. Өзгөчө, жаштардын.

Жаштайынан билимге сугарылган, тил үйрөнүп, музыкалык аспаптарда ойногон, илимий иш жасап, изилдеген, билимдүү чөйрөдө жашаган, дүйнө таанымы кеңири жана аң-сезими өнүккөн, жаңыча ой жүгүрткөн коом- өлкөнүн өнүгүшүнүн эң биринчи жана эң күчтүү куралы болуп саналат. Мал баккандан, күйөөгө тийип, аял алып, балалуу болгондон башка нерсени билбеген, бирөөнүн жашоосун аңдыгандан, ушактап, өз ден соолугуна кам көрө албаган, таза жүрүп, жарашыктуу кийинип, өзүн сыйлап, китеп окуп, аң-сезимин ойготуп, өстүрүп, балдарына билим бере албаган коом, сапатсыз билим берет, акмак саясатчыны, шалаакы доктурду, түркөй, түшүнүгү жокторду, жоопкерчиликсиз окуучуну, аёосуз кылмышкерди тарбиялайт. Мындай адамдардын арасында жаңыча ой жүгүртүп, билим алган адам акыл- эсинде маселе бар адамдай кабыл алынат экен.

Эх, бардык жарандарыбыз өнүгүүгө аракет кылса кандай сонун болмок! Анда баары интеллигенцияга айланмак, жакшы жумуштарда иштешип, жакшы чөйрөдө жашап, максаттары бийик болуп, мамлекетке салым кошушмак.

Кыскасы, ар кайсы шылтоону таап, ар кимге оодара салып жашабай, эгемендигибизди баалап, өз жоопкерчилигибизди моюнубузга алып жашоого чакырам. Алдыда дагы баса турган кадамдарыбыз, жазыла турган тарыхыбыз, келечекке тапшыра турган аманаттарыбыз бар. Мамлекет биздики болгон соң, пайдабызды келтирбесек да, зыяныбызды тийгизбей жашоону үйрөнөлү. Кыргызстандын жаркын келечеги жана туруктуу эгемендиги биздин колубузда экенин унутпайлы.

Сайкал Тойчубай кызы

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG