Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

"Азаттыктын" сынагы: Эгемендикти эмне бекемдейт?


Быйыл Кыргызстан калкы өлкө эгемендигинин 30 жылдыгын белгилейт. Ушул жылдары мамлекетте болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы?

Же кээ бир чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Кыргызстан дагы эле мамлекеттүүлүгү олку-солку абалдагы өлкөбү? Эгемендикти бекемдеш үчүн эмне кылуу керек? Сиз жеке өзүңүз кандай салым, идея, сунуш кошо аласыз?

"Азаттык" радиосу Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынак жарыялайт.

Макала, блог, ой-толгоо, видео, сүрөт - бардык форматтагы материалдар 30-июлга чейин кабыл алынат. Блогдун көлөмү үч барактан ашпоого тийиш.

Жеңүүчүлөргө биздин атайын сыйлыктар, белектер ыйгарылат.

Электрондук каттын темасын "Эгемендик-30" деп атап, аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди жазууну унутпаңыз.

Сынакка материалдарды төмөнкү даректерге жиберсеңиздер болот:

Биздин эмейл: webeditor@rferl.org

Биздин Whats'App: 0 550 036 855

Биздин Телеграм: 0 550 988 755

Биздин кеңсенин дареги: Бишкек шаары, 720044, Фурманов көчөсү, 12

Биздин телефондор: 0 312 219 422, 0 312 219 421

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG