Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Бүлүнгөндү бүтөй жүрөлү...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттыктын" "Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Айым Маданбекова жиберген блог.

Менин атым Айым, 21 жаштамын, өзүмдүн өлкөм Кыргызстандан туура 8 жаш кичүүмүн.

Мен тамаша катары жакын адамдарыма мындай деп айтып калам, “Кыргызстан менден дээрлик 8 жаш улуу болсо да, дагы деле тамтаңдап баскан наристе сымал, мен андан канча кичүү болсом да тескерисинче аны ойлойм”-деп.

“Эгемендикти эмне бекемдейт?” аттуу сынагына өзүмдүн өлкөм жөнүндө сын көз карашымды кагазга түшүрдүм.

Чынында менин өлкөм эгемендигин 30 жыл мурда алса да өз жолун таба албагай, олку-солку, чалкеш заманда турат. "Демократиянын аралы" деген атка конгону болбосо биздин өлкө башка постсоветтик өлкөлөрдөнат чабым артта калгандай. Экономикасы алсыз, агартуучулук иши чабал, өндүрүшү өп-чап, башкаруусу түшүнүксүз, мыйзамы толук иштебеген абалда турганы турган. Мен эс тартканы демократиялуу Кыргызстанды "боло берет" деген система башкарып келаткандай.

Кайдыгерлик бизди дайым жеңип, өлкөбүздүн өнүгүүсүн артка тартып турган бирден бир душман деп айтат элем.

Ар бир жаран өзүн ар тараптан өнүктүрмөйүнчө, өлкө үчүн кыпындай пайда алып келе албайт.

Мен да сөзүмдү баарыбыз “ак” бололу дегенден баштайт элем.

Мен учурда 4-курстун студентимин. Үй-бүлөбүздө төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эки агам жогорку окуу жайын бүтүрүп, өз кесиптери менен шаарда эмгектенсе, сиңдим мектепте окуйт.

Эмне үчүн мен үй-бүлөм жөнүндө айта кеттим. Себеби, өлкөгө болгон сүйүү өзүңдүн кичинекей мамлекетиңден башталат. “Үй-бүлө - бул кичинекей мамлекет” деген сөз жөн жерден чыккан эмес. Мен ар дайым өзүмдүн өлкөмдү үй-бүлөм менен салыштыра жүрөм. Ата-эне, бир туугандарыбызга кандай күйсөк, жеке менчигибизге канчалык аяр мамиле кылсак, өлкөгө да ошондой мамиле кылалы дегим келет.

Үй-бүлөдө алган тарбияң кийин кандай адам болоруңду аныктайт. Мисалы мени ата-энем коомдук иштер менен алек болууга көп үндөйт, “элде болгону, сенде болгону” деген сөздөрүн дайыма эстейм.

Мен эми тереңдеп, өлкөнү кантип өнүктүрүп жиберели деген сунушту азырынча бере албайт чыгаармын, бирок өзүмдүн кичинекей бир ой-толгоом аркылуу жеткирүүнү эп көрдүм.

Ар бир жаран, ар бир атуул өзүн мекенчил, өзүнө жана өзгөгө бирдей кам көргөн жоопкерчиликтүү, кайдыгер эмес адам катары тарбиялашы абзел.

Мен мисалы өлкөм качан өнүгөт, качан гүлдөйт, качан жаркырайт деп өзүмө суроо салып, ошого жараша өзүмдү тарбиялаганга аракет кылып келем.

Үйдөн бир кадам алыс чыккан соң бул бирөөнүкү, менден ашса бөрү жесин деген кайдыгер иштен оолакмын.

Ар бир адам өзүнө берилген милдетти так аткарганда майнаптуу иштер болот эле. Маселен, мугалим окуучуларына сапаттуу, жеткиликтүү билим берсин. Дарыгери бейтапты ак ниеттүүлүк менен дарыласын. Курулушчусу курулушун кынаптап кылсын. Айдоочусу унаасын көздүн карегиндей карасын. Кыскасы, ар бирибиз өзүбүздүн кыла турчу иштерге кайдыгер болбой, бул мен үчүн эмес дебей коомдун пайдасы үчүн деп “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” жакшы жашоо үчүн жан үрөшүбүз керек.

Баянымды аяктап жатып, замандаштарыма, мекендештериме кайрыла кетет элем. Коомдук жерде жүрсөк бүлүнгөндү бириктире жүрөлү, үзүлгөндү улай жүрөлү, чачылганды жыйнай жүрөлү. Көрсөк да көрмөксөн болбой, уксак да укмаксан болбой өлкөнү алдыга сүрөйлү.

Айым Маданбекова, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти.
Айым Маданбекова, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти.

Мен жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, билимимди мамлекетимдин пайдасы үчүн жумшасам деген изги тилегим бар.

Тилектер орундалсын!

Мен дагы, сен дагы өнүккөн, бейпил өлкөдө бактылуу жаран болуп жашоого акылуубуз, бирок аны өзүбүз кура турганыбызды унутпайлы!

Өркүндөй бер, өсө бер менин Кыргызстаным!

Айым Маданбекова, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG