Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

“Ойгон, кыргызым!” деп чакырган “ашарчы” жана КДКчы эле


Жыпар Жекшеев Кызыл-Кыштак айылынын тургундары менен. 2010-жылдын 5-августу.
Жыпар Жекшеев Кызыл-Кыштак айылынын тургундары менен. 2010-жылдын 5-августу.

Кыргызстандын демократиялык жумурият катары калыптануусуна зор салым кошкон жарандардын бири, коомдук ишмер Жыпар Жекшенин автобиографиялык маанайдагы эмгектерин изилдеген публицист Аким Кожоев маркумдун жаркын элеси тууралуу төмөнкү күндөлүк катты (блогду) сунуштайт.

Дүйнө жүзүнө капилет бүлүк салып, али күнгө чейин адамзаттын эсин эки кылып келе жаткан чуулгандуу апаат (КОВИД-19) биздин өлкөнү да кыйгап өткөн жок. Анын кесепетинен казынабыз эле бөксөрбөстөн, не бир таланттуу инсандарыбыздан, мыкты атуулдарыбыздан ажырадык.

Алардын бири – сүрөтчү, саясатчы, коомдук ишмер, бүт өмүрүн Кыргызстандын эгемендиги, эркиндиги үчүн арнаган Жыпар Жекшеев (26.5.1947––21.7.2020) эле.

Маркум Жыпар аванын элге кылган ак кызматы, опол тоодой эмгеги, эрдиги, өмүрү устаранын мизинде турган ашкере опурталдуу учурларда да көздөгөн максатынан кайтпаган батылдыгы тууралуу «Чындык бири гана өзүңдө» аттуу көркөм очеркин жана «Атуулдук биримдикке чакырам» деген публицистикалык жыйнагын редакциялап жатып дагы да көбүрөөк билдим. Бул иш мен үчүн абдан түйшүктүү, бирок кызыктуу болду. Иштин түйшүгүнө жараша, ошончо канаагат да алдым.

Аталган китептерде айрымдар али да барк-баасына жете бербеген эгемендүүлүк, демократиялык түзүм, сөз эркиндиги жергебизге не бир кыйынчылыктар, не бир мүшкүл менен келгендиги жөнүндө да сөз болот.

Тээ студенттик кезинде эле унутулуп бара жаткан улуттук маданиятты, каада-салтты, тилди кайра жаратуу, өнүктүрүү максатында «Жаш тилек» деген коомдук кыймыл уюштурганы үчүн Жыпар Жекшеевди алты жолу Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетине “идеологиялык тарбия берүү үчүн маектешүүгө” чакыртышкан экен. Ошол 1970-жылдардан баштап Жыпар Жекшеев жаштарды «бузукулукка түрткөн кооптуу адам» катары КГБнын өзгөчө көзөмөлүндө болуптур.

Элди жаңы заманга үндөп, демократиялык принциптерди жар салганы үчүн ал коммунисттик режимден аябай ыдык көрүп, бүгүнкү тил менен айтканда, саясий куугунтук жептир, атүгүл өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралган учурлар да көп болуптур.

Кыргызстанды, кыргыз улутун тоталитардык режимдин темир чеңгелинен куткарам деп күрөш баштагандардын сабында болгон Жыпар Жекшеевди коркутуп-үркүтүүдөн эч майнап чыкпаганын түшүнгөн бийлик кызыл чекисттери аркылуу анын көзүн тазаламакчы да болот. Бул тууралуу жакын санаалашынан кокусунан угуп калган ал ажал оозунда тургандыгына карабай, өзү баштаган иштен, өз идеал, идеяларынан баш тартпайт. Тескерисинче, өмүрүн тобокелге салып, аягына чейин таймашууга бел байлайт.

“Эртеңки күнүм кандай болот, эртең бар боломбу же жок боломбу?” деген кыжаалат суроолор, түпсүз санаалар аны кыйнап, ал достору, жакын туугандары менен «коштошуп» келүү үчүн өзү туулуп өскөн айылына жөнөйт. Анын бул сапары, жолдо бараткандагы толгонуулары, ой жүгүртүүлөрү, өзүнүн ички абалын чагылдырган эпизоддор эч бир жасалмасыз, чын ыкластан, өзгөчө бир эргүү, эмоция, зор лирикалык чегинүү менен баяндалган.

Албетте, айрым мүчүлүштүктөрүнө карабай (кээ бир сүйлөмдөрдөгү ыраатсыздык, көп сөздүүлүк ж.б.у.с.), автордун «Чындык бир гана өзүңдө» деген китеби кадимки көркөм чыгармадай жеңил окулат, атүгүл адамды катуу толкунданткан, көзгө жаш алдырган жерлери да жок эмес.

Жыпар ава өз жеринде жашап туруп өгөйлөнгөн, ондогон жылдар бою укугу тебеленип келген, басынган-кысынган кыргыз жаштарынын таламын талашуу, алыскы айылдардан борборго келген ар бир кыргыздын “турак-жайга ээ болсом” деген кыялын ишке ашыруу максатында башка активисттер жана үзөңгүлөштөр менен чогуу 1989-жылы «Ашар» коомдук уюмун түзөт.

"Ашар" сүзүлдү, бирок үзүлгөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:47 0:00

«Ашар» козголушу алгач карапайым элдин социалдык маселелерин эле чечүүнү көздөсө, бара-бара саясатка аралашып, бийликтин былыгын чукуп чыгып, анын кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтөт. Жетимиш жыл бою эскинин саркындысы делип этибарга алынбай келген улуттук дөөлөттөрдү кайра жаратуу, түптүү улуттун тили катары кыргыз тилин мамлекеттик тилге айландыруу, кыргыз жаштарынын конституциялык укугун коргоо үчүн чечкиндүү күрөшкө аттанат. Ал эле эмес эгемендүүлүккө жетишүү, демократиялык баалулуктарды жайылтуу, мамлекеттик башкаруу органдарынан коммунисттик партиянын таасирин түп тамырынан бери жоготуу үчүн бар күч-аракетин жумшайт.

«Ашардын» башында турган «ыңгайсыз адамдан» (Жыпар Жекшеев өзү жазмакчы) арылуу үчүн бийлик кандай гана арам жолдорго, амал-айлаларга барбайт. Ага «улутчул», «бүлүндүргүч» ж.б.у.с. жарлыктарды тагып, жалган жалаа менен аны кылмышкерге айландырат.

Ошол учурда бүт кыргыз эли окуган «Советтик Кыргызстан» гезитине атайын ушундай буюртмаларды аткарып жүргөн журналистке тапшырылып, Ж.Жекшеевди каралап жаздыртып, жок жерден анын бетине бетине көө жабат. Куру доомат менен козголгон «кылмыш иши» он жылга жакын тергелет.

Аны сындыруу, көздөгөн максатынан баш тарттыруу үчүн ага психологиялык басым жасашат, ар кандай манипуляцияларга барышат. Бирок качандыр бир кезде чындык жеңерине ишенген Жыпар ава мунун баарын сабырдуулук менен көтөрүп, башына кандай мүшкүл түшпөсүн чыдайт.

Эч кандай илинчек таппай, айласы кеткен бийликтегилер анын жооптуу кызматтарда иштеген бир туугандарын кысмакка алып, «терс аяк» инилерин ийге келтирүүнү талап кылат. Энеси, ага-эжелери, жубайы канчалык суранбасын, анын өмүрү, тагдыры кылдын учунда турганын айтып, чый-пыйы чыгып канчалык безилдебесин, ал айтканынан кайтпайт. Акыры айрым жакындарынын андан көңүлү сууп, «адам болушунан» биротоло түңүлүп, кол куушуруп отуруп калышат.

Ошол кезде Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп жаткан агасы Сапар экөөнүн ортосундагы курч диалогду, энесинин таарынычын, эртеси энесинин түшүн айтып берип жаткандагы жүрөктү титиреткен окуяны автобиографиялык китебинде абдан таасирдүү чагылдырганы – Жыпар Жекшеевдин чоң сүрөткерлик таланты да бар экенин айгинелейт. Балким, ал бүт өмүрүн саясатка арнабаганда, өзү биринчи тандагандай, чоң сүрөтчү болмок, же өнөрдүн дагы башка салаасында өзүн көрсөтмөк.

Айтарын айтып бүтүп, дээрин деп бүтүп, амалы түгөнгөн Сапар инисинен:

– Сен энеңди дейсиңби же «Ашарды» дейсиңби?! – деп, анын алдына тагдыр чечүүчү суроону коёт. Жыпар Жекшеев эч буйдалбастан:

– Мен «Ашарды» дейм! - деп жооп берет.

Албетте, адам баласы үчүн энеден өткөн кымбат, энеден өткөн асыл, улуу зат жок. Бул жерде Жыпар аванын кыйчалыш учурда энесинен да «кечип жатканы» анын жамандыгынан эмес, тескерисинче, ал мекенин, эли-жерин баарынан бийик койгондугу үчүн, өз ишинин ак, адалдыгына чын ыкластан ишенгени үчүн ушундай жоопту айтат.

Эгер киночулардан кимдир-бирөө ошол оош-кыйыш заман тууралуу тарыхый тасма тарткысы келсе, Жыпар Жекшеевдин баштан аяк драматизмге ширелген аталган китеби сценарий үчүн даяр материал болуп бермек. Анткени бул китептен ар кандай даражадагы кызматтарды ээлеген белгилүү мамлекеттик ишмерлердин саясий портретин (б.а. кимдин кимдигин) гана эмес, а ошол доордун демин, бүтүндөй атмосферасын да көрүп-сезүүгө болот.

Улуу ойчул Жан-Жак Руссонун «Ыймандай сырын» (“Les Confessions”) окуган болсоңуздар, философ жазуучу өзүнүн өмүр таржымалын баяндаган китебинде болгон-бүткөн сырын жаап-жашырбай бүт төгүп, өзүнүн да, замандаштарынын да турмушта кетирген кемчиликтерин, акмакчылыктарын, жосунсуз жоруктарын аёосуз ашкерелеген. Анын сыңарындай, Жыпар ава да эч кимди аябайт. Өзүнүн катачылыктарын да моюнга алып, катуу өкүнөт.

Кылымдын «афёрасы» катары уу-дуусу али да басылбай келе жаткан «Кумтөрдү» эл ишенип шайлаган депутаттар, жогорку кызматтагы өкмөт жетекчилери (президенттер баш болуп) кантип саткандыгын окуп, төбө чачың тик турбай койбойт. Жыпар Жекшеев депутат кезинде Барскоон кырсыгын жымсалдоо үчүн тигилер кантип пара сунуштаганын Жыпар аванын өзүнөн угалы: «Кумтөр Оперейтинг компанинин» жетекчилиги менден кабыл алуумду байма-бай сурана баштады. Мен көпкө чейин кезигүүгө макулдугумду берген жокмун…

…Эмнегедир алардын көшөрүп суранганы мага жаккан жок жана бул жерде кандайдыр бир мандем бар экенин сездим. Менин оюмдагыдай эле калың дипломат көтөрүнгөн, өтө жооптуу эки жетекчинин орусча сүйлөгөн өкүлдөрү келишти. Алар дароо эле күбөсүз, көзмө-көз сүйлөшсөк деп өтүнүштү. Мен аларга өзүмдүн жардамчыларымдан эч качан сыр жашырбай турганымды жана Айдардын бул жерде болушун өзүм талап кылганымды үнүмдү өкүм чыгарып айттым…

Алар арт жакта отурган Көчкүнөвго «өзүң эле туура түшүнүп, чыга турбайсыңбы» дегендей кайра-кайра кылчактап, анан сөздүн ток этер жерине өтүштү. «Жекшеев мырза, биз Кыргызстандын баардык жетекчилери менен тил табышып келе жатабыз (астын сызган. – А.К.) жана сиз менен да тил табышарыбызга ишенебиз... Биздин сунушубузду сиз чоң кубаныч менен кабыл аларыңызга жана мындан кийин да биз менен үзүрлүү кызматташарыңызга күмөн санабайбыз», – деп, дагы бир жолу жактырбаган түр менен аркасына бурулганда, мен аларга кыргыздардын баарын сатып алабыз деп терең жаңылышып жатышканын жана мен үчүн алардын арам акчасынан адамдын өмүрү жана ден соолугу кымбат экенин айттым. Ошондой эле кабинеттен тез чыгып кетишин талап кылдым.

Алар мага «ооз басырык» алып келгенине жана ушунчалык ишенимдүү түрдө ачык аракет жасаганына караганда, мындай жолго алар биринчи жолу барып жатпагандыгы, демек, …сатып алуу технологиясы бар экендиги анык. Мен аларды ошентип жолуна салганым менен башкалар да аларды мен сыяктуу тилдеп кууп чыкты деп айта албайм. Ошол окуядан кийин Кыргызстанда баардыгы жең ичинен соодалашуу жолу аркылуу чечилип калгандыгын түшүндүм» («Атуулдук биримдикке чакырам» атуу китептен).

Автордун ою окурманга жеткиликтүү болсун үчүн анча-мынча гана кыскартканым болбосо, ошол текстти толук берүүгө мажбур болдум. Кыргызстанга пайда алып келбеген кендер азыр да ушундай эле жол менен сатылып жаткандыгында эч күмөнүм жок. Болбосо жергиликтүү элдин жаалы кайнап, кенчилердин ишканасын, техникаларын өрттөп, талкалаганга чейин барбайт эле. Жаңы ишке киришип жаткан өкмөт келишимдердин баарын кайра карап чыгып, биздин өлкөгө таза кирешеден түшчү үлүштүн пайызын көбөйтпөсө, чыр-чатак улана берет.

ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын мурдагы башкы катчысы Жыпар Жекшеев. 2009-жылдын 30-декабры.
ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын мурдагы башкы катчысы Жыпар Жекшеев. 2009-жылдын 30-декабры.

Жыпар Жекшеевдин айрым ойлорунан өрнөк:

Эгер дагы да арзыбаган көр дүйнөгө азгырылып, шылуундарга алданып жүрө берсек, анда бизде, мекендешим, эч келечек жок. Ойгон, кыргызым, ойлон, кыргызым!
Жыпар Жекше

«…бүгүн акты ак, караны кара деп, коомубуздун мындан кийинки тагдырын чечкиндүү оңдой турган багытты аныктай албасак, анда биз саясатчы катары эл арасында калышка моралдык укугубуз жок.

Бүгүн демократиялык мамлекетке таандык мыйзамды бузуудан корккон эмес, тоталитардык мамлекетке мүнөздүү бийликтен корккон заманда жашап жатабыз.

Чоң күрөш менен жеткен ырыскыбызды тебелеп, өзү кайсы улуттун өкүлү экенин унутуп, мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды кыйратып жибергенсип, эки тил мамлекеттик тил болсун дегендери – барып турган наадандык.

Качан гана ар бирибиз өз керт башыбыздын жоопкерчилигин да, жалпы улуттук жоопкерчиликти да туя билсек, кайдыгерликтен кутулуп, ар бир беш жылда бир келчү шайлоо учурунда өз позициябызда бекем туруп, абийирибизди, бала-чакабыздын келечегин күнүмдүк кызыкчылыкка сатпай, атуулдук милдетибизди абийирдүүлүк менен аткара алсак, мына ошондо кийинки беш жылдык мөөнөткө адамча жашоого шарт түзө алабыз. Эгер дагы да арзыбаган көр дүйнөгө азгырылып, шылуундарга алданып жүрө берсек, анда бизде, мекендешим, эч келечек жок. Ойгон, кыргызым, ойлон, кыргызым!»

КДКнын теңтөрагалары Топчубек Тургуналиев (оң четте) жана Жыпар Жекше демонстрация маалында.
КДКнын теңтөрагалары Топчубек Тургуналиев (оң четте) жана Жыпар Жекше демонстрация маалында.

Жаңы замандын жарчысы саналган «Ашар» ыктыярдуу коомунун түзүлгөндүгүнө отуз жылдан ашык убакыт болуптур. Эгер учурда биз кандайдыр бир жетишкендиктерге жетишкен болсок, эң биринчи кезекте дал ошол «ашарчыларга» жана “Ашар” да негизделишине жана ишмердигине зор салым кошкон КДК уюмуна милдеттүүбүз.

(Жыпар Жекше 1990-жылы 25-26-майда Кыргызстандын борборунда өткөрүлгөн КДКнын уюштуруу жыйынында бул көп этностуу антикоммунисттик демократиялык блоктун беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган жана 1993-жылдан тартып КДК партиясын негиздеп, өлкөбүздө чыныгы демократиячыл жаңылануу ураанын чакырган ушул партияны ырааттуу жетектеп келген).

Чыныгы революционерлер, жаңы коомдун түптөөчүлөрү, негиздөөчүлөрү –– “Ашар”, КДК деген кубаттуу толкунду түзгөн муундун өкүлдөрү болгондугунда талаш жок. Ал эми бүгүн биз сөз кылган маркум Жыпар Жекшеев ошол даңазалуу муундун сап башында тургандыгы анык.

Аким Кожоев,

публицист.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG