Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Артта калдыкпы же жолдон кайттыкпы?


"Жоогазын ыңкылабы" маалында. Бишкек. 2005-жылдын 24-марты.
"Жоогазын ыңкылабы" маалында. Бишкек. 2005-жылдын 24-марты.

Пост-советтик Кыргызстандын өнүгүшүнүн алгылыктуу жактары жана өксүктөрү тууралуу кайчы пикирлер арбын. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген макал да кыргыз коомунун жагдайын таразалоо үчүн пайдалуу. Публицист Жолдош Турдубаев коомдук турмушту калыс баалоо жаатында өз блогун сунуштайт.

Президент Садыр Жапаровдун: “Өзбекстандан кырк жыл артта калыптырбыз”, – деген сөзүн колдоп ардангандар да, жок, алдыдабыз деп мактангандар да көп. Кызыгы, кошуналардан бизге суктангандар да бар.

Катаалдык менен көп нерсеге, жакшы көрүү менен андан да көпкө жетесиӊ. Бирок иш билгилик жана адилеттик менен баарынан чоӊ ийгиликтерге жетишүүгө болот.

И. В. Гёте.

Көчтөн адашпасак экен...

Экономиканын мамлекеттик секторунун өнүгүшү – шаарлардын, ишканалардын курулушу, жолдордун, көпүрөлөрдүн салынышы жагынан Өзбекстан бизден алдыда экени талашсыз. Бирок И. Каримовдун тушунда калктын экономикалык турмушуна жетиштүү эркиндик берилбей келгендиктен, жашоо деӊгээли биздегиден кыйла төмөн, ошондуктан карапайым өзбектердин кыйласы Кыргызстандагы жагдайга суктанат.

Ал эми жарандык коомдун өнүгүшү, адам укуктарын коргоо үчүн түзүлүп келген мүмкүнчүлүк, сөз эркиндиги боюнча бүтүндөй Борбор Азияда биз менен кайсы бир даражада Казакстан гана атаандаша алат. Бирок отуз жылдагы эгемендик жолубузга кылчайып, эми “демократиянын аралы” деген кооз сыпаттама биздин республикага жарашпай калды, башынан эле биз туура эмес багытка кеткен экенбиз, дешет айрымдар.

Мыйзамдуулук камсыздалбай, тышкы карыздар кокодон алып, жемкорлук улам тереӊ тамыр жайды. Мындай шартта жоопкерчилик, тартип болушу үчүн бийликти бир колго бериш керек деген ураан баарынан катуу чакырылып, дал ушуну убада кылган Садыр Жапаровдун президент болуп шайланышына өбөлгө түзүлдү.

Мүдүрүлүү

Ырас, азыр дүйнө жүзүндө өтө карама-каршылыктуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Бир жагынан, демократиялык жол туңгуюкка кептелгенсийт. Батышта, айрыкча АКШда көңүл иренжиткен бир катар окуялар болду. Көч башында келаткан өлкөлөр багытынан адашып калгандай көрүндү. Экинчи жагынан, диктатордук режимдер кайрадан күчөп баратат. Үчүнчү жагынан, теократиялык жана моно улутчул чакырыктар кайрадан катуу жаңыра баштады.

Автократияны актап, бекемдеш үчүн диний риторика да катуу колдонулуп жатат. Мисалы, Орусиянын ортодокс христиан (православ) чиркөөсү бийликти сындагандарды эл душманы, чыккынчы, бузуку ж.б. деп текши каралоого өттү.

Түркмөнстанды сөз кылбай эле, Казакстан менен Түркияда демократиядан чегинген агым даана байкалып жатканын айтсак жетишер. Кечээ жакында казак туугандар белгилүү ишкер Маргулан Сейсембаевдин соңку кайрылуусун талкуулап жатыптыр. Ал буга чейинки саясий турумунан баш тартып, исламда өкүмдар кандай болсо да, ага каршы чыкпаш керек экен деген сөздү колдонуптур.

Ал го аргасыз ушундай кадамга барды окшойт, бирок ошол жарыяга пикир жазгандардын арасында диний жүйөө менен төңкөрүштү актагандар да болду... Бул жагдай баарыбызды, биринчи кезекте ушул өлкөлөрдүн башчыларын ойлонтушу керек.

Кыргызстанда айрым молдокелер ашынган жемкорлорду кол тийгис эмес, сөз тийгис кылууга урунуп калды. “Кудайдын бергени, бул сенин ырыскыӊ!” – дейт миллиондорду бажыдан омкоргон кишиге шыкакчылык кылган бир “таксыр”.

“Бир колдогу” бийликтин эртеӊи кандай болот?

Ушундай удургуган мезгилде Кыргызстандагы саясий абал да өтө кымгуут болуп кетти.

Садыр Жапаров сыйкырчы эмес, жомоктогудай кеменгер хан эмес. Биздин мамлекет да хандык эмес – республика. Демократия жолунан кайтпай турган өлкө. Ырас, азыр жеке бир кишинин бийлигин жактагандар үстөмдүк кылууда, бирок бул акыркы, биротоло жасалган чечим эмес. Конституция толугу менен автократиялык бычымга салынып, референдумда басымдуу көпчүлүк колдоп берген күндө деле баары баёо кишилер ойлогондой боло койбойт.

Азыркы президент соттордун өкүмүнө чейин жеке өзү кийлигишип, мамлекеттин турмушундагы жүрүмдөрдүн баарын түз жолго салат деп үмүттөнгөн кишилер эӊ жөнөкөй мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүнбөй жатат. Кеп – юридикалык мыйзамдар эмес, табияттагы жана коомдук турмуштагы эч ким көзгө илбей коё албай турган ченемдер жөнүндө болуп жатканын эскерте кетели (ырас, айрымдар муну деле түшүнбөйт, тилекке каршы).

Канчалык акылдуу, ыкчам иштеген эмгекчил болсо да, эч бир киши баардык иштер боюнча кынтыксыз туура, калыс чечимди жалгыз өзү чыгара албайт. Хандардын деле вазирлери, акылчылары ж.б. болгон эмеспи. А бүгүнкү коомдук, экономикалык, саясий мамилелер өтө татаалдашкан жагдайда бир дагы мамлекет башчы бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарысыз башкара албайт.

Ооба, авторитардык өлкөлөрдө президентке бийликтин үч бутагы теӊ көз каранды, бирок ашынган диктатор деле тарп аӊдыган кузгунга окшош кошоматчыларга эмес, атаандаш көз караштагы адамдарга, иштин көзүн билген чынчыл кеӊешчилерге кулак салуу зарылдыгын түшүнбөсө, акыры омурткасы сынбай калбайт. Хандарга апендилер, падышаларга маскарапоздор өлкөдөгү чыныгы жагдай жөнүндө кыйытып турушкан. Ал эми эркиндикти баарынан бийик дөөлөт деп билген кыргызда “элчи менен сынчыга өлүм жок”, “баш кесмек бар, тил кесмек жок” дегендей накыл кептер айтылып келген.

Иосиф Сталиндей темир кол менен башкаруу керек деп шыпшынгандар ошол доордо чексиз бийликтин өзөгү болгон “пролетариат диктатурасы” азыркы мезгилге такыр туура келбестигин, аны кайталоо мүмкүн эместигин түшүнбөйт. Ал кезде биздеги, Орусиядагы, жалпы СССРдеги эле эмес, дүйнө жүзүндөгү адамдардын көпчүлүгү эркиндикти биле элек, кишинин адамдык кадыр-баркын сыйлаган жарандык коомдо жашап көрө элек болгон.

Ырас, колдо бар алтындын баркы жок дегендей, азыр башкасын айтпаганда да, сын чөйрөсүнөн эч бир бийликти сырт калтырбаган сөз эркиндиги баа жеткис дөөлөт экенин көпчүлүк аӊдап биле элек. Бирок ошол “темирдей” (тагыраагы – сүргүндөгүдөй, репрессиялык лагердегидей) тартиптин айрым элементтери эле киргизилсе, Сталинди жана анын азыркы көлөкөлөрүн мазардай көргөн бүгүнкү фанаттар өздөрү чыдабай калат. “Баш мыйзамдан таш мыйзамды өйдө коёбуз” дегендердин өз башына таш тийгенде, кеч болсо да акылына келет.

Ток этээрин айтканда, өнүккөн өлкөлөрдүн өрнөгүн албай, өзүбүзгө өтө сонун көрүнгөн “нукура кыргызча” жомокко ишене берсек, катуу өкүнүп каларыбыз анык.

Жеке менен жалпыны каршы койбойлу

Эми кайрадан биздин “алдыга озгонубуз” менен “артта калганыбызга” келели.

Кошуналардан сергек акыл калчагандар биздеги демократиянын өксүк, чабал болсо да элементтери бар экенине суктанышат. Ошонун шарапаты менен карапайым эл аларга салыштырмалуу эркин тиричилик кылып, кыйла бакубат жашап жатат. А кошуналарда тартип бекем болгондуктан, мамлекеттик сектор жакшы өнүгүп, инфратүзүм заманбап деӊгээлге жакын калыптанууда.

Бирок бир гана шаар курулушу жана катаал тартип менен чектелгенде, туруктуу өнүгүү мүмкүн эместигин, бир кишинин чексиз бийлигинин арты жаман болорун, мисалы, президент Шавкат Мирзиёев жакшы эле түшүнө баштагандай.

Бизде тартип, жоопкерчилик маселеси биринчи планга коюлуп жатканы дурус. Бирок тартип адилеттикке, кара кылды как жарган калыстыкка негизделбесе, залимдиктен айырмаланбай калат да, акыры социалдык кыйроого (төӊкөрүшкө) алып келет.

Ооба, демократия бирөө үчүн – саясий ураан, элдин башын айлантып, бийликке жетүү максатында колдонулуучу каражат гана. Дагы бирөө үчүн – өтө эле түшүнүксүз, татаал, ишеничсиз жол. Бирок баркына жетип, маанисин туура түшүнгөндөр үчүн бул келечектүү өлкөнүн өнүгүү жолу. Анын өзөгүн түзгөн, эӊ башкы тиреги болгон мыйзам үстөмдүгүн орното алсак, кошуналардагыдан да бекем, туруктуу, эӊ башкысы, адилет, мыйзамдуу тартип камсыздалат. Экономикалык өсүш жагынан да кырк эмес, беш-он жылда эле аларды кууп жетебиз.

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Ал эми демократия, адам укуктарын коргоо, сөз эркиндиги жагынан эгемен Кыргыз Республикасында акыркы 30 жылда жарандык коомубуз талбас күрөш менен жетишкен бийиктикти эч жоготпой, улам алга илгерилей беришибиз керек.

Ошондо эркиндик менен жоопкерчилик, укук менен милдет теӊдештиги кылдат сакталып, жеке инсандын, жарандын кызыкчылыктарын мамлекеттин, бүткүл өлкөнүн мүдөөлөрү менен гармонияга келтирилет.

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл албоо керек.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG