Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Кечиримдүүлүк - дүйнөнү сактачу асыл сапат


Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдын тургундары. Кыргызстан, 3-май, 2021-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара, суу, жайыт, жол жаатындагы пикир келишпестиктери бүгүн эле эмес, тээ союз доорунан бери эки тараптын теӊ бийлигинин кайдыгерлигинин кесепетинен уланып келаткан көйгөйлөр. Коомчулук муну абдан жакшы билет.

Союз тарагандан кийин деле бул кооптуу көйгөйлөрдүн азыркы күнгө чейин чечилбей кала бергендиги акыр-аягында ушундай кандуу коогалаӊга кириптер кылды. Бул эки өлкөнүн теӊ карапайым калкы үчүн чоӊ кайгы болду.

Кадим замандардан бери коӊшулаш жашаган эки эл союз тарагандан кийинки эгемендик жылдарында чек ара маселелерибизди бийлигибиз убакты-сааты келгенде чечип берет деген үмүттө сабыр кылышты. Бирок ал үмүт-тилектер арадан канчалаган жылдар өтсө да, канчалаган ыӊгайлуу учурлар болсо да орундалбады. Аларды орундата турган эки тараптын теӊ бийликтери саясат, шайлоо, бийлик талашуу сыяктуу дартка айланып калган оюндар менен гана алек болуп келишкени жашыруунбу?

Дагы бир таӊ калтырган жери – бүтүндөй өлкөнүн, жалпы элдин келечек тагдырына жоопкермин деп ант берген президенттер болсо чек ара, жер талаш, суу талаш маселелери өкмөткө тиешелүү деген шылтоо менен тарыхый мааниси бар ишти премьер-министрлерге түртө салып, жоопкерчиликтен качып турушкан.

Ошентип, чыдамы түтпөй чыркырай баштаган карапайым эл айласы куруганда маселени өзүлөрү ташбараӊ, ок атышуу, кайым айтышууга чейинки чаралар менен "чечүүгө" өтө башташкан. Ошондо деле коӊшулаш элдердин тарыхый бир туугандык мамилелерине доо кетирип жаткан бул аргасыз кадамдарга да бийликтегилер көӊүл бурган жок. "Мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт" деп эскерткен аксакалдардын жана конфликтолог адистердин сөзүнө эч ким кулак салбай келди.

Акыр-аягында ушундай кандуу коогалаӊ болгондон кийин деле маселе жөнүндө, эмнегедир, олуттуу сөз болбой жатат. Менин жеке пикиримде, эки тараптын теӊ бийликтеринин чек ара маселесине көп жылдар бою жоопкерсиздик менен мамиле жасап, бейкүнөө адамдардын убалына калгандыгы өзгөчө сөз кылынып, тиешелүү баа берилиши керек. Ал эми ким биринчи ок чыгарганы, ким баскынчылык кылганы - өзүнчө баа бериле турган маселе. Бул сөзсүз иликтениш керек.

Кандай болгон күндө да, чек ара көйгөйү биротоло чечиле турган, маселелердин бардыгына акыркы чекит коюлуучу тарыхый учур келди бүгүн эки тарапка тең. Эгер бул учур деле ыктуу пайдаланылбай мурдагыдай кечеӊдетиле берсе, анда маселе ого бетер татаалдашып кетери анык.

Ошол себептүү эки тараптын тең азап тарткан карапайым эли буга жол бербей, бийликтерине катуу талап коюшат деген үмүт бар. Ошол эле учурда алар өздөрү да бул ишке тоскоол болбой, бийликтердин туура иштерин колдоп турушу кажет. Анткени бийлик менен элдин пикири бир болбосо, туура чечим кабыл алуу мүмкүн эмес. Бул тарыхый иштин бүтүшүнө өз ара түшүнүүчүлүктүн, ынтымактын жоктугу кедерги болбошу керек.

Чек ара көйгөйүнүн оӊунан чечилиши тарыхый бир тууган элдердин кечиримдүүлүгүнө, күнөөнү моюнга ала билген акылмандыгына да көз каранды. Кечиримдүүлүк, кетирген күнөөнү моюнга алуунун өзү баатырдык. Бирок бул ар кимдин эле эмес, акылман элдин, алыска ой жүгүрткөн адамдын гана колунан келе турган иш.

Күнөөң үчүн баш ийип кечирим суроо, күнөөлүүгө кечиримдүү болуу – керек болсо дүйнөнү, өлкөнү, эл-журтту чоӊ апааттан сактап кала турган инсандык эң асыл сапаттардын бири. Бул сапат кырчылдашып урушкан өлкөлөрдү, элдерди, бир туугандарды жараштырып, араздашкандарды элдештире турган кудуретке ээ. Ушундай акылмандык азыр эки тарапка теӊ абдан зарыл болуп турат.

Бул күндөр да өтөт, жараат бара-бара айыгат, жашоо-турмуш кайра мурдагы тынчтык, ынтымак, достук нугуна түшөт, Кудай буюрса. «Басып өткөн көпүрөңдү бузба, эртеӊ кайра өтөсүң» деген залкар ой айтылып келген эзелтен…

Маалымат катары бир кабарды кыстара кетсем ашыкча болбойт деп ойлойм. Тагдыр буйругу менен Ала-Тоого келип жашап калган кыргызстандык тажиктер кандуу коогалаӊдан кийин «элибиздин кайгысы – биздин да кайгыбыз» деп, жалпы кыргыздар менен бирге сыздап турат.

Жумуруяттагы 56 миӊден ашуун тажиктерди баш коштурган Рудаки атындагы коомдук бирикмеси коогалаӊда жабыркагандарга 1 миллион сом которуп, азык-түлүгүн жөнөтүштү.

Андан тышкары Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында кадим замандардан бери жашап келаткан 20 миӊден ашуун тажик калкы болсо 150 миң сом акча, ондон ашуун машинеге жүктөлгөн азык-түлүк ж.б. нерселерин жеткирип беришкени маалым болду.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл албоо керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG