Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Баткенге маданият өкүлдөрү да жардам берсе...


Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылы, Кыргызстан.

Жубайым Бишкектеги бир колледжде окутуучу. Азыр таажы вирусу күчөгөңдөн улам үйдөн эле онлайн сабак өтүп жатат.

Жакында эле Баткенде болгон окуядан кийин бир топко чейин жаман болуп жүрдү. Айрыкча кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган улан-кыздардын сабак учурунда ыйламсыраганын угуу бери жакта отурган мага да оор болду.

“Эжей интернет начар болуп атат. Бул жакта аябай жаман согуш болду, коркуп атабыз”, - деп жатышты балдар.

Гезит-журнал, сайттарды карасаң, кошуна-колоңдор менен кобурашсаң баары эле Баткендеги коога тууралуу кеп кылышат. Бул жакта отуруп, биз мынча кейип-кепчидик, алааматты башынан өткөргөндөр кантти экен деп санааң санга бөлүнөт экен.

Өлкөдөгү бардык маалымат каражаттары Баткендеги кыйраган үйлөрдү көрсөтүп, бийлик жабыр тарткандарга кантип жардам бере турганын үстөккө-босток чагылдырышты. Бирок, өкүнүчтүүсү жаңжалды көргөн элдин жан дүйнөсүндөгү стресс, муң-кайгыны кантип басуу зарылдыгын эч ким козгогон жок.

Мындан 17 жыл мурда, 2004-жылы Түндүк Осетиядагы Беслан калаасындагы №1 мектепте 1-сентябрга байланыштуу шаңдуу жыйын өтүп жатканда террорчулар капыстан бастырып кирген окуя аргасыз эске түшөт.

Бейкүнөө балдарды үч күндөй барымтага алып, жардыруу, атышуу менен коштолгон ошол каргашада 186 бала шейит кетип, 333 адам өлүп, кеминде 783 киши жараат алганы тарых барагында жазылып калды.

Мына ошол окуяда дүйнө жүзү Бесланга ириде психологдорду жибергени эсте.

Мына ошондо орусиялык айтылуу дирижер Валерий Абисалович Гергиев Бесланга барып классикалык концерт койгон эле.

“Бесланда кайгыдан жабыркагандардын көөдөнүндө кетпес кек калганын көрдүм. Аны психологдун кеп-кеңеши, дары-дармек дагы айыктырып, унуттура албайт эле. Этникалык кагылышты, атуулдук согушту тутанткысы келгендер болгон. Мындай трагедиядан жан дүйнөсү жабыркаган элдин жашоого үмүтүн жандырган, кек алууну кечирип алаксыткан бир гана музыка. Ошон үчүн мен Мариин театрынын симфониялык оркестри менен дүйнөлүк шедеврлердин музыкасын аткарып, карапайым калктын ызасын, кайгы-муңун жеңилдеттим”, - деген анда Гергиев.

“Беслан” деген аталыштагы бул программанын алкагындагы концерттер кийин Париж, Лондон, Токио жана Нью-Йорк, Римде өткөн.

Симфониялык оркестр 2016-жылы 5-майда адамзаттын дөөлөтү, тарыхый имарат, эстеликтерге бай Пальмира шаарында да концерт койгон. Сириядагы бул керемет шаарды адамгерчиликти унуткан экстремисттер талкалап, Жер шарындагы рухий мурастарды алтындан артык көргөн коомчулуктун зээнин кейиткени баарыбызга маалым.

Буларды мисал келтирген себебим, учурда Баткенге гумжардам, акча, азык-түлүк кийим-кечек чогултуу иштери жүрүп атат. Талкаланган турак жай, коомдук имараттарды куруу иштери башталды.

Бирок ошол эле маалда элдин кайгы-муңун, өзөктү өрттөгөн кайгысын музыканын, төкмөлөрдүн, манасчылардын өнөрү менен басаңдатууну, элдин абалын жеңилдетүүнү колго алган аракет байкалган жок.

Кылымдардан бери кыргыз эли каран күнгө кабылганда “Манас” айттырып, күү угуп, өлгөндө кошок кошуп стресстен арылып келбеди беле. Эмнеге азыр маданият, өнөр адамдары, интеллигенция үн катпай отурат? Коога тууралуу чыгарма, симфониялык музыка жазууга, күү жаратканга аракет кылгандар барбы? Же президенттик “Манас” оркестри менен Бишкек мэриясынын фольклордук оркестри "ак сөөктөр" үчүн гана ойноп, төкмөлөр, манасчылар конкурста гран-при утуу, кара курсакты ачырбоо үчүн эле жашап калганбы?

Бекеринен, Валерий Гергиев Беслан трагедиясынын кесепетинен аймакта жарандык, атуулдук согушту жандырбай тынчтыкты камсыз калууга анын оркестр музыкасы таасир эткенин баса белгилебесе керек.

Мындай маданий музыкалык терапия согушка кошул-ташыл пандемия кесепетинен жабыркап турган жеке эле Кыргызстан эмес, коңшу өлкөнүн тургундарына да зарыл болуп турган чыгаар.

Деги эле карапайым калктын жан дүйнөсүнөн согуш тактарын тазалоону, коркуу сезиминен арылтып, айыктырууну колго алган бирөө жарым болоор бекен?

Албетте, "адам өмүрү кыйылып атса, кайдагы музыка?" деп ачуусу келгендер да чыгаар. Бирок согуштун кээри көөдөнүндө кетпес так калтыргандарды кайгыдан, коркуудан арылтуу керек го?

Бекеринен илимий иликтөөнүн негизинде музыкалык психология, музыкалык терапия деген терминдер чыкпаса керек.

Өнүккөн өлкөлөрдө музыка менен дарылоо ыкмасы ХIХ кылымдан бери колдонулуп келгени маалым. Бирок классикалык музыкадан кабары жок, маданиятка кайдыгер атка минерлер турганда Кыргызстандагы абал жакшы жагына оңолору күмөн ой жаратат. Айтылуу композитор Дмитрий Шостакович айткандай “Ашказан тоюнар, жан казанчы?”...

Аманбек Жапаров, режиссер

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл албоо керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG