Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:24

Беслан окуясы: жүздөгөн өмүр кыйылган күн


Беслан окуясында курман болгондорду эскерүүчү бурч.

Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте барымтага алынгандарды бошотуу операциясы 3-сентябрда болгон. Жүздөгөн курмандыкка алып келген бул операциянын жүрүшү боюнча суроолор азыр да көп.

Миңден ашык киши барымтага алынган Беслан окуясынан бери 15 жыл өттү. 2004-жылдын 1-сентябрында чечен согушкерлери Бесландагы №1 мектепте Билим күнүнө арналган жыйналышка чогулган балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди барымтага алышкан.

Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте 1 миң 128 киши барымтага алынган окуядан бери 15 жыл өттү. Жылдагыдай эле 1-сентябрда шаарда эскерүү иш-чаралары өттү. Мемориалга айландырылган мектептин урап калган спортзалынын жанына курман болгондордун жакындары, барымтадан куткарылгандар чогулду.

Тамерлан Тогузов.
Тамерлан Тогузов.

Тамерлан Тогузов азыр 28 жашта. 2004-жылдын 1-сентябрында ал 7-класска барып, бирок барымтага алынган. Анын апасы мектепти басып алган согушкерлердин талабы жазылган катты сыртка алып чыгып берген кезде Тамерлан кепилдик катары кармалып турган.

«Менин апам сыртка кат алып чыгып берген кезде, мен ушул жерде отургам. Эгер ал качып кете турган болсо, мени атып салышмак», - деди ал ошол күндү эскерип.

Шамил Басаевдин тобундагы террорчулар орусиялык аскерлерди Чеченстандан чыгарууну талап кылышкан.

«Мен аларга «Мен талап жазылган кагазды алып чыгып берем. Мен эч кайда качпайм, анткени бул жерде балам бар» дедим. «Макул, балаң бул жерде калат. Эгер дарбазадан сыртка чыга турган болсоң эле сени көзгө атар жок кылат» дешти. Кагазда болсо Чеченстандан аскерлердин чыгаруу жөнүндө талап жазылган», - деди Тамерландын апасы Лариса Мамитова.

Лариса Мамитова.
Лариса Мамитова.

Жоочулар 1 миң 128 кишини мектептин спортзалында барымтага кармап турушкан. 3-сентябрда бошотуу операциясы башталып, 334 киши, анын ичинде 186 бала каза болгон. Өлгөндөрдүн арасында 17 мугалим, окуучулардын 111 ата-энеси жана жакыны, 19 күч кызматкер жана куткаруучу болгон. Беслан окуясы Орусиянын соңку тарыхындагы эң кандуу теракт болуп калды.

Расмий маалымат боюнча кол салган террорчулардын бирөө эле – Нурпаши Кулаев тирүү калган. Өмүрүнүн аягына чейин кесилген Кулаев окуяга тиешеси жок экенин айткан.

15 жылдан кийин да мектептеги барымтага алуу, өзгөчө чабуулду баштоо көптөгөн суроолорду жаратууда. Расмий версияга ылайык, барымтадагыларды бошотуу максатында имаратка чабуул коюу боюнча чечим террорчулар спортзалдагы жардыруучу заттарды ишке келтире баштагандан кийин кабыл алынган. Башка маалыматтар боюнча жарылууга спортзалдын аткыланышы себеп болгон.

Беслан каргашасын эскерүү.
Беслан каргашасын эскерүү.

«Беслан энелери» комитетинин төрайымы Сусанна Дудиеванын баласы Заур барымтадагы ондогон кишилер сыяктуу эле 3-сентябрда мектептин спортзалын жоочулардан тазалоо учурунда көз жумган. Ал эми анын кызы Залина аман калган.

«Террорчулар күнөөлүү экенинде шек жок, алар адам эмес, - деди Сусанна Дудиева. - Бирок бизде жарандардын коопсуздугун камсыздаган Федералдык коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги деген бар да. Бул түзүмдөр Түндүк Кавказ аймагында террордук чабуул даярдалып жатканы тууралуу маалымат алышкан. Бирок эч нерсеге карабастан теракт болду, террорчулар республикага оңой эле өтүп келип, ушундай апаат салышты. Буга ким жооп берет?»

2017-жылы Европа соту орус өкмөтүн курман болгондордун жакындарына үч миллионго жакын евро төлөп берүүгө милдеттендирген. Сот «бийлик чабуул коюуда барымтадагылардын өмүрүнө карата коркунучту мүмкүн болушунча азайта алган эмес» деп бүтүм чыгарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG