Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

Тил тамырын кыркпайлы


Жергеталдык кыргыздар.

Жергеталдык кыргыздардын тили адабий тилден дагы, жалпы улуттук оозеки тилден дагы бир топ айырмаланат.

Убагында белгилүү окумуштуу, асыл инсан Жээнбай Мукамбаев Кара-Тегиндеги кыргыздар жашаган айылдарды түрө кыдырып, тилдик өзгөчөлүктөрүн тыкыр изилдегени маалым. Ыраматылык агай орошон эмгек жасап, бизге алтынга алмашкыс «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» мураска калтырды. Ал эми Жерге-Талдан чыккан көрүнүктүү жазуучу Мирзохалим Каримовдун соңку жылдардагы «Тажикстандык кыргыздардын диалектологиялык сөздүгү» аттуу эмгеги да чоң саамалык болду.

Тил боюнча адис эмес болсом да, бул блогумда өзүм баамдап-байкаган айрым жагдайлар жөнүндө кеп салмакчымын. Менин божомолумда каратегиндик кыргыздардын тили кайсы мезгилден баштап диалектилик өзгөрүүгө учурай баштаган, кантип жана качан өзгөргөн – абал ушул тууралуу учкай сөз кылалы.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, кыргыздар алгач XVI кылымдарда, жунгар баскынчыларынын тушунда Гиссардын аймагына жер которуп барышкан (кээ бир булактарда кыргыздар Кара-Тегинге XII кылымда эле барганы жазылган). Кийин жергиликтүү эл менен батышпай, Кара-Тегин өрөөнүнө сүрүлүүгө мажбур болгон. Демек, тажикстандык кыргыздардын тили ошол мезгилдерден тартып анча-мынча өзгөрө баштаганы анык. Бирок ал мезгилде да бүгүнкүдөй эле аймактык дооматтардан улам тажиктер менен тез-тез тирешүү болуп тургандыктан, эки эл дароо эле аралашып, каада-салты, үрп-адаты жуурулушуп кеткен эмес окшойт. Андыктан жергеталдык кыргыздардын тилине фарсы сөздөрү октябрь ыңкылабынан кийин гана көбүрөөк кире баштаган болушу мүмкүн.

Жерге-Талдан чыккан белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Хайрулла Абжапаровдун пикиринде, XX кылымдын 1925-30-жылдары Жерге-Талда болгону 25% гана тажик улутундагылар жашаган экен. Эгер бул фактыга таяна турган болсок, ошол мезгилдерде каратегиндик кыргыздардын тили бир топ эле «таза болгон».

Албетте, илгертен эле Кара-Тегин вилайети Фергана өрөөнү, Бухара эмирлиги менен соода-сатык жактан тынымсыз байланышып турган. Бирок бул капайым элдин тилине катуу таасир эткен деп айтуу кыйын. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, алардын тили совет бийлиги орногондон кийин, кыргыздар тажиктер менен камыр-жумур болуп жашай баштаган соң өзгөрүүгө дуушар болгон.

Айрыкча элүүнчү жылдардагы ички миграция саясаты кыргыз тилинин бузулушуна абдан катуу кесепетин тийгизген. Пахта талааларын өздөштүрүү максатында тоолуктарды Тажикстандын түштүк райондоруна мажбурлап көчүрүп барышкан. 45-50 градус ысыктан, үп абадан көптөгөн кары-картаңдар каза болуп, жаш балдар чарчап калган. Өзүн жана үй-бүлөсүн мындай азапка кириптер кылгысы келбеген айрым кишилер тоо-ташты аралап түн катып качып, Кыргызстанга, Өзбекстандын чектеш шаарларына өтүп кетишкен.

Ошентип, каратегиндик кыргыздардын тагдыр-тарыхындагы Үркүнгө тете бул каргашалуу окуя топ жашап жаткан элди чар тарапка чилдей тараткан. Бир ууч эл барган жеринде тилин, маданиятын жогото баштаганы, отуз-кырк жыл ичинде кээ бирлери жергиликтүү улутка, элге таптакыр жутулуп кеткени чындык.

Демек, жергеталдык кыргыздардын тилинде фарсча, арабча же өзбекче сөздөр көбүрөөк басымдуулук кылса, буга алар туш болгон тарыхый доор, ошол кездеги жагдай-шарт, чөйрө күнөөлүү.

Жергеталдыктардын бүгүнкү адабий тилдин ченемине туура келбеген сөздөрүнүн баары эле «бузулган» сөздөр эмес. Эң кызыгы, бизде орток түрк тилдерине тиешелүү айрым көөнө сөздөр өзгөрүүгө учурабай, уӊгу формасында сакталып калган. Мисалы, ал жакта «эле» деген бөлүкчө алиге чейин «эде» түрүндө колдонулат. Мындан тышкары, айрым созулма үндүү зат атоочтор да дифтонг түрүндө, эзелки формасында айтылат (мисалы, тоо -тоw, суу – суw, - сулуу – сулуw ж.б.у.с.). Ал эми болбойт, келбейт сыяктуу этиштин келер чагындагы сөздөр бовойт, кевейт деп кыскартылып айтылып калышы өзбек тилинин таасиринен болушу ыктымал (мисалы, бумайди, кемайди). Зат атоочтордогу кээ бир тыбыштардын алмашып айтылышы да (мисалы, болот – полот, байпак – пайпак) ушул эле себептен болсо керек.

Ошол эле учурда адабий тилдин корун байыта турган, жалпы кыргыз тилине кошумча көрк, боёк, түс, маани бере турган сөздөрдүн убагында адабий тилдин курамына кирбей калгандыгы мени катуу өкүндүрөт. Адабий тилде кээ бир мааниси ар түрдүү сөздөр окшош жазылат (омонимдер). Бул улуттук тилдин кунарын гана учурбай, кыргыз тилин жаңыдан үйрөнүүчүлөр үчүн да чоң кыйынчылыктарды жаратат. Алсак, адабий тилде эстөө деген сөз эки маанини билдирет (орусча айтканда, зевать жана помнить, вспоминать).

Ал эми Жерге-Талда зевать дегенди эсинөө дейт, б.а. эстеди эмес, эсинеди деп айтат. Ушундай эле адабий тилде жылкы, көр, ал ж.б. сөздөр эки мааниде колдонулуп калган. Кара-Тегинде болсо аталган сөздөр бир эле лексикалык маанини билдирип, экинчи маанисин туюндуруу үчүн тыбыштар алмашылып айтылат. Маселен, он жылкы (зат атооч), жыйырма биринчи жылгы окуя (мезгил тактооч). Ошондой эле карап көр, угуп көр (буйрук этиштер) жана караңгы гөр – мүрзө (зат атоочтор). Ал деген омоним сөз да адабий тилде эки маанини билдирип калган: ал – шилтеме ат атооч, ал – буйрук этиш. Жерге-Талда шилтеме ат атоочту туюндуруу үчүн ол деген сөз пайдаланылат: Ол китепти сен ал.

Бардык ичкилик кыргыздардай эле, биз дагы ә, әә фонемасын колдонобуз. Ә, әә тыбыштары колдонулуп айтылган сөздөр майин, кулакка жагымдуу угулат. Анүстүнө кыргыз тилиндеги айрым маки, маани, мандикер ж.б.у.с. сөздөрдү ә, әә тыбыштарысыз айтууга мүмкүн болбосо да, алар адабий тилдин ченемине кирбей калган.

Эң кызыгы, түпкү маанисин жоготуп, бузулуп айтылып калган кээ бир сөздөр адабий тилге кирген да, ал эми туурасы кирбей калган. Алсак, адабий тилде «жыңайлак» деп жазылат же айтылат. Ал эми тажикстандык кыргыздар «жалаң аяк» деп айтат. Же болбосо, адабий тилде «жубарымбек» деген сөз бар. Биздеги айтылганы – «жувнамарк» (тажикче: «жавон» – жаш, «марг» - өлүм). Чычырканак деген сөз тууралуу да ушинтип айтсак болот. Бизде чырканак деп эле айтылат. Эми кайсынысы уккулуктуу, элестүү экендигин өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр.

Биз баарыбыз жакынкы мезгилге чейин эле жалпылама ат атооч менен этиштин өткөн чагын бардык деген жалгыз сөз менен жазып келгенбиз. Бул сөздү убагында кыргыздын дагы бир залкары, жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбеков баардык деп, созулма үндүү менен эле жазчу экен. Кудай жалгап, жакынкы мезгилдерде акын, балдар жазуучусу жана котормочу Ысмайыл Кадыров агай жалпылама ат атоочту баардык деп, созулма ааны кошуп жазалы деп сунуш киргизгенден кийин, ошентип жазып калдык.

Ошонун сыңары, кайсы бир аймакта такай колдонулуп, бирок кандайдыр бир себептер менен адабий тилдин ченемине кирбей калган угумдуу, жугумдуу, элестүү сөздөрдү жерибей, тескерисинче, байма-бай уруна берсек (мейли оозеки кепте болсун, мейли жазуу жүзүндө болсун) улуттук тилибиздин дасмиясы артат. Пайдасы эле болбосо, зыян тартпайбыз.

Убагында илим чөйрөсүндөгү тансыкбаевдерден куугунтук жеп, көптөгөн бут тосууларга кириптер болгон Жээмбай Мукамбаев да адабий тилди өнүктүрүүнүн, байытуунун эң башкы булагы диалектизмдер деп баса белгилеген. Биз диалектилик деп эле жерий бербей, адабий тилге кире элек, бирок ар кайсы аймактарда колдонулган сөздөрдүн ичинен эң уккулуктуу, жакшысын адабий тилге киргизип, адабий тилдегиси делгендердин ордун ошондой сөздөр менен алмаштырып койсок болот деген идеяны айткан.

Диалектологиялык сөздүктү түзүү менен бул ойду өзү ишке ашырган. Мисалы, чычырканак деген сөздүн ордуна чырканакты колдонууну сунуш кылган.

«Орус тилинде адамдын тырмагын «ноготь», ал эми жапайы жырткычтардын тырмагын «коготь» дейт. Кыргыз адабий тилинде экөө тең тырмак деп айтылып калган. Эгер биз диалектилик вариантты (тырнак деген сөздү) алып, экөөнүн бирөөнө колдонсок, мисалы, жырткычтардыкын тырнак десек, ошондо айырмалаганга жакшы болот» деп жазат окумуштуу. Мукамбаевдин аталган сөздүгүндө мындай мисалдар өтө көп.

Негизи улуттук тилибизди ар тараптан байытуу, аны адабият-маданияттын эле эмес, илимдин, техниканын, жаңы технологиялардын заманбап тилине айландыруу ар бирибиздин колубузда. Немис аалымы Гумбольд: «Тил – улуттун жаны» деген экен. Демек, биздин келечекте улут катары сакталып калышыбыз да тилибизге жасаган мамилебизге жараша болорун унутпашыбыз керек.

Аким Кожоев, жазуучу

Ред.: Автордун пикирин "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл албоо керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG