Линктер

бейшемби, 24-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:28

Кыргыз таалиминдеги «какыс-кукустун» тамыры


Кадамжайдагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун Гомел шаарында мугалим чакан үстөлдү көтөрүп, «окуучунун башына чаап ийем» деп коркутуп жаткан видео Интернетте ызы-чуу жаратты.

«Мектепте баланы уруп-сокту» деген ушуга окшош тасмаларды кээде биздикилер да чыгарып турушат. «Баланы какыс-кукус кылбаса, такыр эле төбөгө чыгып алат» дегендер да көп.

«Энеӊди ...» деп ашатмай кайдан келген?

Окуучу кезимде мурунку кыргыздардын пейили, адеби жөнүндө бир агайыбыздын айтканына таӊ калдым эле.

Эӊ эле катуу кейигенде: «Үйүӊө буудай толгур!», «Аттиӊ...», - дешчү.

- Ээ, балдар, илгери кыргыздар азыркылардай болуп ажылдачу эмес. Балдарына акаарат айтчу эмес, уруп-сабагандар чанда гана кездешчү. Ата-энелер кабагын чытыса же көзүнөн эле бирдемеге нааразылыгы байкалса, «эмнени бүлдүрүп же туура эмес жасап койдук экен» деп тынчыбыз кетчү. Эӊ эле катуу кейигенде: «Үйүӊө буудай толгур!», «Аттиӊ...», - дешчү. Бул өтө чоӊ катачылыгыбызга жасалган ишарат болор эле. Кетирген кемчилигибизди өзүбүз таап, колдон келишинче тез оӊдогонго ашыкчубуз. Мындай учурларда жашы улуураак же эстүүрөөк туугандарыбыз шыбырап акыл айтчу: «Эми шашкалактабай, таза иштегиле, болбосо артык эмес, тыртык кыласыӊар», - деп.

- «Атаӊдын оозуна ...», «энеӊди ...» ж.б. «туздамайлар» мурда жок беле?

- Албетте, бул сөздөрдү эч ким, эч качан оозго алчу эмес дешке болбойт - байыркы доорлордон бери эле адамдар катуу араздашып калганда бири-бирин сөккөн, акаарат кылган учурлар бардык мезгилдерде боло келген окшойт. Бирок балдарына, неберелерине, келин-кызына мындай осолдукту эч качан ыраа көрүшчү эмес. Бул быкшымаларды аскерге баргандар алып келишти. «Деддери» «молодойлорун» болушунча кордоп, кемсинтип, уруп-согуп, кээде майып кылып, андай акмакчылыгынан ырахат алган бузук түзүм жаштардын тарбиясына, таалимине, алар аркылуу бүтүндөй элдин пейилине терс таасир тийгизди.

Байкасаӊар, сөгүнмөйлөрдүн көпчүлүгү орусча же орусчанын түз котормосу. Аскерлер чырдашпай эле жай сүйлөшкөндө да балит сөздөрдү колдонушат. Колхозчуларды же катардагы жумушчуларды ашата сөгүп, кулчасынан жумшаган башкармалар, бригадирлер ошол аскерден «тарбияланып» келген эмеспи?.. Эми булар жалтак, коркок, мокок мүнөздү жай турмуштагы элге жайылтып жатышат.

Ачуу үстүндө... же мугалимдин муӊун ким угат?

Эми сөз башында айтылган мугалимдин окуучуну үстөл менен чаап жиберчүдөй болгон абалына кайрылалы. Ал балдардын тентектигине кыжыры кайнап, ачууга алдырган экен. Тасма Интернетке чыгып, ызы-чуу көтөрүлгөндө, мектеп деректири мугалимди жумушунан бошотуптур. Ошентип, «жумуштан айдабаш керек эле» дегендер менен педагогду айыптагандар жаакташып жаткан чакта, президент А. Лукашенко өтө ачууланыптыр:

- Мугалимди мазактап, мунусу аз келгенсип, телефонго тартып жатышат. Анын ордунда болсом, ошол мадырабаштын башын жулуп салмакмын!

https://www.youtube.com/watch?v=ZvhjrpiDamQ

Александр Лукашенко түздөн-түз кийлигишкенден кийин мугалим кайра ордуна келиптир. Бирок «аны жумуштан кетирген деректирдин деле кызматтан айдалышы да туура эмес болуп калды» деп жатыптыр мектеп жамааты жана ата-энелер.

- Президент, балким, ачуу үстүндө катуураак айтып койгондур. Же берки мансапкорлор деректирди садага чаап салышты окшойт. Бирок өзү кайра ордуна коё алат эмеспи. Ошондуктан президенттин администрациясына кайрылуу жазып, кол чогултуп жатабыз.

Ырас, кээде тажрыйбалуу мугалим деле кармана албай калышы мүмкүн. Айрыкча бул өтө татаал кесипти аркалаган агай-эжейлердин эмгек акысы канчалык аз, аларга карата коомдогу сый-урмат деӊгээли канчалык төмөн экендигин эске алсак, эӊ эле мыкты устат да психологиялык туюкка кептелиши толук ыктымал.

Уул-кызынын окуусуна, тартибине, бош убактысын кантип өткөрөрүнө такыр көӊүл бурбай, сүйлөшкөнгө беш мүнөт убактысын аяган, «тиги эмне, бул кандайга» башты оорутпасын деп колуна смартфон карматкандан башканы билбеген, «балам атаман экен» деп мактанган ата-энелер гана мугалимди бир беткей айыпташка дити барат го...

Уруп-сокпой тарбиялоо мүмкүнбү?

Ошондой болсо да уруп-согуу - айрыкча таалим ишинде - жакшы жосун эмес. Чындыгында шоктонбогон, күтүүсүздөн каткырып күлбөгөн же жанындагы шеригин капталга укубаган балдар өтө аз. Анын үстүнө баланын такыр жоош, роботтой «тартиптүү» болгонуна анча кызыкпашыбыз керек – өз алдынча иш кыла албаган ээрчимелер, жоопкерсиз немелер дал ушул ашкере жоош, чоӊдордун же күчтүүрөөктөрдүн айтканына эч ойлонбой макул боло берген өтө тил алчаак балдардан чыгат. Мындай жоош балага атайын көӊүл бөлүп, өз оюн тартынбай айтууну, укугун жактай билишти үйрөтүү зарыл.

Табиятынан жүгүрбөй, секирбей, кыйкырбай тынч отура албаган баланы ар ким ар кандай тарбиялайт. Ырас, жалаӊ кагып-силкүү, коркутуу менен гана тескелген, ушундай мамилеге көнүп алган балдар да бар. Бирок мектептеги бардык сабактарда дайым тентек кылгандары аз, өтө аз экендигин, мунун себеби сабактын мазмундуу, кызыктуу өтүлүшүнө, педагогдун чеберчилигине байланыштуу экендигин мугалимдер жакшы билишет. «Ой, муну кагып-силкип турбаса, такыр укпайт, башыӊа чыгып алат!», - деп мүнөздөлгөн балдар менен мыкты мугалимдер оӊой эле тил табышат. Алар сабагын кызыктуу өткөрөт, ашыкча ызы-чуусуз, акааратсыз эле классты тартипке келтире билет. Жакшы окуткан агайга же эжейге каяша айтуудан көпчүлүк окуучулар тартынат, эси жок теӊтуштарын өздөрү да тыйып отурушат.

Таланттуу педагог ар бир окуучунун эмнеге кызыгарын, кандай шык-жөндөмү бар экенин билип, анын кайнап турган күч-кубатын (энергиясын) түзүмчүл, жаратман нукка багыттайт да, балдарга сабактан тышкаркы убакта да «аралыктан» таасир эте алат. Анткени идиректүү өспүрүмдөр мектептен сыртында деле кылган ишине, сүйлөгөн сөзүнө устаты кандай карашы мүмкүн болорун ойлойт.

Бирок, тилекке каршы, азыр дал ушул таланттуулардын мектепке келишине жол өтө тарыган...

Жолдош Турдубаев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG