Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Талаштан башы чыкпаган чек ара чыры чечилүүгө тийиш


Фергана аймагын боордош Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары тепчип турат. (2013-жыл). Евробиримдик сыяктуу ынтымак жана өз ара түшүнүшүү калыптанса, анда мындагы чек аралар достуктун көпүрөсүнө айланат.

Орток тарыхый мураска жана баалуулуктарга ширелишкен коңшулар - Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан - чек ара жаатындагы өз ара көйгөйлөрүн тынч жол менен иштиктүү чечиши зарыл. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бул жаатта расмий Бишкектин соңку кадамдары кубаттоого арзыйт, деп эсептейт.

Кыргызстанда учурда эмне тууралуу кеп кылсаңыз да, чек ара маселелери козголбой койбойт. Анын бир топ себептери бар.

Мамлекеттин саясий-аймактык бүтүндүгүн сакташы үчүн анын жеринин так белгиленген чек ара сызыгы болушу керек – бул эми талашсыз чындык. Чек арасы жок мамлекет деле болбойт, анын ыйгарым укуктук эреже-талаптары мамлекеттик чек арасы белгиленген жерине гана жарайт.

Жогорку Кеңештин мурдагы (төртүнчү) чакырылышынын жыйынында Зайнидин Курманов туура белилегендей: “Биздин территориябыз жок, Кытай менен чектешкен жерибиз бар. Андай болгон соң, албетте, башка мамлекеттер менен чек арабыз жок, территориябыз да жок”.

Ошентип, кошуна өлкөлөр менен чек араны тактап, чийип, аныктап алуу өз алдынча көз каранды эмес Кыргызстандын легитимдүү статусун аныктоочу белгиси.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жанындагы коңшу өлкөлөрдөй эле ирегелеш мамлекеттер менен так аныкталган, юридикалык жактан ырасталган чек арасы жок.

Айталы, Кыргызстан менен Тажикстандын болжол менен 970 чакырымдык чек арасынын 519 чакырымы гана ажырымдалып, калган 451 чакырымы эмдигиче такталбай турса, кайсы өз алдынчалуулук, юрисдикция тууралуу кеп кылууга болот? Мындай болду, мамлекеттер ортосунда чек аранын демаркация маселеси - барып-келип толук кандуу өлкөнүн өз алдынчалык маселесине такалат.

Ушу тапта чек аралар көйгөйү – Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы талаштан башы чыкпаган чырлуу маселе. Бул жердеги беш мамлекет Советтер союзунан калган талаштуу чек араларга ээ.

Чек араларды делимитациялоо 2002-жылдан тарта башталганы менен, ушу кезге чейин бул иш аягына чыга элек. Эки тарап мунасага келип, келишимдерге жетишкенден кийин гана чиеш маселе аягына чыгышы мүмкүн.

Географ илимпоз, профессор Саламат Аламанов - кыйла жылдарын Кыргызстандын чекарасын тактоого арнаган адис.
Географ илимпоз, профессор Саламат Аламанов - кыйла жылдарын Кыргызстандын чекарасын тактоого арнаган адис.

Келишимге келиш оңой-олтоң жумуштардан эмес. Анын үстүнө эки тараптын өзү гана туура көргөн акыйкаты бар, ошонун айынан 30 жылдан бери ортодогу мамлекеттик чек араны аныктоо иштери аягына чыкпай келатат.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин Кыргызстандын УКМК төрагасы К. Ташиевдин Тажикстандын Исфара районуна караштуу Ворух аймагын Баткен облусундагы башка жерге алмаштырып алуу сунушуна туталанып, ачууга алдырып билдирүү жасашы - жер маселесине келгенде тажрыйбалуу деген дипломат деле өзүн жоготуп, кармана албай каларын көрсөтүп турат.

Бул маселеде кыргыз тарап акыл калчап жөнөкөй, туура жолду сунуш кылды. Анклав деген эмне? Бул - башка өлкөнүн жеринде калып калган экинчи өлкөнүн жери.

Аны ошол калыбында калтыруу эч чечилбеген оор маселени кийинкиге таштап коюу дегендик; ал жерде жашаган элдин өз өлкөсү менен толук кандуу карым-катнашын камсыз кылуу - аткарылышы оор, чалкеш маселе.

Анклавдын сакталышынын натыйжасы - эки өлкө ортосундагы мамиле-катыштардын суушуна, талаш-тартыштардын арбышына, атүгул жаңжалдардын чыгышына себепкер болушу ыктымал.

Мисал катары Сохту көрсөтсө жарашат. Дүйнөлүк практикада мындай шартта жер алмашуу - чиеш маселени чечүүнүн ыңгайлуу жолу катары эсептелет.

Ушундан улам мурдагы дипломаттын талаштуу маселени чечүүнүн ыктуу сунушун айтуунун ордуна коншу өлкөнүн расмий өкүлүн жаманатты кылууга өтүп, чычалап кетиши мени аябай таң калтырды.

Кайриет, К. Ташиевдин сабырдуу жообу - кыргыз делегациясынын татаал маселени чечүүгө иштиктүү киришүү аркылуу дурус жыйынтыктарга алып келээрине ишеним жаратат.

Ушу тапта көпчүлүктүн көөнүндө бир суроо турат – азыркы бийлик чек ара маселесин чечүүдө канчалык алдыга жыла алат?

Бул маселени чечүүгө батыл киришкен өлкө президенти менен УКМК төрагасынын саясий эрки канчага жетер экен?

Буга чейинки бийлик жетекчилеринен айырмаланып, С. Жапаров менен К. Ташиевдин көйгөйдү чек араны демаркациялоо маселесинен башташы кубандырбай койбойт.

Албетте, баары сыдыргыга салгандай тегиз кетиши мүмкүн эмес. Чек араны аныктоо боюнча айрым чечимдер кээ бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, калгандары кабыл албашы ыктымал. Бул эми боло жүрчү иш.

Чек ара маселеси өтө эле татаал категорияга кирчү жумуштардан. Чек араны аныктоодо маселени чечиш үчүн тараптар мунасага келиши керек. Чечим алчу адамдар үчүн бул кадамдардын өзү саясий тобокелчиликке кириптер кылышы ажеп эмес.

Кайсы бир жерди берип коюу - бул чечимге нааразы болгондорду ар кыл иш-чарага алып чыгат, анын натыйжасы кандай болорун бул жерде айтпай эле коёюн.

Мындайда ойдон чыгарылган айың кептер да жаралышыыктымал. Мүмкүн, ошондон улам УКМК төрагасы К. Ташиев Баткен облусунун Бирлик айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушууда: «Мен да, президент Садыр Жапаров да, кийин кыргыз жерин сатып ийген деп сөөмөй кезешин каалабайм», - деп билдирген жоктур.

Мына ушундан улам Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Казакстан менен чек араны чечүү маселеси эске түшөт. Тараптардын өз ара мунасага келишинин негизинде Каркыра жайлоосунун талаштуу жер тилкесине караштуу жер бөлүгүн алмаштыруу жүргүзүлгөн.

Жер алмашуунун натыйжасында кыргыз жеринин аянты 511,6 гектарга көбөйгөн. Кыргызстандын Казакстан менен 1241,51 чакырым чек арасы демаркацияланган.

Ошол кезде Жогорку Кеңештин төрагасы болгон А. Мадумаров аткаруу бийлиги кол койгон келишимди ратификациялаган. Мындай чечим кубаныч гана жаратышы керек эле.

Азыркы жетекчилердин айрым чечимдери менен аракет-кыймылдарынын кыйласы мага деле жакпайт, а бирок чек ара маселесин тактоо жагына келгенде,  алардын бул оор маселени биротоло чечүү аракетин колдойм.
Ишенбай Кадырбеков

Иш жүзүндө бул маселе А. Мадумаровдун айныксыз оппоненттеринин кайсы бир саясий өнөктүктөрдө ага каршы колдончу жүйөөсүнө айланып, алардын "Каркыраны сатып жиберген" деген кинесине шылтоо болууда.

Ошондуктан мен башталган ишти аягына чыгарууга бел байлаган азыркы жетекчилердин аракетин туура көрүп турам. Белгилүү го, буга чейинки мамлекет башчыларынын көбү жаманатты болгусу келбестен, чек ара маселесин чечүүнү ар кыл жолдор менен кийинкиге калтырып келди.

Азыркы жетекчилердин айрым чечимдери менен аракет-кыймылдарынын кыйласы мага деле жакпайт, а бирок чек ара маселесин тактоо жагына келгенде, алардын бул оор маселени биротоло чечүү аракетин колдойм.

Кыязы, ошондой чечим кабыл алынчу кез келди окшойт, мындайда бийликтин мына ушул өзгөчө оор маселесин чечүү аракетин жалпылап колдошубуз зарыл деп ойлойм.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араларды коргоо башкы башкармалыгынын жетекчи орунбасары Назирбек Бөрүбаевдин “Азаттыкка” берген маегинде мындайча белгилеген:

«Буга чейин Тажикстан менен чек аранын 60% такталган, эң оору, каршы-терши жайгашкан татаал тилкелери калды. Биздин айрым жарандар Тажикстандын аймагында жашайт, алардын адамдарынын биздин аймакта жашагандары бар, ушундай болуп калыптыр. Башынан бери эле ошентип жашап келишиптир, адамдар бири бири менен катташып, алыш-бериш кылып. Мындай шартта чек араны аныктоо – жөнөкөй маселе эмес».

Албетте, бул маселени чечүүдө мамлекет кайсы бир деңгээлде жапа чеккен же чек араны чечүүдө укуктары бузулган жарандарынын маселесин чечип бериши керек, алар тарткан зыяндын ордун толтуруп бериши абзел, керек болсо аларга жаңы үйлөрдү салып бериши зарыл.

Чек ара маселелерин чечүү мунаса чечимдерге келүү аркылуу гана чечилиши мүмкүн, ал үчүн коңшу өлкөлөрдүн жетекчилеринин бирин экинчиси басмырлабаган бекем эрки керек.

С. Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик иш сапарында эки өлкө жетекчилери өкмөттүк делегациялардын ишин жандандыруу тууралуу келишиминен кийин башталган кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр кыйла ишенич жаратты.

Албетте, бул - Өзбекстан президенти Ш. Мирзиёевдин макулдугу менен болуп аткан иштер. Эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди калыбына келтирүү жаатындагы анын эмгегин байкабай коюш кыйын.

Ошол эле кезде кыргыз делегациясы мына ушул жагымдуу жагдайды болушунча пайдаланып, биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо аракети да колдоого аларлык. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларга караганда, тараптар бир топ ийгиликтерге жетишкендиги билинип турат.

Ал эми жергиликтүү калктын баары эле муну колдоп чыкпашынын жөн-жайын жана кеп башында айттым, бул өзү - боло жүрчү нерсе. Айрыкча Чечме булагы боюнча чечим.

К. Ташиевдин ырасташынча, булактын суусун кыргыз жана өзбек айылдары пайдалана алышат. Чечме айылынын тургундары ортолук келишимге карабай өзбек тарап бул жерге техникасын, аскерлерин киргизип, булак чыккан жерди жаап салышы мүмкүн деп чочулашат. Биздикилер болсо андай болбойт ишендирүүдө.

Баткен облусундагы талаштуу кыргыз-тажик чек ара тилкелеринин бири - Ак-Сай аймагына жакын. 2014-жылдын 11-январы.
Баткен облусундагы талаштуу кыргыз-тажик чек ара тилкелеринин бири - Ак-Сай аймагына жакын. 2014-жылдын 11-январы.

Дегиңкиси, Жер үстүндө түбөлүк эч нерсе жок. Өлкөлөрдүн өз ара карым-катышы аябай татаал, чиеш маселе, ал биртоп факторлорго, алардын арасында субъективдүү факторлорго да көз каранды.

Туура, бүгүн, эки өлкөнүн жетекчилеринин тушунда, мүмкүн, булак суусун пайдалануу боюнча эч кандай талаш-тартыш болбостур. А бирок кийинчи, башкалар тушунда..?

Ошон үчүн ушул талаштуу тилкелерди делимитациялоо боюнча келишимде мүмкүн болчу ыктымал жагдайлардын баары көрсөтүлүшү керек, ал жерден өткөн мамлекеттик чек ара сызыгын чийүүдө атайын чек ара белгилери (демаркациялоодо) коюлуп, бул жерге эки өлкөнүн аскер күчтөрү эч качан кирбей тургандай кылып бекитүүгө жетишүү зарыл.

Муну жасаш кыйын, бирок бул иш-аракет аткарылышы керек. Шашпай, эч кайда ашыкпай, чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун издей берүү зарыл.

Ташиев: "Жер берилбейт, алмашуу болот"
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:39 0:00

Унгар-Тоо тууралуу кабарлар кубантууда. Кубанычтуусу, чек ара сызыгы тоонун кыры менен эмес, этегинен өткөнү дурус болду.

Ал эми кыргыз-тажик чек арасы тууралуу айтсак, бул жерде таптакыр башкача кырдаал турат: тилекке каршы, жагдай өзгөрүүсүз калууда.

Чек аранын тактала элек жерлеринде кыргыз менен тажик жашоочуларынын ортосундагы жаңжалдар кайталанууда. Кийинки 10 жылда андай кагылышуулар көбөйүп кетти.

Кыргызстандын мурдагы президенти С. Жээнбековдун Тажикстан президенти Э. Рахмон менен 2019-жылы июлдун этегинде чек арада жолугушуусу кыйладан бери келаткан чек арада жашагандардын көйгөйлөрүн чечүүгө анча деле көмөгүн тийгизе албады.

Ишенбай Кадырбеков. 2019.
Ишенбай Кадырбеков. 2019.

Эми учурдагы президент С. Жапаров менен УКМК төрагасы К. Ташиевдин аракети аркылуу көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара көйгөйлөрү чечиле баштайт ко, Ферганадагы жана ага чектеш аймактардагы чек араны делимитациялоо жана демаркация жүрүмү бир орундан алга илгерилеп, оор маселелер акыры чечилет ко деген үмүттө туралы.

Ишенбай Кадырбеков,

мурдагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы,

саясатчы, коомдук ишмер.

Ред.: Автордун жеке пикирин редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG