Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:02

Кадам сайын мүдүрүлө бербейли


Жолдош Турдубаев.

Ырас, “жаӊылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”. Ар кимдин каталарын жазган-сызганын ийине жеткире оңдоп жүргөн редактор өзү деле ката кетириши мүмкүн. Бирок бул макал туура эмес айтылган сөзгө, жаза баскан кадамга көңүл бурбай эле коюш керек дегенди билдирбейт.

Сөзгө сөлтүктүн иши илгерилейби?

Ката... Ал оңой эле оңдолгудай, анча чоӊ эмес мүчүлүштүкпү же убагында жойбосо, олуттуу кесепетке алып келер адашуубу? Уяттуу, сабаттуу кишинин кокустан жол бериши ыктымал, бирок кайталангыс кыла өчүрө турган катасыбы же көңүл бурбай тим койсо, ырбап, көпчүлүк үчүн өнөкөткө айлануучу, дагы башка бузуктарга себеп болуучу “вируспу”?..

Баарынан да “жугуштуу” ката жаман. Эгер жогорку билимдүү, айрыкча университетте сабак берген, илимий даражасы бар же чоң кызматтагы адамдардын атынан жарыялануучу тексттерде, оозеки сөздө каталар улам кайталана берсе, алар оңдогондун ордуна кемчилигин айткандарды душман көрсө, сындаган кишини кошоматчылары төө бастыга алса, коомдо сабаттуулукка, жоопкерчиликке коюлуучу талап начарлап, жалпы билим, маданият (мунун ичинен саясий жана укуктук маданият да) төмөндөгөндөн төмөндөй берет.

Атактуу педагог Антон Макаренко таасын белгилегендей, “сый-урмат чени талапка жараша аныкталат”. Кишинин даражасы канчалык жогору болсо, анын оң же терс өрнөгү ошончолук чоң болот.

Тилекке каршы, соңку чейрек кылым аралыгында биздин коомдо өзүнүн атынан эптеп чүргөлгөн диссертацияда эмнелер бар экенин билбеген кандидат, докторлор көбөйдү. 2000-жылдардан бери, атайылап душмандар тандап бергенсип, бийликке келгендердин улам кийинкилери мурункусунан бетер сабатсыз болуп жатат.

Чындыгында ишине жоопкерчиликтүү карабаган немелер сөзүнө андан бетер шалаакы мамиле жасайт. Алар шагыраган стилдик, грамматикалык каталарга эле эмес, маанисине – фактылык каталарга да көңүл бурбай, түшүнүп-түшүнбөй жаттап алган кооз фразаларды аралаштыра бакылдап коё беришет. Орундалбай турган (популисттик) убадалар, адистер менен акылдашпай кол коюлган келишимдер, теңирден тескери нукта өткөрүлүп келген тендерлер, бюджетти карактаган, кендерди ит бекер “саткан”, ЖЭБди желмогуздарга жем кылган чыккынчы чечимдер ж.б.у.с. – баары өз ара туташ байланышкан.

Демек, тилдин келегейлиги, тексттин сабатсыздыгы – иштеги шалаакылыктын, жоопкерсиздиктин, кемпайлыктын тикелей чагылышуусу.


Кечиримсиз каталар, кесепеттүү кадамдар

Жазма кепте орфографиялык (сөздөгү тамгалар туура эмес жазылып, терилип калгандагы), пунктуациялык (тыныш белгилер коюлбай же өз ордунда болбой калгандагы), грамматикалык (морфологиялык – сөздүн уңгу-мүчөсүнүн жазылышындагы, синтаксистик – сөз айкашында жана сүйлөмдө талап кылынган эрежелердин сакталышындагы), стилистикалык (оозеки, жазма, расмий, публицистикалык, көркөм ж.б. стилдерге тиешелүү) каталар кездешет. Булардан тышкары логикалык (себеп-натыйжа байланышындагы беймаанилик, бир өңчөй эмес түшүнүктөрдүн салыштырылышы же карама-каршы коюлушу ж.у.с.), фактылык (чындыкка дал келбегендиги), композициялык (тексттеги анча зарыл эмес маалыматтын баш жагында же корутунду бөлүгүндө берилиши, эң орчундуу ойдун учкай эле айтылып, баса белгиленбей калгандыгы; сүрөттөлүштүн же баяндын ыраатсыздыгы, чаржайыттыгы) ж.б. каталар бар.

“Стиль – адамдын өзү”, – дептир XVIII кылымда француз окумуштуусу Жорж Луи Леклерк. “Өнөр алды – кызыл тил”, – деген кыргыз. Азыркыларга окшоп кажылдашпай, кепке конок берген, жүйөлүү сөзгө жыгылган нарк-насилдүү бабалардын маданияты, рухий даражасы бийик болгон экен!

СӨЗДӨГҮ КАТА – ИШТЕГИ АЛЕШЕМДИКТИН КҮЗГҮСҮ деп дагы бир ирет баса белгилейли. Анткени каталарды көрсөткөндөргө “боло берет”, “сын такпагын”, “ишиң болбосун”, “колуңдан келсе, туруп ал ошол кызматка”, “эптеген эки ашайт, ичиң күйсө, туз жала”, “гыйбат кылба” (“ушактаба” дегени) ж.б. терс мамилеси, кооптуу жагдайды эскерткен адамды душман көргөн терсаяктык, кошоматчылардын апыртмасына, калпына маашырланган кемпайлык – бул бардык каталардын башатындагы кесел.

Мамлекетке, өлкөнүн келечегине өлчөөсүз зыян келтирген бажыдагы, ЖЭБдеги, Тарых музейиндеги ж.б. коррупция, теңирден тескери нукта өткөрүлүп келген түркүн тендерлер, Кумтөр баш болгон кендердин талоонго салынышы, сот бийлигинин калыстыктан алыстыгы, дин саясатындагы башаламандык, мугалимдер менен догдурлардын эң аз айлык алып жаткандыгы ж.б.у.с. баары – кечиримсиз каталар, кесепеттүү кадамдар. Эң оор каталар – кылмыштар азайбай эле кайра көбөйүп, ого бетер оорлошуп кеткенине кылмышкерлердин жазаланбай жатканы, башкаруудагы туташ ЖООПКЕРСИЗДИК, мителердин мителигин билип туруп (же билмексен болуп) шайлаган элдин КАЙДЫГЕРЛИГИ себепчи...

Конституциялык (мыйзамдык), идеялык, саясий, стратегиялык, тактикалык, дипломатиялык... – бул каталардын ар бири жөнүндө адистер өзүнчө сөз кылышы керек.

Түзөлүү адеби

Албетте, сындоо маданиятын да эске алуу керек. Кээде бир тамганы сөз кылган кишинин ар сүйлөмүндө беш-ондой оркойгон ката чыгат, анткени бирөөнүн кемчилигин да башкалардан угуп эле айтып жаткан болот. Айрымдар туптуура жазылганды бурмалап, эч бир окуу китепке, илимий эмгекке же сөздүккө таянбай эле, “андай эмес мындай” деп талаша берет.

Сын сындырууга эмес, ар бир ишти сынына чыгарууга (бузукту оӊдоп, начарды дурус, жакшыны мыкты, мыктыны кынтыксыз кылууга) багытталышы керек. Түрмөлөрдүн “түзөтүү мекемелери” деп аталганынын да мааниси ушул эмеспи (бирок, тилекке каршы, биздеги бул жайларга түшкөндөр ого бетер “бузулуп”, ден соолугунан, жан соолугунан айрылып чыгышы көбүрөөк ыктымал – бул да өзүнчө талдана турган маселе).

Ошол эле учурда сынды сабырдуу уга билиш керек. Айрыкча эл менен иштегендер өтө кылдат, сыпайы болушу кажет. Ар кандай тексттин кемчилигин ачыкка чыга элегинде гана авторго кесиптештери же жардамчылары шыбырап айтышы мүмкүн, жарыяланып кеткенден кийин каталарын ачык айтып, талдоо зарыл. Анткени окугандар мурункусу ката экенин билип, өздөрү кайталабашы керек.

Ким болбосун, инсан катары, кесипкөй адис же кызмат адамы катары өсүштү ойлосо, сынга сабырдуу, мактоого сергек мамиле жасай билиши зарыл. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт, бирок кемчилигин айткан кишини душман көргөн адам эч качан оңолбойт.

Кошоматчылардын апыртмасына, калпына ишене берсе, ал акыры жардан ашып кеткенин билбей калат. Бул айрыкча жогорку даражалуу кызматтагыларга, бийлик башындагыларга тиешелүү. Алардын атынан айтылган, жазылган сөздөрдүн, тексттердин каталарын дайым адистер ачык-айкын талдап, сайтка же ФБ бетке чыккан болсо, ордунан оңдоп, кагаз форматында жарык көргөндөрүнө эскертмелерди кошо чыгарып турушу керек.

Жолдош Турдубаев, публицист

(Автордун көз карашы «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG