Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 10:46

«Мени» бар, мекенчили жок Кыргызстан


Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул күндөрү болуп жаткан саясий окуялар чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн да тынчсыздандырып турат. Алар негизинен акыркы чыр-чатактар бийликтин жана алардын оппоненттеринин билимсиздигин, лидерлерди колдогон талапкерлердин кызуу кандуулугун көрсөткөнүн айтышат.

Кезинде Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков сыяктуу интеллигенция өкүлдөрү өз элинин коомдук-саясий, социалдык маселелери боюнча ачуу сын-пикирлерди айтып, ага коомчулук арасында ызалангандар да болгону белгилүү. Мындай маанайдагы сын-пикирлер азыр да айтылып калат.

Жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков кыргыз саясатында эгемендик жылдары жалпы элдин кызыкчылыгына караганда өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын алдыга коюп, карапайым калкты курал катары пайдаланган лидерлердин жоон тобу пайда болгонун ортого салды:

Нурлан Калыбеков.
Нурлан Калыбеков.

«Биз жомоктордо, мифологияда гана «кыйын элбиз» деп мактанганыбыз менен акыркы миң жылдыкта мамлекет көрбөй калбадыкпы. IV-XII кылымдарда Энесайда каганат куруп, чоң держава болгон экенбиз. Акыркы миң жылдыкта кокту-колотто уруу-уруу болуп чабышып жүргөн элбиз. Феодалдык аң-сезимден көтөрүлө элекпиз. «Көчмөнбүз» деп кыйкырганыбыз менен баягы эле каныбызга сиңип калган ич ара чабыштарыбыз токтой элек. Андыктан кийинки чыр-чатактарыбыз илгерки кокту-колот чабышыбыздын эле XXI кылымдагы уланышындай сезиле берет».

Калыбеков мындай маселелер бийликтен баштап ар бир үйгө чейин адилеттик, ачыктык орногондо гана чечилерин, өлкө жарандары коомдук-саясий жактан билим алууга муктаж экенин айтты.

Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев бир кезде кыргыз коому мамлекет түптөөчүлөр Жусуп Абдырахманов, Искак Разаков сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин жасаган иштерине, жүрүш-турушуна, чынчыл, акыйкат, адилет, токпейил мүнөзүнө, «сен таза болсоң, мен таза болсом - коом да таза болот» деген сыяктуу учкул сөздөрүнө түздөнүп келгенин эске салды. Ал азыркы муун өз лидерлеринин бай-манаптай кылык-жоругуна, уурулугуна, акылсыздыгына, кара күчтү туу тутканына шыктанып, үлгү кылып жатканына кейиди:

Сыймык Бейшекеев.
Сыймык Бейшекеев.

«Кыргыз саясаты эгемендик алгандан бери жылдан-жылга ыпластыкка батып баратат. Бул деңгээлге түшпөш керек эле. Бирок элди курал кылганды өтө өздөштүрүп алышты. Бул көрүнүштү токтотуш керек. Эгер мыйзам бузсаң аны мойнуң менен тарт. Ушул нерсени үйрөнсөк жакшы болот эле. Саясаттын да өзүнүн абийири, ар-намысы, уяты, кийинки муунга калтыра турган мурасы болуш керек го? Булар тескерисинче кийинки муунга жаңыча жегенди, жаңыча бет тырмарчылык кылганды, уурулуктун жаңы түрлөрүн үйрөтүп жатат».

Бейшекеев бул мүшкүлдөрдөн кутулуш үчүн ар бир айыл өз аймагынан, туугандарынын арасынан чыккан коррупционерлерди, ууру-кескилерди, шылуундарды элден чыгарып, той-топуруна чакырбай, жамандык-жакшылыгына барбай койсо жалпы коомчулуктун, саясатта жүргөндөрдүн, бийлик башындагылардын көз карашы жаңыланмак деп эсептейт.

Режиссер Темир Бирназаров кыргыз саясаты акыркы жылдарда туташ кризиске туш болгонун айтып, анын негизги себеби сабатсыздык экенин белгиледи:

Темир Бирназаров
Темир Бирназаров

«Азыр саясат боюнча алдын-ала бир нерсени айтыш кыйын болуп калды. Анткени туруп-туруп эле күтүүсүз бир нерселер болуп кетет. Бизде бийлик башындагылар эч качан ойлонуп иш кылган эмес. Мындан ары да кылбайт. Мүмкүн алардын генийлигин биз түшүнбөйбүз. Бирок чынын айтканда бул көрүнүш барган сайын күчөй берет. Бара-бара элдин кыжыры кайнайт. Азыр карап көрсөң бардык жерде атайын эле чагым салуу иштери жүрүп жаткандай. Атайын эле элдин кыжырына тийип жатышкандай. Проблемаларды чечкендин ордуна булар өздөрүнүн жеке мамилелери боюнча эсептешип жатышат».

Бирназаровдун пикиринде, бул абал узак жылдар бою сүзөктөтүп келген рухий, таалим-тарбиялык өксүктүн жыйынтыгы, эми кайра оңолуу үчүн дагы да ошончо жылдар керек.

Эл акыны Меңди Мамазаирова бүгүн Кыргызстанда мекенчилдер, мамлекетчилдер дээрлик жок экенин айтып, шайлоо баштаган саясий окуялар көбүнчө жердешчилдиктин, уруучулдуктун деңгээлинде жүрүп жатканын ортого салып, мындай учурда эмне тууралуу ойлонуу керек экенин кеп кылды:

«Ушундай маалда акыл-эсти токтотуш керек. Кызуу кандуулукка алдырбоо зарыл. Ынтымак, биримдик керек. Бул мекен бирөө гана. Кыргызстандан ажырап калсак эмне болобуз?

Мекенден артык мекен жок, э-эй,
Энеден башка эне жок, э-эй...
Кыргызым кантет, болочок э-эй,
Кыйырда не дейт, келечек э-эй... Акыл-эске келиш керек. Дагы кайталайм, бир гана мекен бар. Баарыбызга тиешелүү бир гана мамлекет бар. Эс токтотуп калган биздей улгайган кишилер, биз балдарыбызды сабырдуулукка үйрөтүшүбүз керек экен. Биз ушул жагынан аксаган окшойбуз...
».

Эл баатыры Тургунбай Садыков бүгүн интеллигенция өкүлдөрүнүн, улут аксакалдарынын коомчулукка акыл айтуусу анча деле зарыл эмес деген пикирин айтып, мындай жагдайдан чыгуунун бир гана жолу бар экенин айтты:

«Кийинки учурларда саясатта анчалык жакшы жагдай болбой жатат. Элдин негизги бөлүгүнө жакпаган иштер жүрүп кетти. Албетте, бул жакшы эмес. Мыйзамдын алдында жөнөкөй жаран болобу, президент болобу - баарыбыз бирдейбиз да. Баарыбыз мыйзам менен жашасак эле башка маселелер өз ордуна келет».

Садыков алгач бийлик өзү мыйзамды адилет жүргүзсө, туура сактаса, анан башкалардан талап кылса, өлкөдө мыйзамдуулук диктатурасы орносо гана ар кандай кыйын кырдаал өз нугуна түшөт деп ишенет.

Макала даярдалып жатканда чыгармачыл интеллигенциянын айрым өкүлдөрү азыр бир дагы саясатчыга ишенбей калганын, аларды акча үчүн колдоп, коргоп чыгып жаткан элге да нааразы экенин айтып, бул теманын тегерегинде сүйлөөдөн баш тартышты.

Алардын арасында төрт-беш миң колдоочусу менен «мени эл колдоп жатат» деп өлкөнүн алты миллион калкынын атынан сүйлөп жаткан саясатчыларга нааразы болгондор да бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG