Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргыз саясатынын абалы ырга айланды


коллаж
коллаж

Эл акыны Элмирбек Иманалиев комуздун коштоосунда кыргыз саясатчыларына кайрылуу жасады. Автор чоңдорго арнаган ырында Кыргызстандын бүгүнкү саясий абалы тууралуу кеп козгоп, саясатчыларга ачуу сын айткан.

Элмирбектин ыры учурда социалдык тармактарга тарап, коомчулукта буга чейин айтылып келген "эмне үчүн адабий, маданий, коомдук ишмерлер өлкөнүн азыркы абалы тууралуу үн катпайт" деген суроону кайра козгоду.

Иманалиевдин кадимки элдик кошоктун обонуна салынган ыры кыргыз саясатынын бүгүнкү аянычтуу абалын сүрөттөйт.

Ак үйдөн бүгүн пайда жок,
Акындын иши шол экен,
Айткандан бөлөк айла жок.
Кеткенинен да пайда жок,
Келгенинен да пайда жок.
Кеңкелес укпайт эл угат,
Бүгүн кейишти айтам айла жок
”, - деп боздогон акын андан ары бийликтин бүгүнкү ишти эртеңге жылдырган чечкинсиздигин сындап, ал ортодо тентектер телтеңдеп, кошомат менен күн көргөн кокуйлар көбөйүп, адамдын башын адам жеген, адалдын башын арам жеген заман келгенин ырга салып, карыз менен күн көрүп калган өлкө тагдырына кейийт.

Айкөл Манас урпагы,
Силер элди күрөө койдуңар.
Аталар мурас калтырган,
Жерди күрөө койдуңар.
Кандын көбүн төгүшкөн,
Каректей сактап келишкен,
Төрдү күрөө койдуңар
”.

Элмирбек кайрылуусунда негизинен эгемендик жылдары мамлекетти башкарган саясатчылардын баарын "өлкө казынасын чогуу жеген окшошкон чириктер" деп сыпаттап, бир кезде достошуп алып өлкөнү талкалагандар эми күнөөнү бири-бирине оодарып жатканын сындайт.

Төкмө акын саясий кырдаалга ичи бышып, ошол сезими 3-июлда ырга айланганын айтып берди. Акын бул чыгармасында отуз жылдан бери элди алдап келе жаткан бир ууч аткаминерлерге болгон ызасын, таарынычын билдирген.

​Негизи эле кыргыз коомунда чыгармачыл чөйрө, улут аксакалдары саясий окуяларга анча маани бербей келгени көп жылдан бери айтылып келет.

Кечээ жакында саясатчы Адахан Мадумаров өлкөдөгү акыркы саясий окуялар тууралуу айтып жатып, Кыргызстанда дайым эле мындай учурларда коомдун эң алдыңкы бөлүгү болгон интеллигенция катмары, чыгармачыл чөйрө, аксакалдар коңулга кирип, үн катпай каларын айткан.

“Аксакалдарга кайрылам. Кыргыз эл баатырларына кайрылам. Дале болсо унчукпай жата берген Эл акындарыбыздын, Эл жазуучуларыбыздын, той-тамашаларда төрдө отурган азаматтарыбыздын кайдыгерлиги токтобой турган болсо мен дагы бир канча тарапташтарымды алып арачы түшкөнгө мажбур болом”.

​Мадумаровдун пикиринде журт аксакалдарынын мындай мамилеси алардын өлкө тагдырына, келечегине болгон кайдыгерлиги.

Эгемендикке ээ болгон жылдардан бери таанымал аксакалдар, улуттук интеллигенция негизинен бийликке курал болуп, алардын көбү "дежур чал" деген ылакап атка конгону белгилүү.

Коомдук ишмер Нарынбек Молдобаевдин баамында учурда журт аксакалдарынын арасында чындыкты көзгө сайып, бийликке каш кага каяша айткандары беш манжага толбойт. Интеллигенция өкүлдөрүнүн дээрлик көбү мамлекеттик наамдан үмүт кылып бийликке кошоматтанып турууну эп көрөт.

Мисалы, Миталип Мамытов баш болгон, Бексултан Жакиев, Таштанбек Акматов, Мамбет Мамакеев сыяктуу Эл баатырлары биригип алып Атамбаевдин үйүнө барып "кой, балам, элди дүрбөтпөйлү, тынчтыкты сактайлы" десе аларды үйүнөн кууп чыкмак беле? Же атып салмак беле? Ушундай мезгилдерде алардын үнү угулбай жатканын азыр элдин баары эле айтып жатышат. Аксакал-көксакалдар ушундайда үн чыгарып койсо болот эле да”.

Молдобаев бул тема боюнча учурда массалык маалымат каражаттары аркылуу өз пикирин билдирип жатканын айтты.

Ал эми Эл баатыры Бексултан Жакиев ден соолугу начардыгын айтып, комментарий берген жок.

Баатырлар Таштанбек Акматов менен Мамбет Мамакеевдин жакындары алардын жанында телефон жок экенин айтып, өздөрү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Эл артисти Муратбек Бегалиев бул тема боюнча шашпай маек бере турганын айтты.

Буга чейин президент Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди сындап ыр жазып келген, кайсы бийлик болсо да өзүнүн саясий позициясын ачык билдирип жүргөн Эл акыны Анатай Өмүрканов эгемендик жылдары мамлекет илимий интеллигенцияга, адабият менен маданиятка таптакыр маани бербей, анан калса наам берүүдө акыйкатсыздык болуп келгенден улам бул чөйрөдө үмүтсүздүк пайда болгон деген пикирде.

Анатай Өмүрканов.
Анатай Өмүрканов.

“Жазуучулар, сүрөтчүлөр бар эле деп жок дегенде өнөр адамдарына астейдил мамиле кылбай жатышпайбы. Анан кантип башка нерселер тууралуу айта аласың? Бул жерде эмне болсоң ошо бол деген эле көз караш бар. Маданиятка, адабиятка көңүл бурбаган, ага жеткиликтүү мамиле жасабаган мамлекет мамлекет деле эмес да”.

Өмүрканов кыргыз интеллигенциясы сыйлык-наам үчүн кошоматчы, күн карама болуп калган, чындыкта айта албайт деген ойдо.

Таанымал публицист Эсенбай Нурушев болсо журт аксакалдарын саясий окуяларга аралашпайт деп күнөөлөш орунсуз деген пикирде:

“Себеби, көптөгөн ызы-чууну, коомдук опур-топурду жалаң саясатта жүргөндөр чыгарат. Алар кандайдыр бир кадам жасардын мурда ойлонуп иш кылыш керек. Коомдун тос-тополоңун чыгарып коюп эле интеллигенция антпейт, интеллигенция минтпейт деп орто жолдо аларды күнөөлөп калышат. Биринчи кезекте ошолор акылдуу болсун. Акылдуу эмеспи, мурдунун учунан алыс көрө албайбы, анда унчукпай эле оокатын кылсын да”.

Нурушевдин пикиринде бул жерде эң башкы көйгөй - саясий элитанын сапатсыздыгы.

Деген менен бул маселе боюнча РухЭш сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир бүгүнкү күндө маданиятка «эмгек сиңиргендердин» саны кыргыз армиясынын санынан ашып түшөрүн, бирок алар чыныгы рухий аскер боло албаганын, маданият, адабият ишмерлерине караганда диний ишмерлер мыкты иштеп, караламан калкты мечитке ээрчитип кеткенин, ал эми интеллигенциянын артынан ээрчиген масса жок экенин айтып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG