Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 08:57

Элдин бийликке ишеними азайды


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, элдин өкмөткө ишеними азайды. Кийинки убакта кыргыз өкмөтү баштаган расмий мекемелердин ишинин, коомчулук менен алака-катышынын сапаты сынга алынууда.

Коомчулукта «өкмөт баштаган мамлекеттик органдар жабык боло баштады» деген сын айтылууда. Андай ойду билдиргендер медиа чөйрөдө жасаган ишин коомго жеткирүү, эл менен алака-катыш, көңүл чордонунда турган окуяга, маселеге ыкчам реакция кылуу жагынан өкмөт аксап жатканын белгилеп жатышат.

Govori.tv сайтынын журналисти, медиа эксперт Кайыргүл Урумканова өкмөттүк мекемелер жасаган же жасап жаткан иши тууралуу маалыматты өтө жай таратып жатканын белгилейт. Анын айтымында, бул ошол органдын жетекчисинен да көз каранды болушу ыктымал.

Кайыргүл Урумканова.
Кайыргүл Урумканова.

«Ар кандай маалыматтар чыгып жатат, - деди ал. - Ошого өкмөттүн реакциясы жай болуп жатат. Журналисттер менен жаман иштеп жатат деп айта албайбыз, алы келишинче иштеп жатышат. Ыкчам реакция кылып турса эл да тез маалымат алып, булардын иштеп жатканы көрүнүп турмак. Жакында эле Кантта 12 жаштагы бала жоголду. «Бул ишти премьер-министр өз көзөмөлүнө алды» деген маалымат кечинде чыгып жатпайбы. Көп учурда маалымат агенттиктери ишин бүтүрүп, үйүнө кеткен убакыт болот. 1-2 сааттан кийин эле бала табылып калды. Ошол маалыматты күндүз берсе башкача болмок».

Адистер мамлекеттик органдардын мындай жай иштеши элдин өкмөткө, бийликке болгон ишенимин төмөндөтө турган жагдайлардын бири экенин белгилеп жатышат.

Улуттук статистика комитети буга чейин жарыяланган маалыматта өкмөт баштаган дээрлик бардык мекемелерге элдин ишеним индекси төмөндөгөнү айтылат. Сурамжылоого катышкан жарандар анда үч компонент боюнча баа коюшкан: мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө, иш сапатына жана коррупция деңгээлине баа берилген. Ага ылайык, калктын өкмөткө ишеним индекси 25,2 баллды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5,5 баллга азайган.

Мекеменин адиси Ырыскан Калыбекованын «Азаттыкка» айтканына караганда, башка компоненттерде да төмөндөө байкалган. Ишеним индекси эл арасындагы сурамжылоонун негизинде чыгарылган. Анда 3,5 миңден ашуун киши 38 мамлекеттик органдын ишине баа берген.

«Маалыматтарга караганда, 2018-жылдын экинчи жарымынын жыйынтыктары боюнча, мамлекетке жарандын жеке ишеним индекси 36 баллды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 4,6 баллга төмөндөдү. Коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк индекси 12,4 баллды түзүп, 7,8 баллга төмөндөдү», - деди Ырыскан Калыбекова.

Кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын «эң ишенимсиз жана коррупциялашкан мекеме» деп эсептешет. Жарандардын купулуна толбогон мекемелердин арасында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жана Финансы полициясы, Ички иштер, Саламаттык сактоо, Экономика министрликтери бар.

Ал эми калктын ишенимине кирген мекемелердин сап башында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги турат.

Бажыдагы уурулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:45 0:00

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов бул жыйынтыкка макул эмес. Ал ушул тармакты билбеген жарандар мурда уккандары боюнча эле баа берип коюшу ыктымал экенин белгиледи:

«Менимче Улуттук статистика комитетинин маалыматы туура эмес. Анткени түздөн-түз бизнес менен иштебеген кишилер илгери уккандары боюнча эле жамандай берет да. Ишкерликке тиешеси бар адамдардан сураш керек деп ойлойм».

Кийинки убакта бажыдагы жемкорлук боюнча көп сөз айтылып келет. Анда иштеген кызматкерлердин айрымдары камалып, байлыгы коомчулукка ашкере болгон.

ЖИА ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкуловдун пикиринде, бул көрүнүштөр кадр маселесине да байланыштуу болот. Ал кыргыз-казак чек арасындагы соңку жагдайлар, маселени чечүүдөгү өкмөттүн чабалдыгы, бюрократиялык тоскоолдуктардын жоюлбаганы ишенимдин төмөндөшүнө таасирин тийгизип жатканын айтты:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

«Ишкерлер тарабынан алып карай турган болсок, ишеним көбөйдү деп айта албайбыз. Сөз берилгендей реформалар ишке ашпай, алдыга жылбай жатат. «Бажы биримдигине кирип, мүчө болгондон бери бажыдан өтүү процесси, эрежелер кыйын болуп жатат, ошол жерде жемкорлук күчөп жатат» деген сөздөр ишкерлер менен сүйлөшкөндө да айтылып жатат. Экономика министрлигинин милдети, функциясы ушул багытта саясат жүргүзүү болчу да. Алар болсо өрт өчүргүчтөй эле болуп калды. Алдын алуучу, жол көрсөткөн эч нерсе жок, маселе чыкканда баса калып жатышат».

Ишеним төмөндөдү деген мекемелердин дээрлик баары Улуттук статкомдун тыянагына макул эмес. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур мекеме ачык иштеп, коомчулук менен байланышты бекемдөөгө аракет кылып жатканын белгилейт. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов да ушундай эле жооп узатты:

«7-орун эң эле жакшы. Кармап жатсак, камап жатсак, оңой менен жакшы көрбөйт да. Кыргызстан - кичинекей мамлекет, түмөндөгөн адамдар соттолуп чыкты, дагы канчасы түрмөдө жазасын өтөп отурушат. Бирок биз учурда эл менен иштеп, элге кызмат кылып, алардын ишенимине кирүү багытында жасаган иштер абдан көп. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей бир нече факты эле милициянын кылган бардык ишине көө жаап жатат. Ошондуктан ишеним көбөйбөй жатат».

Медиа эксперт Руслан Акматбек мамлекеттик органдардын элге маалымат таратуудагы эски, калың катмарга жакшы жете бербеген ыкмаларды колдонуп жатканын сынга алууда. Анын пикиринде, кокустан ачыкка чыгып, чуу жараткан жагдайда гана маалымат берилбесе, коомчулук менен системага салынган маалымат алмашуу ыкмасы жок. Акматбекти ызаланткан дагы бир маселе - «кыргыз тилинде айтып берчү адис жок», деген жооп.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлердин эң көп колдонгон эки сөзү бар: «Мындай маалыматка ээ эмеспиз», «мен мындай дегенден алысмын». «Мындай маалыматка ээ болбосоң ал жерде эмне кылып жатасың?» деген суроо пайда болот. «Андай дегенден алыс болгонун» да түшүндүрүп, негиздеп бериш керек да. Муну талкуулагандан, жоопкерчилик алгандан качып эле турушат. Анан кантип ишеним болот? Бир нерсени сурасаң эле «биз сайтка жарыяладык» дешет. Бул жерде коомчулуктун колдонгон каналдары белгилүү да. Ошол каналдарды жандандырыш керек. Мисалы, Армениянын премьер-министри жасап жаткан ишин күнүгө «Фейсбук» аркылуу өзү жарыялап турбадыбы. Булар формалдуу түрдө, эски ыкмаларды колдонуп жатышат», - дейт ал.​

Статкомдун маалыматына караганда, Транспорт жана жол, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрликтери, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы сурамжылоодо 20га жетпеген балл алып, элдин ишенимин актай алган эмес. Калган мекемелерге деле 50гө жетпеген балл берилген. Өкмөттүн басма сөз кызматы мунун себебин түшүндүргөн жок жана сынга жооп кайтарган жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (42)

XS
SM
MD
LG