Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:56

Султан Жумагулов: эл, жер, маданият тууралуу ой-толгоо


Султан Жумагулов.

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун жетекчиси кызматында, андан кийин да Султан Жумагулов кыргыздын улуттук кулк-мүнөз, каада-салттары тууралуу далай макала, блогдорду жазды. Алардын кээ бир саптарын топтоп, маркумдун мекени, маданият, келечек тууралуу ойлорун кайра бир эске салууну туура көрдүк.

Мамлекеттик сыйлыктарды аткаруучулардан мурда жаратуучуларга ыйгаруу зарыл. Жер-жерлердеги китепкана, музей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калып жатат.

Декабрь, 2017

Райондук гезиттер бүгүнкү окуяны бейшемби же жума күнү чыгарып жатса, анын эмне кереги бар? Азыр үч киши отуруп алып бир сайтты күнүгө жаңылап чыгарып жатышат. Биз болгону оптималдаштыруу жөнүндө сөз кылып жатабыз. "Кайсы бир райондо жаңылык болсо Интернетке да дароо берип, телеканалдарга да видео тартканды үйрөнгүлө, сайттарга чыгарып жаңыча иштегиле" дедик. Баарын жаап салуу жөнүндө сөз жок, райондук гезиттер да өзүнчө тарых. Алардын имараттары калат. Бул жаңыча иштегиси келбеген, жылуу орундан козголгусу келбеген редакторлордун жазган арызы болсо керек. Биз оптималдаштыруу максатынан кайра тартпайбыз.

Апрель, 2018

Мумия абдан татаал маселе болуп калды. Биз бул темада ар кандай деңгээлдеги бир катар талкууларды өткөрдүк. Ушул маалга карата эки пикир болуп атат. Алардын бир тарабы “эми көмүлгөн нерсени кайра казып кайтарыш керекпи, жергиликтүү калк кандай кабыл алат” десе, окумуштуулар баш болгон интеллигенция өкүлдөрү өкмөткө, парламентке, бизге аны кайтаруу боюнча кайрылып жатышат. Биз иликтеп көрсөк азыркы Улуттук тарых музейинин жертөлөсүндө ошондой экспонаттарды алып келип сактап, изилдөөгө мүмкүнчүлүк бар экен. Мындан сырткары бүгүн сиздер тараптан, немис, кытай окумуштуулары мумияны ар тараптан бекер изилдеп берүүгө макулдугун берип жатканын уктук. Эгер парламентте депутаттар ушул багытта чечим кабыл алып берсе, биз аны аткарганга даярбыз. Мындан сырткары, менден мумия тууралуу жеке оюмду көп сурашат. Мен министр катары эмес, катардагы жаран катары айтсам, ал мумия кайтарылып келип, музейде турушу керек. Дүйнөдө башка музейлерде турат. Эч кандай чаң-тополоң болгон жок. Мен билгенден бир эле Кытайда жүздөгөн мумиялар турат.

Март, 2018

Султан Жумагулов, Уланбек Эгизбаев жана Шайырбек Эркин уулу. (Архивдик сүрөт)
Султан Жумагулов, Уланбек Эгизбаев жана Шайырбек Эркин уулу. (Архивдик сүрөт)

​Биз ар бир сөзгө жоопкерчилик менен мамиле кылбасак болбойт. Журналистиканын негизи – бул факты. Адамдын коррупционер экенин, басанаак экенин же өз ишин аткара албаган шалтурук экенин факты менен гана айта алабыз. Бизде болсо имиш, жоромолдор көбөйүп кетти. Көп учурда факты жок эле ушинтиптир, өздүк булактар айтты деп эле жаза беребиз. Соттук доолордун көбөйүшүнө ушулар себеп болуп жатат.

Ноябрь, 2017

Биз креативдүү, дүйнөлүк агымдарды билген адамдардан турган команда түзүшүбүз керек. Эми ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дейт. Маданият тармагынын бюджети чакан. Бул тууралуу бүгүн да парламентте сөз болду. Айылдарда клубдардын, маданият үйүнүн башчыларынын айлыгы эптеп эле ары-бери басканга жетет. Мен бул маселени өкмөткө да коем. Адамга канчалык камкордук көп болсо ал сөзсүз үзүрлүү иштеп берет.

Биз өткөндү, өзүнө чейинкини сындаган, эми келип кыйрата коем деген адатты ташташыбыз керек. Ар ким өзүнүн колунан келген салымын кошуп кетти. Эми жаңы санарип, жаңы технологиялар шартында маданиятты өркүндөтсө болот. Бизде көрүп алып тамшанчудай сонун чыгармачыл адамдарыбыз бар, аларды жок дегенде жакынкы тегерекке экспорттосок болот. Андай адамдарды Европада, мисалы, тамшанып көрүшөт. Мыкты өнөрпоздор коңшу өлкөлөргө чыга албай жүрөт.

Март, 2018

Атадан калган салт, жөрөлгө экен деген - куру шылтоо. Салт, үрп-адат, ырым-жырым деген догма эмес, тарыхый, экономикалык, башка шарттарга жараша өзгөрүп, кээси жарактан чыгып турат. Мисалы, көчмөн кыргыздар 6-7-кылымдарга чейин адам өлгөндөн кийин сөөгүнөн этин бөлүп алып, “кылыч менен кырдыртып, кымыз менен жуудуртуп” (“Манастан”) тазалап, табытка салчу экен. Этинен ажыраган сөөктү өрттөп жиберип, күлүн гана алып калганы тууралу кытай жазма булактарында жазылган.

Дүйнө тынымсыз өзгөрүп жатат. Жер, суу, башка жер байлыктары үчүн атаандаштык, согуштар басылчудай көрүнбөйт. Ошого жараша көп өлкөлөр, улуттар жашоо образын, салт-санаасын кайра карап, сарамжал, жупуну жашоого бурулууда. Мындай шартта кыргыздар эскирип жарактан чыккан, түйшүктүү жана опсуз чыгымдуу ырым-жырымдарынын, үрп-адаттары менен салттарынын басырындысында калбасак болду эле.

Апрель, 2017

Азыр социалдык тармактар адамзатты жакшы жагына өзгөртөбү же жаман жагынабы деген маселе туулуп жатат. Муну негизи таразалап келгенде пайдалуу жактары көп. Мурда тандалуу гана адамдар пикирин билдире алчу. Азыр баары өзүнүн пикирин эркин билдире ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болду. Чыгармачылыкка жол ачылды десек болот. Дагы бир пайдасы элди башкарган чиновниктердин туура эмес жүрүш-туруштарын көзөмөлдөп калдык. Ал эми минус жагына токтолсом - адамдар жеке турмушунун эркиндигинен айрыла баштады.

Май, 2017

Султан Жумагуловдун китеби.
Султан Жумагуловдун китеби.

90-жылдары Бишкектен төмөн Пригородное деген айылда бирөөнүн үйүндө турам квартирада. Жайдын капортосу эле. Бир күнү шаарга карай бет алсам, жолдун жээгинде килейген фляга, жанында дермантини ыдырай баштаган кара сумка турат. Арыраакта болсо папиросун түтөтүп апам отурат! Э кокуй. Илгери жаш кезинде мурду тынбай канап, догдурдан ылаажы болбогондо кайсы бир бүбү кемпир папирос чектирип атып токтоткон. Ошондон апам азыркыга чейин түтөтөт. Байкуш апам баласына бир фляга кымыз, эки жилик эт алып келатыптыр.

Анысы го мейли. Кээде ашыкча сеп этип алганда өзүм оңой менен таба албаган ийри-муйру көчөнү таап, автобустун аялдамасынан бери карай бирде сумканы он кадам жерге жеткирип, анан фляганы көтөрүп, болжолдоп мен турган үйгө келатыптыр... Апамды келип бир урушам, бир күлөм, бир боорум ооруйт, анча эмне кудайдын азабын тартты десең, ач калганым жок го? “Апанын көөнү - балада, баланын көөнү -талаада” деген ошол тура көрсө.

Мына Апамдын “жоругу”. Меникиндей Апа жок эки дүйнөдө.

Март, 2017

Кыргызымдын да күн сайын намысы бекемделип, “Манастагыдай” өткүр сөзүн айта турган күнү жакындап калды деп ишенем. Кореянын мисалы көргөзгөндөй, кеп калктын же жердин чакандыгында эмес, элдин рухунда, намысында. Бул мунайзаттан миӊ эсе көп күч!

СССР доорунда ар бир республиканын образын, жүзүн аныктаган аталыштар болор эле. Биздин өлкөнү баары текши “Күнөстүү Кыргызстан” деп аташчу. Азыркы тил менен айтканда, Кыргызстандын бренди эле. Тарых сыноосунда ары-бери урунуп отуруп, Кыргызстан ошол жаркын позициясына кайтып келатат. Мисалы, дүйнөдөгү өлкөлөр арасындагы өнүгүү деңгээлин аныктаган Британиянын Legatum Institute изилдөө мекемеси 149 мамлекеттин ичинен Кыргызстанды 77-орунга койду. Азыр Кыргызстан дүйнөдө ар ким барып көрүүгө тийиш болгон 10 өлкөнүн ичинде турат.

Демек, “караӊгылык каптаган кыргыздар” дегенди ойлоп чыгаргандардын өздөрүнүн башында кара ой бар, көзүн караӊгылык баскан болуш керек...

Февраль, 2017

Кыязы, улуу муунга айткан менен пайда чыкпай калды окшойт, ошондуктан азыркы жаштарга кайрылгым келет: Бишкекте өткөргөн “Түкүрбө” акциясы сыяктуу эле “Ысырапка жол жок!”, “Курсакты эмес, балдарды ойлогула!” деген сыяктуу иш-чараларды өткөрсөңөр, уялганыбыздан тартып калаарбыз.

Мен тойго, эт жегенге, элибиздин пейилине каршы эмесмин. Кыргыз баласы болгон соӊ мен да эттен качпайм. Бирок курсактын кулу болгонубузга, карын жарылып, көз тостойгонго чейин жегенге макул эмесмин. Малды эсепсиз кырганга, мээнетибиздин ай-талаага чачылып кетип жатканына ичим күйөт.

Бул жазганым үчүн далайлар мени сөгөт. Сөгө бергиле, мен жаза берем. Эмкиде кытайдын арзан кийитине тапканыӊарды жумшап, бай кытайларды ого бетер байытып жатканыңарды жазам..

Ноябрь, 2016

Жанаша жашоодон башка арга жок. Кубаласаӊ да кетпейт эч ким. Тарыхты сүрүштүргөндөн да пайда жок. Дүйнө картасы миӊдеген жылда далай жолу кубулуп өзгөргөн. Бир эле жерде кыргыздын да, өзбектин да, тажиктин да, башканын да сөөгү жатат. Жер талаштан кан аккандан башка пайда жоктугуна көзү жеткен элдер чек арасын ачып коюп, кирип-чыгып, алыш-бериш менен жашап жатышат.

Айрыкча ушул мамлекетке ат берген кыргыздар сабырдуулуктун өрнөгүн, Манас бабабыздын чыныгы айкөл тукуму экенибизди көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Акылман акелерибиздин бири Салижан Жигитов айтмакчы, башкаларды өгөйлөп, жектеп, боорго теппей, кучагыбызга тартсак, баарыбыз эл болуп батышып кетерибизди бөркүмдөй эле көрөм.

Октябрь, 2016

"Спортту кыргызча сүйлөтө алабызбы?" блогунан:

Эми жогоруда келтирген тантык сүйлөмдөрдү кантип туура айтса болоруна токтоло кетейин.

Дагы бир улак жаратканын көрүп турабыз – улакты дагы бир жолу тайказанга таштаганын көрдүк;

Кереметтүү көрүнүштөр орун алып жатканын көрүп турасыздар – керемет оюндарга ортоктош болуп жатасыздар;

Эң бир кереметтүү улакчы – эң бир шамдагай, карылуу улакчы;

Улакка ээлик кылуу орун алууда – улакты батыраак эңип алууга аракеттенишүүдө;

Улакты карамаганы алды – улакты такымына басты;

Ат чабыш орун алат – күлүктөр чабылат, ат чабыш болот;

Топ дарбазадан орун алды – дарбазага гол (топ) кирди;

Кубаныч тартуулаганга мүмкүнчүлүк алганын байкай алдык – күйөрмандарынын төбөсүн көккө жеткиргенин, черин жазганын көрдүк;

Султан Жумагулов "Азаттыкты" жетектеп турганда кабарчыларды футбол ойногонго чакырып турчу.
Султан Жумагулов "Азаттыкты" жетектеп турганда кабарчыларды футбол ойногонго чакырып турчу.

Бутка кирүү бар – шак буттан алды;

Чалып жыгуу бар – чалып жыкты

Алтын медалды багындырды – алтын медалды жеӊди, олжосуна басты;

Гол жаратты – гол киргизди;

Алтын медалды жеӊе алды – алтын медалды жеӊди;

Оюн кереметтүү деңгээлде жүрүп жатат – оюн курч (айыгышкан) мүнөздө өтүп жатат.

“Манасты” окусак, башка классиктерибиздин көркөм чыгармаларын окусак, аларда спортту кыргызча “сүйлөтүүгө", керек болсо “ырдатууга" кудуреттүү не деген гана сөздөр жок! Шамдагай, чапчаӊ, карылуу, алыбеттүү, кыраандар, эрендер, бали, ап баракелде, жигит болбосоң коё кал, жигиттин пири Шаймерден колдой көр ...

Сентябрь, 2016

Чынында кыргыз атпай башкалардан эмес, Айсулуудан үмүттөнүшкөн. Ушул кызыбыз бир намыска жарап келсе экен деп тилек кылышкан. Орусиядан келип, Кыргызстандын туусу астында чыгып жаткандарга анча үмүт артышкан эмес.

Эмнеге Айсулуу? Анткени, Айсулуу өзүбүздүн кызыбыз, нукура кыргыз өӊдүү кыз. Кыргыз улутунун спорттук символу. Айткандай эле Айсулуу нукура кыргыз экенин бүт дүйнөгө көргөздү. Арамзалыгы жок, алакөөдөн экенин көргөздү. Митаам, арамза болсо 5:0 менен утуп жатканда каршылашын карматпай, качып туруп алмак. Саналуу секунддарда 5:4 менен утуп жатканда да эки колун коё бербей, ышкырыкты күтүп турмак. Жок, адыраӊдаган бойдон барып, өзү чалынып бериш керек да. Таптаза утуп, кыргызды бир кубантайын десе керек. Кыргыз гана ушинтет. Алакөөдөн кыргызым ай.

Айсулуу эмне болгонун өзү да түшүнбөй, дендароо болуп отуруп калганда ичи ачышпаган кыргыз калбады. Ээрдин кырча тиштебеген, жерди бир муштабаган кыргыз калбады. Жөн-жай адамдар эле эмес, аттуу-баштуулар да боздоп алышканын айтып жүрүшөт.

Айсулуу 25 жашка толуп жаткан Кыргызстанына НАМЫС алып келет, ушундай балбан кыздары бар, аз, бирок саз эл бар экенин дүйнөгө даӊаза кылат деп күттүк. Аттиӊ, болбостур!

Август, 2016

Мына ушунун баарын карап отуруп, кыргызда мансап деген дарт өтүшүп кеткендиктен, андан арылганча дагы далай суу агат турбайбы деген көңүл чөгөрткөн (балким, көтөргөн) ой келет. Албетте, бир даары эл-жериме пайда-батамды тийгизейин деген ак ой менен акчасын да чачып, чачын да агартып отуруп, депутат болгону чын. Жоон тобу “эки иштен бир иш” деп, өзүнүн да, жакындарынын да проблемаларын чечкенди унуткан жок.

Эми өктөбүр келген кезде биз кандай өкүлдөрдү шайлайбыз? Ар бир кыргыздын көзүн кызарткан Ак үйгө кимдер келет? Телекамера тике бурулганда боюн түзөп, бүт журттун жүгүн жалгыз көтөрүп жаткандай сүр көргөзүп, өкүматын баш кылып, акимдерин төш кылып, баарын бир сыйра каарып алчу “эр көкүрөктөр” келер бекен? Же кудайдын буйругу, пулунун күчү менен жеткен дөөлөтүнө беш жыл бою магдырап өтчүлөрбү?

Мен бул баянды депутаттык жаман деген ойду айтайын деп жазган жокмун. Депутаттык мандатка татыгандар да, татыбагандар да бар. Бул – улуу мамлекеттик жүк, аны көтөргөн болот, көтөрө албаган болот. Тек гана депутат болууну өмүрдөн да кымбат максат кылып алганыбыз таң калтырат. Кээ бир замандаштарыбыздын кантип депутат болом деп түн уйкудан калганы, жакшы ишинен кечип кеткени, жүрөк оору болгону таң калтырат. Мурда го арам байлыгын калкалоо же депутаттык даражасынан пайдаланып, дүнүйө топтоо үчүн барышчу эле. Азыр анте албайсың, анда эмне шам? 120 адамдан башканын баары өз ишин жасап, өлбөй-тирилбей эле жашап, кээде куураса, кээде жыргап-куунап эле жашап жүрбөйбү? Кудай узак өмүр берсе арманым жок деп жашап жатышпайбы...

Сентябрь, 2015

Кыргыздар курсак майрамдар марафонуна кадам таштады. Так айтсак, марафон күн өтө күүсүнө кирип, күкүктөгөн локомотивди жана анын артынан чынжырдай чубалган вагондор курамын элестетет. Бул марафондон өлкөбүздөгү бир да киши, бир да мекеме четте калбайт. Адамдар кошумчасын эки бүктөм кагазга ороп, ресторан-кафелерде – тойканаларда топурашат. Ресторандар күн-түн түшкөн накта кирешесин саноо менен убара. Баса, тойкана ээлерине азыр таасири күч тааныш салып же пара берип гана ишемби же жекшемби күнгө койдура аласыз. Быйылкы өзгөчөлүк: бул маалда банктардын иши да жанданды - ашка жана тойго кредит бере башташыптыр. Кардарга иштейбиз деген ушул да.

Былтыр бул марафон жаңы жылдын ары жак-бери жагына барып сапары карыган. Быйылкы жүрүшүнө караганда ала жазга жетчүдөй, анткени чакырык кагаз көп. Бирок кызыгы: минтип тойго акча сапырылып жатса, мамлекеттин казынасы бөксө. Тим эле элдин баары бюджеттен уурдап кеткендей. Ушуга байланыштуу бир ой кылт этип келе калат: а, балким, салык кызматтары аш-тойго салык салсачы? Тойканага эмес, ар бир кошумчага. Андай болгондо Кумтөрдүн салыгы суу кечпей калмак. Тек гана салыкчылар санын кескин көбөйтүүгө туура келет. Анткени, тойлордун санын алганга, ар биринен салык жыйнаганга азыркы салык кызматынын саны чак келбейт.

Октябрь, 2013

Өтүп бараткан жыл дүйнөдө кыргыздардын эле жылы болду. Жок, акыркы беш жылды - 2005-жылдан беркини деле кыргыздыкы десек жарашат, бул аралыкта кыргыздар эки президентин ары-бери кулата салды да, беш жылда президенттик эки, парламенттик үч шайлоо, бирби же экиби референдум өткөрүп жиберишти. Галстук эле тагынган кыргыз балдары ак жана көк үйдө бир сыйрадан иштегенге да үлгүрүштү.

Бирок баарынан көрүнүктүүсү 84 кыргыздын ажолукка аттанганы болду окшойт, дагы жарым эле күн болгондо 100дү чапчымак экенин шайлоокомдогулар казыр айтып жатышат, каттаганга жетишпей калдык депчи.

Ал эми шайлоо деген кыргыз үчүн эми эмне десек? Бекер оюн-тамаша, кошумча пенсия, кошумча гонорар. Илгери өткөн бир заманда кайсы бир акылман айткан турбайбы: каратаманга эки гана нерсе керек - курсагы ток, көңүлү куунак болсо жетет деп.

Кыргыз жеринде көңүлдүү күндөр башталды. Мал семирип, жайлоодон күтүрөп ойго түшүүдө, бир жагынан жашылча, жер-жемиш төгүлүп, ак төөнүн карды жарылып эле жатып калды. Эми элдин күткөнү - оюн, күлкү, тамаша.

Илгерки коммунисттик генеральный секретарь Брежневдин нан болсо – ыр да болот деп жазганы эске түшөт. Курсагы ток болуп, оюн-күлкү болсо, классиктер жазмакчы, каратаманга дагы эмне керек? Быйылкы күз оюн-тамашага баарыбызды карк кылчудай.

Президент болом деп оолуккандар менен кошо артисттер, акын-жазуучулар, спортчулар, көзү ачыктар, олуялар, ОПГ мүчөлөрү, кудай кылбасын, баары айыл аралап жөнөштү. Баарынан актердук өнөрү барларга ырас эле болуп калды, талапкерлердин тапан ураандарын тасмага салып, кошумча тыйын таап алып жатышат.

Аламан жарышка чыккан азаматтарды угуп отуруп, кулак сүйүнөт, курсак семирет. Бири мамлекет башына непаадам келип калса, ошо замат бала менен аялдын акчасын көтөргөнү турат. А бул талапкерге кантип добуш бербей коё аласың – Ала-Тоо арасына жаңы калаалар салганы жатпайбы?

Сентябрь, 2011

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG