Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:09

Кош, Султанбек!


Султанбек Жумагулов.

Ушинтип, Султанбек, Cени биз, 59 жашыңда, эми эч качан кайтып келбей турган жакка узатып калабыз деп ойлогон эмес элек.

Акыры эртеби же кечпи, топурак сала турган күн да келерин билчүбүз. Бирок качан келерин, кандай келерин, кантип келерин, кимибизге мурда келерин билчү эмеспиз. Болгондо да министрликтин ишине жаңыдан көнүгүп, кыргыз өнөрүнө кызмат кылайын деп турганда, аябай иштегиң келип турганда алып кетип жатпайбы.

Болгону беш гана мүчөл жашадың. Айтып келбеген ажал аны да толук жашаткан жок, 59 жашыңда кете бердиң. Элүү тогуз деген эмне? Болгону 10дон беш жолу анан тогуз жыл жашапсың.

Университетте куйрук улаш окудук. Жердеш элек. Ага-инидей болдук, андан да өтүп, тели-теңтуштай ынак жүрдүк. Жашың кичүү болгон менен жаның курбу эле. Акылдуу, шайыр, адамдык касиетиң бийик, калыс, ак ниет жан элең. Жакшыбыз бар экенибизге карабай, эмнегедир жаманды көбүрөөк издеп калган заманда сенин айкөлдүк касиетиңе таң калчубуз. Дайыма жаңыны издеген, дайыма жакшылыкты издеген, аны тааный билген, таба билген, көрө билген тазалыгыңа, сергектигиңе суктанчубуз.

“Асабада”, “Агымда” чогуу иштедик. Бардык журналисттер окшош, сен гана башка болчусуң. Мен орусча китепти жаңыдан түшүнүп окуй баштаганда сен орус тилинде макала жаза баштагансың. Мен компьютер үйрөнө баштаганда сен англисче сүйлөй баштагансың.

Кыргыздын мыкты жигиттериндеги ийкемдүүлүк, тирукмуштай жөндөмдүүлүк, аракетчилдик сенде мол болчу. Сен бизден айырмаланып мамлекетчил болчусуң. Биз гезитте, көбүнчө ушак-айыңга, кимдир бирөөлөрдүн шыбырап кеткендерине же Ак үй менен Көк үйдөгүлөрдөн ташып же сатып келе калгандарга таянсак, сен жалаң гана карандай фактыларга таянып, жалаң гана чындыкка таянып, акыйкаттыкка таянып жазаар элең. Би-Би-Сиге бара электе эле, “Азаттыкка” келе электе эле сен бизди, карт журналисттерди да, жаш журналисттерди да журналистиканын Эл аралык стандарттарына үндөп келген, үйрөтүп келген “Султан Жумагулов - Ак Торпок” деген мектеп болгонсуң.

Сен өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендиктерин, ийгиликтерин тынбай айтканды жакшы көрчүсүң. Ат-Башынын алыс, жери көп, бирок эли аз айылынан чыкканыңа карабай аябай батышчыл болчусуң.

Сен Кыргыздын кымбат кыздарынын бири Чынара Жакыпованын мектебинен окугансың. Чынаранын мектебинен окуган балдар-кыздардын баары мыкты чыктыңар. Кээде сен Батышты сүйгөндүгүңдөн ал жактын кийимин да туурап кийчүсүң. Биздин ыкшоо, моюну жар бербеген, анча-мынчаны кенебеген тоолук кыргыздарга Батыштын шапкесин кийгизем деп убара чегип, кийбей койсок жаның кашайган күндөрүң да болду.

Бирок эч качан ындының өчүп, үмүтүңдү үзүп, кол шилтеп басып кеткен күңүңдү көрбөдүк. Жеткен оптимист элең. Кыргызстандын өсүп-өнө турганына, кыргыздар сөзсүз жаркын келечекке, жакшылыкка жетерине укмуштай дем менен ишенчүсүң, бизди да ишендирчүсүң. Ошко барып келген сайын териңе батпай, “Сонун балдар-кыздар бар экен, трайбализм оорусунан небак кол жууган, креативдүү, заманбап жаштар менен таанышып келдим, Шаке, буюрса баары жакшы болот” деп кубанаар элең. Кечээги журналисттер, бүгүнкү депутаттар Аида Касымалиева менен Жанар Акаев сенин окуучуларың болчу. Сен бул өңдүү окуучуларың менен сыймыктанчусуң. Сенин окуучуларың көп. Мен да сенин окуучуңмун, Султанбек!

“Шаке, кыргыз деген далайды көргөн эл. Башына кандай калайман күн түшсө да аза күтүп, мүңкүрөй берген эмес. Күйүтүн күбүп салып басып кеткен, кайгысын кайрат-күч менен жеңген. Белди бекем бууп, жашоосун уланткан!” деп айтканды жакшы көрчүсүң. Ат-Башыга барып келген сайын “Шаке, элибиз жакшы жашай баштаптыр” деп кубанып келер элең. Сени менен чогуу жүргөн адам эч нерседен коркпой, коркок болсо да баатыр болуп кетчү.

Көз жумарыңдан эки күн мурда кабинетиңе бизди - Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмоновду, Кыргыз эл артисти, профессор Тенти Мураталиевди, улуу комузчубуз, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова эжени, мени чакырып алып, өзүңдүн эмес, кыргыз өнөрүнүн өмүрү, комуздун өмүрү жөнүндө сүйлөштүң эле. Көрсө ошондо биз менен коштошуп жаткан экенсиң!..

Бүгүн, эми өзүңө аза күтүп, жаныңдай жакшы көргөн атаң Жумагул абама, апаң Сайра апага, бир туугандарыңа, сен ооругандан баштап жаныңда болгон күйөө балаң Алтынбекке, кыздарың Айгерим, Айдай, Касиетке, уулуң Жаншерикке кайрат айтып отуруп, ушуларды айткым келди. Сен фронтто жүрүп курман болгон жоокердей, мамлекеттик кызматта иштеп отуруп өмүрүң менен кош айтыштың.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге сен аябай ыраазы болуп кеттиң. Алар сенин ар бир саатыңды, ар бир күнүңдү узартып калыш үчүн колдон келгендин баарын жасашты. Биз досторуң ушулардын баарына күбөбүз.

Ысмайыл акын агабыз улуу комузчу Атайды жерге берип жатканда::

Комузчу Атай өлгөндө,

Кордугу күчтүү шум ажал,

Кол барбай турду көмгөнгө!, —

деп ырдаган эмес беле.

Суке, Султанбек! Деги эле бул жалган дүйнөдө БҮЧҮСҮ БҮТҮН, БҮТҮНҮ ЭСЕН жан болбойт тура. Биз да сени бүгүн кара жерге, эми мындан ары эч качан жарыгы болбой турган караңгы жерге, эми мындан ары эч качан жылуусу болбой турган муздак жерге, эшик-терезеси жок жабык жерге, кире турган капкагы жок, чыга турган жолу жок туюк жерге кантип берерибизди билбей турабыз.

Кош, Султанбек, бир боорум! Элиңди-жериңди жаңыңдай жакшы көрчү элең. Элиңе ыраазы бол. Биз сага ыраазыбыз. Жакшы кал! Коркпой жат!

Ала-Тоо мекенчил уулунан ажырады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:42 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG